Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акциядан тартылган сүрөт. 22-ноябрь, 2013-жыл

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акциядан тартылган сүрөт. 22-ноябрь, 2013-жыл

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүн утурлай “Сезим” кризистик борбору журналисттерге пресс-тур өткөрдү. Жакындарынан, өзгөчө күйөөсүнөн зомбулук көрүп, барар жери, ишенер кишиси жок кыз-келиндер дал ушул жайдан утурумдук баш калка табышат. Ушул күндөрү да 10 аял балдары менен “Сезимде” жашап жатат. Жардам сурап кайрылгандардын саны жылына 2 миңден ашат.

Аңгектен качсаң дөңгөккө...

“Сезим” кризистик борборунда баш калкалап жүргөндөрдүн арасынан тамак жасап жаткан кош бойлуу келин көзүмө жылуу учурады. Сабизди катуу-катуу тарсылдата туурап, жинин ошондон чыгаргансыйт. Мээрим аттуу бул келинди мындан беш жыл мурда дал ушул жерден жолуктурган элем. Ошондо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, көзү көгөргөн келиндин тагдырын жазганбыз. Өзүнүн айтымында, аңгектен качсаң дөңгөккө болуп, экинчи күйөөсү да кызыл камчы чыккан.

Иллюстрация

Иллюстрация

- 2009-жылы “Сезимден” кеткенден кийин күйөөм экөөбүз шаарда батирде жашап жатканбыз. Кайненем, кайнагам келип "күйөөң бул жакта иштеп турсун, сен айылга бар" деп балам экөөбүздү алып кетишти. Айылга баргандан кийин “болду силер ажыраштыңар, күйөөң да кагазга кол коюп берди. Өз жолуң менен кет” дешти. Ошол бойдон күйөөмдү көргөн жокмун. Ажырашкандан кийин туугандар "ушинтип бой жүрө бересиңби, турмушка чык" деп айта беришти. Төрт жылдан кийин бирөөлөр тааныштырып турмушка чыктым. Жыл айланбай минтип “Сезимге” келип отурам. Дарыгерлер ушул айдын жыйырмасында төрөйсүң дешкен. Эми эмне кылам деп ойлонуп отурам. Күйөөм акча тапса эле ичет, анан кол көтөрөт. Бир күнү үйдө жатсам эки күн атканада түнөгөн күндөрүм болду. "Кетпе, экинчи ичпейм" дейт. Ал буга чейин минтип далай жолу айткан. Мурда чыдап жүрө берчүмүн. Кош бойлуу болуп, ичим чоңойо баштаганда чыдабай калдым. Алым да жетпей калды коргонууга. Телефон менен сүйлөшсөм да урушат, көчөдө бирөө өтүп баратып күлүп койсо да, карап койсо да уруш чыгарат сен соо эмессиң деп. Акыркы жолу урушканда желкеме көсөө менен чапкан азыр бир аз ооруп атат, көгөрүп да калган экен.

Ажыга барса да адаты калбады

Ал эми Сабина деген келиндин тагдыры мындан да татаал. Сегиз баланы төрөп өстүргөн баатыр эне. Күйөөсү экинчи аял алгандан кийин бармактайынан баш кошкон жубайына мамилеси өзгөрүп, кол көтөрүп, акырында үйүнөн чыгарып салган экен. Бир нече жолу ажыга барып, кудай жолунда жүргөн адам болгон менен балдарынын энесин ара жолго таштап койгон.

- Анча-мынча кол көтөрсө балдардын атасы деп чыдайсың да. Сегиз балаң турса көзүн жалдыратып. Мурда милицияда иштеген, майор чинин алган. Экинчи аял алгандан кийин эле өзгөрдү, жаман адаттары күчөдү. Бир жолу урушуп атып үч талак берип алды. Анан кол көтөргөндө барып мыйзамдуу түрдө ажырашып алгам. Ошондон баштап үйгө киргизбейт. "Балдарымды өзүм багам" деп жолотпой жатат. Алар менен мектепке, бала бакчага барып көрүшөм. Дагы бир жолу урганынан милицияга арыз жаздым. Кийин тергөөчүлөр чакырганынан билбей эле өзүм жалгыз барып алыпмын. Тергөөчү чыгып кеткенден кийин эле мени былчылдатып сабап таштады. Алдын ала сүйлөшүп алышкан окшойт деп ойлоп калдым. Ошондон кийин милицияга да ишенбей калдым. Күйөөм экөөбүз тең намаз окуйбуз, ал ажыга барып келген. Диндегилер ушундай ишти кылып жатпайбызбы, кылбайлы деген сайын...

