Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Кулчулукка кабылган өспүрүм эне болду


Сексуалдык кулчулукка кабылганы айтылып жаткан кыз Ноокен районунан болот. (Иллюстративдик сүрөт)
Сексуалдык кулчулукка кабылганы айтылып жаткан кыз Ноокен районунан болот. (Иллюстративдик сүрөт)

Ошто сексуалдык кулчулукка кабылып, боюнда болуп калган 15 жашар кыздын туугандары акыйкаттык издеп милицияга кайрылды.

Кызды “сойкулукка мажбурлады” деп шектелген айымды сот үй камагына чыгарып жиберди. Ал арада кыздын ай-күнү жетип, балалуу да болду.

15 жашында төрөгөн өспүрүм учурда Ош облустук ооруканасынын төрөт үйүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, организми толук жетиле элек болгондуктан кызы эки килограммга жетпей төрөлгөн.

Сексуалдык кулчулукка кабылганы айтылып жаткан кыз Жалал-Абаддын Ноокен районунан болот. Быйыл январда апасы менен бир туугандарына таарынып, үйдөн чыгып кеткен. Милиция аны үч айдан кийин тапкан. Апасынын айтымында, кызын иштеткен айым аны “үй жумушуна каралашасың” деп алдап, торго илген:

- Мажбурлаптыр, уюлдук телефонун тартып алыптыр. Кызымды тапкан алгачкы күндөрү боюнда бар экенин байкаган эмесмин. Алты-жети айлык болгондо билип атпаймынбы. Ошондон кийин тактап сурасам баарын айтып берди. Ишенген жокмун. Анан кызым иштеп жүргөн үйгө келдим. Кызымды иштетип жүргөн айым баарын четке кагып, “кызыңыз менин балдарымды баккан” деп жатат.

Элдин ушак-айыңынан корккон эне кызын көз жаргыча деп, кайра эле ошол “мажбурлап иштетти” деген айымга таштап, өзү милицияга кайрылган.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, кылмышка шектелип, 25-ноябрда калаанын 40 жаштагы тургуну колго түшкөн:

- Ал айымга Кылмыш-жаза кодексинин 260-беренеси – сойкулукка тартуу боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал аял 15 жаштагы кызды алдап, коркутуу жолу менен сойкулук кылууга мажбурлап жүргөнү аныкталды.

Сыдыков билдиргендей, Ош шаардык соту кылмышка шектелип кармалган аялды “баласы бар” деген негиз менен 27-ноябрда үй камагына чыгарып жиберген. Бирок шектүү айым өзүнө коюлган күнөөнү четке кагууда:

- Менин дарегиме айтылган сөздүн баары куру жалаа. Ал кыз мага өзү келген. Төрөөрүнө үч күн калганда апасы мага телефон чалып, “айылда баш көтөрө албай калабыз, жардам бер”,- деп суранып, кызын алып келген. Толгоосу катуу болуп, үйдө төрөгөн. “Тез жардам” чакырып, ооруканага алып барганбыз. Булар дарыгерлерден өздөрүнүн аты-жөнүн жашырып жаткан учурда мен туурасын айтып жаздыргам. Апасын чакырып, күбөлүктөрүн алдыргам. Кызды саткан да, иштеткен да эмесмин. Тескерисинче, мен буларга жардам бердим.

Жогорудагы окуя боюнча милиция териштирүү иштерин улантууда. Төрөгөн өспүрүмдүн жакындары анын жана ымыркайдын алдыдагы тагдырын кантип чечери белгисиз.

Ал арада Ошто кыздарды сойкулукка мажбурлагандарга карата тийиштүү жаза колдонулбай жатканына нааразы болгондор арбын. Анткени соңку бир апта ичинде эле милиция тарабынан кыздарды сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган эки аял кармалып, бирок сот аларды үй камагына чыгарып жиберген.

XS
SM
MD
LG