Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:13

Борбор Азия

Фергананы эмне толкутат?

Оштогу калаба дагы бир ирет Фергана өрөөнү региондогу эң бейжай, жаңжал оңой эле тутанып кетиши мүмкүн болгон опурталдуу регион экенин көрсөттү. Эмне үчүн андай?

Текст көлөмү - +
Ош, Анжиян өңдүү шаарлар орун алган Фергана өрөөнү Борбор Азиядагы калк эң жыш отурушкандан жана опурталдуу делген аймак.

10 млн. эл жашаган өрөөндүн аймагын Кашмир же Нил дельтасынын кеңдиги менен салыштырса болот.

Мультиэтникалык аймактагы жашоо

Кылымдар бою Фергана Борбор Азиядагы какшаткан муздак мөңгү дайрасы, жашыл жайыттар, арчалуу тоолор менен бирге эле адыр-талаа, кең чөлдөрдүн жери катары сакталып келди.

"Фергана жолу", автору Гафур Кадиров
Бирок бүгүн өрөөн чоң калаба, зордук-зобун менен тааныла баштады окшойт...

Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз жана өзбек элдеринин ортосунда чыккан уруштун айынан жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калып, башка жактарга качканы - мунун бир мисалы.

2005-жылы өзбек аскер күчтөрү Анжиянда нааразылык митингине чыккан элге ок атып, кызыл кыргында, ар кайсыл булактардын айтымында, бир нече жүздөн миңге чейин киши өлгөн.

1999-жылы Өзбекстан Ислам Кыймылынын куралчан согушкерлери Өзбекстанга чабуул коюш үчүн Кыргызстандын Баткен облусунда айрым айылдарды басып алышкан. Кийин кыргыз армиясы өзбек жана казак аскерлеринин колдоосу менен аларды сүрүп чыгарган эле.

Кесепетке себеп

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагынын айрым бөлүктөрүн камтыган Фергана өрөөнү түрдүү зомбулуктукка толгон аймакка айланышына деги эмне себеп?

Айрымдар буга тээ 1930-жылы Иосиф Сталин аймакта чекти аныктоо боюнча чыгарган буйругун да себеп катары атап жүрүшөт. Ал туштагы карта сызылганда ар бир республикага өрөөндөн өзүнчө жер бөлүнгөн, бирок ал жерде түрдүү этникалык топторго көп жана алар аралашып жашаганы эске алынган эмес.

Жалал-Абад, 19-май, 2010
Анын кесепеттери Советтер Союзу кулаганда сезиле баштады.

Биринчиден, көзкарандысыздыкка ээ болгон үч республикада майда-майда анклавтар же башка улуттардын өкүлдөрү жайгашкан райондор жаралып калганына карабай, улуттук аң-сезим, аны таануу да күч алды.

Экинчиден, колхоздошкон, коллективдешкен агрардык система кыйрап, оордуна жаратылыш байлыктары үчүн атаандаштыкты алып келген абал түзүлүп калды.

Анын кесепети, баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Тынчтыкты жана Согушту чагылдыруу институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Жон Маклеоддун айтымында, оор болду.

“Мисалы, буга чейин дыйканчылык менен же жайлоодо мал багып жашаган көптөгөн кыргыздар шаар жерлерине көчүүгө аргасыз болушту. Өрөөндө мурдатан эле соода менен машыгып келген өзбектер болсо ири шаарлардын экономикалык турмушуна активдүү кийлигише башташты.

“Кыргызстан эгемендик алгандан тарта элеттик кыргыздар шаар жерлерине көчө башташты. Мунун өзү шаарларда иш орундарында да, базар-дүкөндөрдө да, кичи бизнесте да, иши кылып, баардык иштерде атаандаштык күчөгөнүн билдирет”, - деди Маклеод.

Андан ары социалдык-экономикалык абалдын начарлап кетиши өрөөндүн ишке жарамдуу калкынын ичинде Орусияга, Казакстанга кеткендердин санын көбөйттү.

Оштогу соңку коога-чатак да өлкөдө борбордук бийлик өтө алсыз учурунда орун алганы көпчүлүктү ойго салды. Лондондук аналитик Мэттью Клементс 1990-жылкы “Ош окуялары” да Кыргызстандагы борбордук бийлик аябай алсыз болуп турганда тутанганын айтат.

“СССР ыдырашы алдында түзүлгөн түшүнүксүз жагдайда регион өкмөт тарабынан анча көзөмөлгө алынбай калган, - дейт аналитик. - Мунун өзү кийин орун алган окуялардын тутанып кетишине шарт болду. Ошондогудай эле, азыр да Кыргызстандагы убактылуу өкмөт аймакка учурунда көзөмөл жүргүзө албай калды. Бийлик бул коогалаңдын белгилери 10-июнда эле эми гана көрүнө баштаганда, аны басып кое албады”.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жылдызкан каяктан: Бишкек
22.06.2010 19:28
Менин элим менин мекеним Кыргызстан! биз эмне эле болуп атабыз, акылга сыйбаган ыплас нерселерди жасоого кимдин дити барып жасап атат, адам эмес айбандын баласын андай мыкаачылык жол менен олтурууго болбойт. Ушунчалыкта кудайдан коркпогон адамдар бар экенин коруп алып журогум ооруп, кыйналып журом, кичинекей наристелерин коз алдында мыкаачылык менен жоготкон ата-эненин жараты бул дуйнодо эч убакта айыкпайт, алар эмес мен ушунчалык кыйналып атам алардын кайгысын эми айтып тушундуралгыс.

кимден: Sher каяктан: Özgan
22.06.2010 00:42
Короче,Ассаламу Алайкум тем кто считает себя мусульманином,ребята почему все хотят оправдать себя? Говорите правду если над шеей блестит мечь!... Давайте отложим все эти споры! Всем Аллах судья,всевышний видит что к чему,я лично свидетель с какой стороны сколько людей напали на ош,все пострадавшие мусульманы молятся Аллаху,и скоро Аллах накажет тех кто виноват в этих событиях,лично я на каждом намазе молю и прошу Аллаха чтоб он не оставил без наказание виновных! Амин!......

кимден: намыс каяктан: ош
21.06.2010 20:51
Кыргыздарды жамандаган озбек туугандардын арасында мен тааныгандар да бар.Ошко келишкенде жолугуп бул теманы талкуулайм.

кимден: Kylym каяктан: China
21.06.2010 19:03
Урматту мекендештер жана талкуунун катышуучулары мен сиздердин оюнарга кошулам, озгочо Колдук бала, Раша ж.б. Бул окуянын келип чыгышына коптогон маселердин топтолушу турку болду. 1-кезекте корупцияга башына чейин баткан азыркы жана мурунку бийлик тоболдорунун куноосу деп ойлойм, 2-биздин коомдогу копчулук адамдардын олко келечегине кайдыгер карашы, озгочо тарых, тил, урп адат жагынан. М. Бишкекте коомдук транспотто жалан кыргыздар отурса да, айдоочу кыргыз болсо да ага орусча кайрылган кундорду коп эле коробуз, мунун баары койрондукбу, же...? Баардык нерсе жонокой эле майда нерседен башталат. Мен бир ирет Алма-Ата шаарынын китеп дукондорун кыдырып калдым жана ал жактан менин суроолорума бир да сатуучу КЫРГЫЗ ча же ОРУС ча жооб беришкен жок, кайсы тилде жооб беришкенин озунор тушундунор го дейм.... Бул жерде куноонун кобу Кыргыздардын озундо. Биз озубуздон башташыбыз керек!!!!
Ал эми Ош жергесинде чынында эле жашоо оор, мен айрым аймакта жашагандарга тан бергем жана баа бергем. Чынында Ош жергесинде элдер жыргаганынан ички жана сырткы миграцияны куч алдырып жаткан жок. Мен ушул жерден коптон берки оюмду айта кетейин. Чынында Ош жергесинде (туштук жергесинде) ар кандай табыйгый кырсыктар коп болот жана ошондой кырсыктарды алдын алып баалоо боюнча барууга туура келген. Ушул сыяктуу ар кандай чакыруулар менен борбордон коптогон адистер барат жана бир аз убактан кийин кайра эле кетишет (жумуш буткондон кийин). Ал эми жергиликтуу эл оз кайгысы менен кала берет. Адистер ал проблемаларды озу менен ала кетпейт да. Ошондуктан кайсы тармак болбосун жергиликтуу элден кучтуу адистерди даярдого конул болунуш керек, а. э. айрым тармактарды онуктуруу учун атайын мамлекеттик 15-20 жылдык программалар иштелип чыгыш керек. Себеби жергиликтуу эл маселени жеринен чечип, оз алдынча онуктуруп жолго коюп кете алышат. Олконун экономикалык абалдын оор болушу, жумушсуздуктун куч болушу, бай менен кедейдин ортосундандагы ажырымдын чон болушу эртен эле бул окуянын кайталанышына алып келет.
P/S. Ал эми бул жактагы озбек туугандардын ой пикирлерин окуп алып тан калдым, себеби www.fergana.ru, www.cnn.com ж.б. ММК озбектер кыргыздарды такыр эле мыкаачы кылып салышты. Албетте беш кол тен эмес дечи, бирок озбек туугандар дуйного бизди жакшы эле жамандадынар. Мени менен кошо иштеген кытайлар ушул чынбы? - деп сурап кишини уят кылып бутурушту.

кимден: Касым
21.06.2010 11:25
Текебаевге эле асыла бербегилечи! Жаны конституция менен эл таанышсын деп Конституциялык кенешме 1,5 миллион нуска кылып чыгармак болгон, анын көбүнчөсү кыргыз тилинде, бир азы - орус тилинде. Ал эми ошол Кенешмеге мүчө болгон бир-эки өзбек улутундагылар өздөрү демилге көтөрүп, 1,5 миллиондон 10 миңин өзбек тилинде чыгаралы деп чыгышкан. Бул Текебаевдин идеясы эмес, кенешмеде отурганда өзүбүз күбө болбодук беле, теледен көрсөткөн: өзбек тилине расмий статус бергиле деп чыкканда ошол эле Текебаев бул сөздөрдү күчкө салып басып койгон. Бул маселе добушка да кюлган жок, ошону менен бүткөн. Жөн эле асыла бербейличи, болгонун болгондой кылып айтыш керек.

кимден: Боорон
20.06.2010 12:17
Фергана оронундо келечекте тынчтык болсун деп тилесенер,анда озбекстандагы жагдайды кыргызстан да киргизсин.Мисалы:Озбекстанда кыргыз тили колдонулбаса бизде да озбек тили колдонулбаш керек жана мектеп,универсиииет жок болсо бизде да жок болуш керек.Кыргыздарды озбек кылып жазып атса биз да кыргыз деп жазыбыш керек .Ишигылса кызматардан баштап депутатарга чейин озбекстанда кандай болсо биз да аларга жараша кылышыбыз керек! Анан мамлекетик тил тек кана бир кыргыз тили болуш керек! Кыргызстан америкага окшоп дакументерди киргизиш керек 1) Паспорту берерде кыргыз тилинен жана тарыхынан,урп адат салтардан озеки экзамен откозуп берилиш керек.2) Грин кардтка окшогон Кыргыз кок кардты-бул жанакы паспорт албагандар жана алгысы келбегендер же кыргызтанды сыйлабагандар жыл сайын мамлекетке акча толоп жашайт.Кыскасы жаны докуметерди киргизип кыргызстандагы баардык аймактарда,озгочо туштукто жаныдан баардыгын кайтып кыргыз жарандыктан откозуш керек!

кимден: Мен
20.06.2010 11:23
Фергананы толкуткан Фергана ру ,орус смилери жана озбек улутчулдар!!!!!!

кимден: ali каяктан: osh
20.06.2010 03:04
jyrgalbek
salam! Uzbek mektepterde Kirgiz tilinde adabiyt jaratish uchun milliondogon aqcha kerek kirgiz memleketi uzbek mektepterige ech qanday kitepter jaratib berishbegen men ozum uzbek mektepte ookup bilem birele kirgiz tili sabagi kirgizstanda basylp chikkan ketep ele kirgiztan tarihin uyrotush uchun ech kanday kiteb joq bolgon.emi kim vinvat bul ishterde. uzbekterda uzbekistandan kelgen kitepterdi ukuudan bashka varianty jok. Emi televidiniyaga radioga kelsek tushtuktaa da tundukta daa uzbek estradiyasin ugushat emi bul ishte uzbekterdi ech qanday aybi jok. demokratik memlekette ar bir millet ozun kulturasin saktap kalish uchun ukugu bar. bashka civilizovanniy memleketterde ar bir naciya ozun madaniyatin saktaship kalishkan.
baardik kirgiztandiktardy birdikke chaakiram
jan'y kirgizstandi kurugo bardik uluttatar aktiv katyshish kerek sen ozbek sen kirgiz sen tatar sen uygur shuga okshogon idialogialardi jok kilish kerek

кимден: Дилшод (кыргыз озбеги) каяктан: Ош
19.06.2010 22:41
Озбекстанга качып барып далили жок жамандап анан ошто кыргыздарды жамандабай эле тынч жашаган озбектерди кыргыздардын жанында уят кылган озбектерди кайра кайтып келсе сурап коруш керек. болгон нерсени айтыштыбы же катуу коркуп ошентип айтыштыбы.ошо качкандар кайра ошко келип кыргыздар менен жашашты ойлонду бекен.биз озбек болгонубуз менен озбекстанда кыргызстандын озбеги деп болот.биз ошто жашап конуп калганбыз.москвадан мага бир кыргыз досум иш таап берди эле.жол киреге акча таппай атам десем 1000(!!!!) доллар жонотом деп аткан.анан тополон болуп кетти.кыргыз досум туугандары менен телефон менен байланыша албай ыйлап журот.менин кошунам дагы озбек эле аны озбектер билбей атып алышыптыр.коптогон озбектер бул урушка катышкан жок.бирок эми бизге да кыйын болду.атам эшикте турса подьезден бир кичинекей кыргыз кыз чыгып атамды коруп коркуп озун жоготуп кое жаздаптыр.ал кыз ата энесиен укса керек де.эшике чыкпа озбектер олтуруп коет деп.азыр куноосу жок адамдар деле бири бирин жек коруп калды.кыргыз досум байкуш озу ыйлап журсо да мага жардам берем депатат.менин бир озбек классташымын уйу ортонуптур. анын ата энеси жок эле. эптеп базарда тиричилик кыла эле.тынч эле журдук эле. анан бир кун ичинде ушундай болуп кетти.мен россига кыргыз досумун жанына кетип калайын дейм уйдо кичине карындаштарымды таштай албайм.ошто копчулук озбектер жакшы жашаганы менен эч нерсеси жок.суу ичип олтургандары да бар бирок азыраак.тынчтык болсо иштеп акча тапса бболот эле.кыргыз досторум мага биз сени тааныйбыз оштон кетпей эле кой дешти.мен досторума ишенем бирок баары бир базарда кантип иштеймм деп коркуп атам.кыргыз болобу озбек болобу жаш татынакай куноосу жок балдарды неге мындай кылышты.анан озбек тил маселеси жок эле го. менин кыргыз досторумдун баары озбекче кинолорду коу=рушот россияга да кыргыз досум алып кеткен.биз деле кыргызча билебиз.эки эл тен урушпай эле койсунчу.кек сакташпасын.айылда билбейм шаарда иштебесен 2 кундо ач каласын да. тынчтык болсо иштейт элек. биз ач калсак да кичинекей ука карындаштарыбыз балдарыбыз ач калбасында. балдарыбыз учун эми тынчтыкка келеличи.балдардын не куноосу бар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: ош
19.06.2010 21:45
азаттыктын кыргыз кызматынан суранам.азаттыктын орус жана озбек кызматын окуп коругло эч бир далилсиз маалыматтарды берип атышат.жок дегенде биз форумга жазгандарды чыгаргылачы.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)