Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Айымдарга эшик ачкан чет өлкөдөгү окуулар


Студенттер
Студенттер

Аялдар үчүн 2016-жылы чет өлкөдөн билим алууга бир топ программалар ачылды. Алардын башында Жапония, Германия, Франция жана Британиянын мүмкүнчүлүктөрү турат.

Жапониянын жогорку билимдүү аялдар бирикмеси. Анын программасына бардык өлкөдөн жогорку билимдүү аялдар докторлук изилдөө иши үчүн тапшырса болот. Бирикме чыгымды толук каржылайт.

Негизги талаптары: магистрлик, кандидаттык даражасы болууга тийиш же болбосо докторлук диссертациясын жазып жаткан аялдар катыша алат.

Талапкерлер алгач Жапонияда билим ала турган университети менен макулдашып, алардын сынагынан өткөндөн кийин бардык документтерди Жапониянын жогорку билимдүү аялдар бирикмесине жиберет. Ага изилдөө долбоору тиркелип, келечекте кыла турган максаттарынын баары так көрсөтүлүшү зарыл.

Жапониядан алган билимин өз өлкөсүндө кантип пайдаланарын билдирүүсү да өзгөчө мааниге ээ. Аталган программа талапкерлерди тандап алгандан кийин анын билим акысын, жол кире, жашай турган ижарасы, жана башка чыгымдарынын бардыгын төлөп берет. Программага катышкысы келгендерге жаш өлчөмү менен тандап алган илим багытына чек коюлбайт. Кошумча маалыматты www.jauw.org веб-сайтынан таба аласыздар.

Германия

Берлинде жайгашкан Европа менежмент жана технология университети илим, технология, инженерия жана математика багытында эмгектенген аялдар үчүн STEM аттуу программасын жарыялады. Ага илимге кызыккан, лидерлик сапаттары бар бардык жогорку билимдүү аялдар катыша алышат. Жалпы каржылоосу бир катышуучу үчүн 10 миң евро. Бул каражат менен мыкты деп тандалган талапкердин окуусуна, Германияда жашагандагы чыгымдарына жана жол киресине жумшалат. Документтер 31-мартка чейин кабыл алынат. Кошумча маалыматты университеттин www.esmt.org аттуу веб-сайтынан таба аласыздар.

Франция

Парижди көрүүнү эңсебеген кыз-келин аз болсо керек. McKinsey & Company компаниясы экономика, башкаруу жаатындагы лидер аялдар үчүн Парижге акысыз барып билим алып келүү үчүн сынак жарыялады. Ишкерлик жана башкаруу тармагында өз мүмкүнчүлүктөрүн байыткысы келгендер, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү каалагандар 12-14-майда Парижге барып, ар кандай семинар, мастер класстарга катыша алышат. Бардык тармакта магистрлик, бакалаврдык билими барлар, алган билими, иштеген тажрыйбасы тууралуу өмүр баянын англис тилинде онлайн толтуруусу зарыл. Ошондой эле Париж жайкы мектебинен эмнеге билим алгысы келип жатканын билдирген жүйө кат жазууга тийиш. Кошумча маалыматты next-generation-women.mckinsey.com веб-сайтынан англис тилинде таба аласыздар.

Британия

Британиянын Суонси университети "Эйра Девис" атындагы программаны жарыялады. Ага медициналык багытта билим алган, өнүгүп келе жаткан өлкөдөгү аял талапкерлер катыша алат. Катышуучулардын билим алуу, бардык жол кире жана ижара акысы - бардык чыгымдары университет тарабынан төлөнөт. Магистрлик жана докторлук багытта ачылган бул программага англис тилин жогорку деңгээлде билүү башкы шарт. Медицинага адистешкен каалоочулар "Эйра Девис" программасына катышып, толук илимий изилдөөсүн Британиядан жасоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн www.swansea.ac.uk веб сайтынан кошумча маалымат алып, анкеталарды толтуруу зарыл.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө барып, акысыз билим алып келип жаткандардын басымдуусун аялдар түзөт. Аял кишинин чет өлкөдө билим алуусу мекенине жана өзүнө кандай пайда алып келерин 2015-жылы АКШга барып, бир ай тажрыйба алмашууга катышып келген Эркайым Садыковадан сурадык:

- Эң башкысы, дүйнө таанымым кеңейди. Маселен, мен ушул сапардан кийин өзүмдүн кичи мекеним - Кадамжай шаарына кайтып келип, зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн атайын жардам борборун ачтым. Былтыртан бери ушул долбоордун үстүндө иштеп жатам. Кошмо Штаттардагы сапарым учурунда мен көбүнесе дал ушул багытта тажрыйбаларды көргөнгө аракет жасадым. Албетте, абдан таасирлендим. Бирок мекенге кайтып келгенде бул жактагы аткаминерлердин, бийликтин кайдыгерлигин көрүп зээним кейиди. Көз карашым өзгөрдү.

Эркайым Садыкова 2015-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин «Эл аралык визиттер» программасынын алкагында АКШнын алты штатын кыдырып келген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG