Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

Кыргыз аялдары так илимден алыстоодо


Археологиялык табылгалар тууралуу жазып отурган студент кыз
Археологиялык табылгалар тууралуу жазып отурган студент кыз

Соңку жылдары кыргызстандык кыздар арасында гуманитардык багытка ыктап, киреше булагы жогору, абройлуу деп саналган техникалык кесиптерден оолактагандар арбыды.

Муну эске алган “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду табигый-техникалык сабактардын кышкы мектебин ачып, кыз балдарга физика, инженерия, математика, химия сабактары боюнча ар кайсы тармактарда кошумча билим берүүдө. Долбоор кыз баланы техникага, инженерияга кызыктыруу, алардын ушул багыттагы жөндөмүн ачуу максатын көздөйт. Муну фонд 2020-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө инженердик-техникалык адистерге муктаждык өсөрү менен негиздөөдө.

​Билим жаатындагы адистердин айтуусуна караганда, кийинки жылдары так илимдерге умтулган, ушул тармактагы кесип ээси болууну самаган жаштар аз. Өзгөчө соңку жылдары техникалык кесиптерди тандаган кыздардын саны кыскарган. Экс-президент Роза Отунбаева былтыр жаздагы аялдардын алгачкы форумунда кыз-келиндер техникалык билим албай калганын, тоо-кен тармагында, ГЭСтерде жетектөөчү орундарда аялдар жоктугун айтып, орчундуу маселени көтөргөн.

Кыргыз аялдары так илимден алыстоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:45 0:00
Түз линк

Анын айынан кирешеси салыштырмалуу жогору саналган химия инженериясы, тамак-аш, айыл чарба адистери, IТ технологиясы тармагындагы адистер тартыш бойдон кала берүүдө. Мунун себеби мектептердин балдарды өз маалында туура багыттап, жетиштүү билим бере албай жаткандыгында болууда.

Кышкы эс алуу учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Айымдар илимде жана техникада” программасынын алкагында кыздарга физика, инженерия, математика, химия сабактары боюнча кошумча билим берди. Долбоордун негизги максаттары туурасында аталган фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева төмөнкүлөргө токтолду:

- Биринчиден, бүтүрүүчү класстын кыздарына так илимдер боюнча билгичтигин, көндүмдөрүн бекемдөө жана жаңы билим берүү. Бүгүнкү күндө техникалык билимге ээ аялдардын саны өтө аз. Бирок ушул тармакта иштегендердин айлыгы жогору. Аял канчалык билимдүү болсо, анын баласы да өнүгүүгө жакшы салым кошот. Коомдо балансты, туруктуулукту камсыз кылат. Эмнеге "Кумтөрдү" же башка алтын өндүрүү заводдорун аялдар башкара албайт? Тоо-кен иштеринде кыз-келиндер орто даражадагы, бухгалтер жана статист катары иштеп жатышат, бирок чечим чыгаруучу IТ технологияны башкарууда аялдардын саны Кыргызстанда өтө эле аз.

Кыргыз бийлиги Нарын дарыясын бойлой ГЭСтерди курууга киришүүдө. Андай шартта бул багытта адистерге суроо-талап дагы жогорулайт. Бул кыз-келиндерге үй-бүлөсүн, бала-бакырасын таштап алыска кетпей эле Нарында туруп акча табуунун жакшы жолу болчудай. Бирок ошого туура багыт берилип жатабы? Кесип тандоодо маалымат жетиштүүбү, кыздар өздөрү ага даярбы? Мисалы, Нарындагы математика, физика, химия, информатика сабактарын тереңдетип окутууга багытталган кышкы мектепке 10-11-класстарда окуган 100дөн ашык кыз катышуу ниетин билдиргени менен, анын теңи гана сабактарга катышты. Алардын бири - 11-класстын окуучусу Мээрим Жолдошбекова келечекте дарыгер болгусу келет.

- Мен өзүм медициналык билимге ээ болгум келет. Негизи кыздар үчүн мугалимдик, врачтык кесип ыңгайлуу да. Ал эми инженер же башка техникалык кесипти үй-бүлө менен чогуу алып кетүү кичине кыйыныраак. Бирок мага архитектор болсом кандай болот деген ой келди да. Анда деле математика жана башка так илимдерди жакшы окушуң керек экен.

Ал эми Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Ыйманжапар Турдалиев кыздардын техникалык кесипке болгон кызыгуусу, билим деңгээли төмөн экенин байкаган.

- Кыздар негедир мектеп программасындагы эсептерди чыгара албайт экен. Азыр аракет кылып жатышат. Мен техникалык кесип балдар үчүн же кыздар үчүн деп айткым келбейт. Бирок окуу жайдагы химия адистиги боюнча студенттердин арасында кыздар көп эле.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан инженердик багыттагы кесиптин ээси болгон кыз-келиндерге муктаж. Балким кышкы мектепте окуп жаткан окуучулар арасында Нобель сыйлыгын алган алгачкы аял илимпоз, физик, химик Мария Кюри, физиология жана медицина боюнча мобилдик генетикалык элементтерди ачканы үчүн Нобель сыйлыгын алган Барбара Мак-Клинток, ушул атактуу сыйлыктын өткөн жылдагы лауреаты, безгекти дарылоонун жолун тапкан кытайлык Юю Ту айымдай, математик, механик Софья Ковалевскаядай, ДНК түзүлүшүн изилдеген, биофизик жана илимпоз рентгенограф Розалинд Франклиндей кыз-келиндер чыгып калар. Энесинин тарбиясы менен таасиринен болуу керек, Нобелдин эки жолку лауреаты Мария Кюринин кызы Ирен Кюри дагы химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Расмий маалыматтарга караганда, жылына алты миңге чукул кыргызстандык аялга эмчек рагы диагнозу коюлат, ал эми 500дөн ашуун аялда жатын моюнчасынын залалдуу шишиги аныкталат. Тилекке каршы, алардын 60% жетиштүү дарылана албай каза болуп калууда. Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркап, андан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан алдыда. ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө.​

Медицина илимдеринин доктору Гүлмира Баитова
Медицина илимдеринин доктору Гүлмира Баитова

Кыргызстанда техника илимдеринин, физика, химия, медицина илимдеринин докторлорунун арасында аялдар саналуу гана. Эмнеге Кыргызстанда аялдар илимий изилдөөгө же ачылыш жасоого батынбайт деген суроону медицина илимдеринин доктору Гүлмира Баитовага узаттык. Гүлмира айым жүрөктүн инфаркт оорусу боюнча докторлугун жактаган. Анда тоолуу шартта дарылоонун жолдору изилденген.

- Илим изилдөө деген сөзсүз эле ачылыш жасап, кайсы бир жаңы дарыны ойлоп табуу эмес. Көп ачылыштарды жасоого Кыргызстанда шарт жок. Өнүккөн өлкөлөрдө атайын мекеме, лабораториялар иштейт. Биз, мисалы, доктордук диссертацияда инфаркт боюнча, оорунун алдын алуу үчүн чоң иш жасаганбыз. Кыргызстанда "илим менен алектенсе үй-бүлө калып кетет" деген көз караш калыптанып калган. Азыр биз жаштарга илим менен да алектенип, иштеп, үй-бүлөлүү боло ала турганын жакшылап түшүндүрүшүбүз керек. Илимдүү-билимдүү эненин үй-бүлөсүндө да өсүш болот. Анткени көптү билген эне балдарын да башкача тарбиялайт. Азыр менин жаш аспиранттарым улгайгандардын саламаттыгы, өзгөчөлүгү боюнча алектенип жатат. Беш аспирантымдын бешөө кыз. Алар кызыгуу менен иштейт, бирок азыр жаштарга стимул керек. Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктөр чоң, анын артынан дүйнөлүк аренага чыкса болот.

Аялдар техникага неге кызыкпайт?

Кыргыз кыз-келиндери эмнеге техникага, техникалык илимдерге жакын болуусу керек? Догдургүл Кендирбаеванын жүйөсү төмөндөгүдөй:

- Бүгүнкү күндө үйдөгү кир жууган машине, тамак жылыткан машине автоматташып кетти. Бул да технология. Бирок көп аялдар аны башкарууну билбейт. Европа, Жапониядан чыккан медициналык аппараттар келип атат, бирок башкара турган адам жок. Ал тармакта көбүнчө аялдар иштейт. Мамлекет мектептерге колдон келишинче интерактивдүү доскаларды, окутуунун алдыңкы техникалык каражаттарын берип атат. Бирок аны да башкара турган аялдар аз болууда. Алардын көбү иштетилбей турат деген дооматтар айтылууда. Азыр иштеп жаткан аялдар IT маалыматтык компетенттүүлүктү билсе, өзүн абдан ишенимдүү сезет. Жумуш жок деп жатабыз, эгер маалыматтык технологияны башкарсаң, үйдө отуруп иштесең да болот.

Ал эми Ошто ушундай эле кышкы мектептерде аймактын туш-тарабынан келген аялдар компьютерде иштөө, интернетти колдонуу жолдорун үйрөнүштү.

Кыргызстандык аялдар жалаң эле гуманитардык багытта кетип, илим-технологияны унутуп койду, деген да туура эмес. Улуттук илимдер академиясынын мурдагы президенти, академик, академиянын химия институтунун жетекчиси Шарипа Жоробекова, техника илимдеринин кандитаты Дилара Иманалиева, бир катар медицина илимдеринин кандидаты болгон кыз-келиндер буга далил боло алат. Мисалы, Дилара Иманалиева нано технологиялар тармагында нано бөлүкчөлөрдү изилдөө менен кадимки цементтин өзгөчө түрүн табууга жетишкен. Германияда Saarland университетинин окутуучусу, илим доктору Айсада Үчүгөнова инфаркт, диабет, боор циррозу, рак илдеттери өңдөнгөн ооруларды дарылоого үмүт берген, дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөө жүргүзүп келет.

Тарыхта аял кишилер ойлоп тапкан нерселер көбүнесе жөнөкөй жана ыңгайлуулугу менен айырмаланган. Мисалы, Табита Бэббитт 1810-жылы циркулярдуу арааны ойлоп тапкан. Учурда ал өнөр жай мекемелеринде колдонулуп келет. Жозефина Кокрейн идиш-аякты сындырбай жууй турган машинанын автору десек болот. Кадимки автомашинанын айнегин аарчый турган деталды, бир жолу колдончу жалаяк, кофе үчүн чыпка, кызгылтым шампандын технологиясы аял кишинин колунан жаралган. Ал эми актриса Хэди Ламарр 1941-жылы жашыруун байланыштын каражатын ойлоп таап, патенттеп алган. 1962-жылы ал америкалык торпедаларда пайдаланса, азыр бул технология мобилдик байланыш жана Wi-Fi үчүн колдонулуп келет. Мындан сырткары кагаздагы катаны оңдоо үчүн боёгуч, азыркы балдардын кызыккан оюну “Монополияны”, ок өткөрбөөчү кийим аялзатынын колунан жаралган.

XS
SM
MD
LG