Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Чикагодо кыргызча гезит жарыкка чыгат


Улан Бекташовдун АКШда жашаганына үч жыл болду.
Улан Бекташовдун АКШда жашаганына үч жыл болду.

АКШнын Чикаго шаарында "Менин Кыргызстаным" деп аталган гезиттин биринчи саны жакынкы күндөрү жарык көрөт.

Гезиттин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кошмо Штаттарда жашаган журтташыбыз Улан Бекташов "Азаттыкка" маек куруп, жаңы басылма тууралуу кеңири айтып берди.

"Азаттык": АКШда кыргыз гезитин чыгаруу демилгеси кимден жана кандай муктаждыктан улам чыкты? Себеби, азыр чет жердеги көпчүлүк журтташтар маалыматты интернет аркылуу эле алып жатышпайбы?

Улан Бекташов: Соңку мезгилде Чикагодогу кыргыздардын саны көбөйдү. Демек, маалымат алмашуу муктаждыгы дагы өсүүдө. Маселен, Чикагодогу кыргыз ресторандарына баш багып карасаң, биздин мекендештер кулактандыруу же кандайдыр бир маалымат менен бөлүшкүсү келсе, дубал бетине эле ар ким ар кандай кылып жазып коё беришет. Ушундан улам, ушунун баарын маданияттуу түрдө ирээтке келтиргим келип жүргөн. Туура, интернет аркылуу дагы бири-бирибизден кабар алып турабыз, бирок чай ичип отурганда гезит барактап, көбүрөөк маалымат алсаң пайдалуу болот деген ой менен ушул ишти баштадык.

"Азаттык": Гезиттин мазмуну кандай болот? Аны кимдер чыгарат? Кыргызстанда шайлоо жакындаган сайын саясатчылар гезит ачып, жарыкка чыгаруу көнүмүшкө айланган. Ошондуктан, силерди ким каржылайт деген суроо көпчүлүктү кызыктырса керек?

Улан Бекташов: “Менин Кыргызстаным” деп аталган гезит Чикагодо чыгат. Редакциябызда жалпысынан беш киши иштейт. Гезитти бул жактан Курс Аманбаев аттуу жигит менен бирге негиздедик. Ал экөөбүз АКШдагы редакторлук жана кабарчылык кызматты да аркалайбыз. Ал эми башкы редакторубуз Таттыбү Назаркулова жана кабарчылар – Самат Сулайманов менен Марс Султанбеков Кыргызстанда жашайт. Гезиттин мазмуну журтташтарыбыздын күнүмдүк жашоо-турмушунда керек болгон маанилүү кеп - кеңештерди камтыйт. Эч кандай саясий өңүттөгү макалалар жарыяланбайт. Артыбызда да эч кандай саясий күч жок. Гезитти каржылоо өз чөнтөгүбүздөн болот. Ал эми максаты абдан жөнөкөй, арабыздагы ынтымакты бекемдөө. Ушул айда биринчи саны чыгат, ал ашканаларда бекер таратылат. Бир айда эки жолу 6000 миң тираж менен чыгарабыз деп болжолдоп атабыз.

"Азаттык": Өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз, АКШга барганыңызга канча болду? Ал жактан эмне менен алектенесиз?

Улан Бекташов: Мен өзүм Токтогул районунда төрөлүп, баш калаабыз Бишкекте чонойгонмун. 2012-жылдан бери АКШда жашайм. Учурда Чикаго шаарында такси айдаймын.

"Азаттык": Чикагодогу кыргыздардын саны болжол менен канчага жетип калды? Алардын көпчүлүгү сиздей такси айдоочусу болуп эмгектенерин билебиз, башка дагы кандай кесиптерди өздөштүрүшүүдө?

Улан Бекташов: Бүгүнкү күндө менин болжолум боюнча 2500ге чукулдап калды окшойт. Ооба, негизинен баары эле такси айдашат андан сырткары пицца ташып иштешет, ар салтанаттар үчүн "Лимузин" үлгүсүндөгү унааларды, ошондой эле жүк ташуучу "Фураларды" айдашат. Мындан башка акыркы убакыттарда билимге умтулуп магистратураны окугандар жана ар кыл курстарын бүтүргөн мекендештерибиздин көбөйгөнү көңүл сүйүнтөт. Алар ар кыл кеңседе отуруп иштечү жумуштарга кирип, ийгиликтүү иштеп жатышат.

"Азаттык": АКШга барып, иштесем деп жаткан кыргызстандыктарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Улан Бекташов: АКШга келем деп жаткан журтташтарыбызга эң негизги айта турган кеңешим, англис тилин бир аз өздөштүрүп анан аттанышы керек. Келгенде, албетте, көп кыйынчылыктар болот, ошолорду сабырдуулук менен жеңүү зарыл.

XS
SM
MD
LG