Кыргызстанда аялдар менен иштеген, кыйын абалга кабылгандарга маалында көмөк көрсөткөн, кеп-кеңешин сунуштаган “Сезим” кризистик борбору дээрлик 20 жылдан бери иштеп келатат. Жыл сайын аталган мекемеге кайрылган кыз-келиндердин саны 2 миңден ашат. Алардын 65 пайызга жакыны үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын белгилешинче, зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган аялдардын саны өсүүдө. Ал бул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүү зарылдыгын белгилеп жатат.

- Бул маселенин тамыры ар кандай. Зордук-зомбулукка ичкич, баңги, кумарпоз же мигранттын жубайлары болуп жатат. Мунун алдын алуу керек. Мамлекетте болуп жаткан нерсенин баары ар бир адамдын жүрөгү, ар бир үй-бүлө аркылуу өтөт. Ошондуктан кризистик учурда кеп-кеңеш берчү мамлекеттик борборлор болушу керек.

Баш калка сурап, кеп-кеңеш алуу үчүн Мээрим сыяктуу бир эмес, бир нече жолу борборго кайрылгандар жок эмес. Ал эми жалпы кайрылгандардын эки-үч пайыздайын эркектер түзөт.

Улуттук менталитеттен улам күйөөсүнөн таяк жеген кыз-келиндердин көбү тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Арызданса да тууган-уруктары, ошол эле тартип коргоо органынын кызматкерлери аралашып иш аягына чейин чыкпайт.

Зомбулукту кантип токтотобуз?

Эл аралык Human Rights Watch уюму ноябрь айында Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун абалы, аялдардын укуктары боюнча атайын баяндамасын жарыялаган. “Өлтүрүүгө аракет кылганда чал” деген аталыштагы баяндамада сурамжылоого катышкан кыргызстандык аялдардын басымдуу бөлүгү зомбулукка кабыларын, күйөөсүнөн коркуп тартип коргоо органдарына же дарыгерлерге кайрылбасын айтышкан. Көптөрү саламаттыгына келген залалдан, психологиялык зомбулуктан улам ооруканага жатып чыкканын айтышкан.

Үй-бүлө зомбулугуна каршы атайын долбоордун сүрөтү

Үй-бүлө зомбулугуна каршы атайын долбоордун сүрөтү

​Баяндамада Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотуу, кыздарды ала качууга каршы чаралар көрүлгөнү менен абал өзгөрбөгөнү, мындай көрүнүштөр уланып жатканы белгиленген. Ошондой эле бийликти бул маселеге көңүл бурууга чакырган.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери 2179 аял, 67 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учураган. Кордук көргөн эки миңден ашуун аялдын жарымынан көбү иштебейт жана 90у пенсия курагында. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9% психикалык кысымга алынат. Айрымдары зордукталган. Бул жаатта акыркы сегиз ай ичинде 166 кылмыш иши козголгон.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин белгилешинче, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында иштеген 550 борбор бар. Бирок алардан деле жакшы майнап чыкпай жаткандай. Коомдук илдеттин себептери үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына жана ички, тышкы миграцияга байланышкан.

Кризистик борборлор ассоциациясынын мындан эки жыл мурдагы иликтөөсү боюнча, өлкөдө аялдардын 75 пайызы зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылат. Укук коргоочулардын белгилешинче, зомбулук көргөн аял да, эркек да чыдамы түгөнгөндө кризистик борборго же милицияга келишет. Бул учур бир гана эркек менен аялга эмес, оболу балдарга чоң сокку экенин психологдор белгилеп жүрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG