Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Жалал-Абад: үйү тинтилген келиндер милицияга нааразы


Колуна Куран китебин кармап, дуба кылып жаткан аял. Дүйшөмбү.17-сентябрь, 2010-жыл.
Колуна Куран китебин кармап, дуба кылып жаткан аял. Дүйшөмбү.17-сентябрь, 2010-жыл.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы үйү тинтүүгө алынган динчил аялдардын биринин күйөөсү милициянын үстүнөн даттанып, прокуратурага арыз берди.

Өткөн аптада жергиликтүү милиция тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун аялдар канатынын мүчөсү деп шектелген жети аялдын үйүн соттун чечиминин негизинде тинтип, экстремисттик адабияттарды тапканын маалымдаган.

Нуржамал Айткулова Ноокен районундагы Достук айылынын жашоочусу, эки баланын энеси. Аны милиция атайын операциянын алкагында “Хизб ут - Тахрир” уюмуна мүчө деген шек менен кармап, түшүнүк кат алып, кайра бошоткон. Айткулова өзү болсо милиция шектенгидей күнөөм жок деп ишендирет:

- Үч жылдан бери намаз окуп, балдарымды да Курандын негизинде тарбиялап келем. Өлкөдө динге эркиндик бар, ал эми милиция, тескерисинче жоолукчандарды маскаралоо сыяктуу иштерди жасап, аларга каршылык көрсөтүп жатат. Мен бир гана Куранга ишенип, анын негизинде жашайм. Үйдү тинтүү учурунда флешканы атайын уюштуруп эле таштап коюшту. Анан бизди милиция бөлүмүнө алып барып, үч-төрт саат кармап, мажбурлап түшүнүк кат жаздырып, анан кое беришти. Мен эч кандай уюмдарга мүчө да эмесмин жана билбейм дагы.

Нуржамалдын күйөөсү Чыңгыз Жоробаев да милицияга нааразы. Ал курулай жаманатты кылып жатат деп прокуратурага кайрылганын “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Органдар адам укугун коргобой эле, тепселеп жатышат. Намаз окуса, оронсо неге кысымга кабылыш керек? Анда денесин ачып жылаңач жүрсүнбү? “Диний уюмга мүчө болсоң акча берет экен” дейт, эгер мен акча алсам ушул кепедей үйүмдү чоң кылып салып коймокмун. Келинчегим үйдө эле олтурат. Мына айылдагылардан сурап көргүлө, биз бирөөнү үгүттөп, же башка нерселерди айтып жатыптырбызбы? Мен бул боюнча райондук жана шаардык прокуратурага кайрылдым. Эгерде арызымды канаттандырып карабаса, президентке чейин кайрылам.

Өткөн жумада милиция кызматкерлери “Хизб ут-Тахрир” уюмундагы аялдар канатынын мүчөлөр деп шектелген жети аялдын үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Алардын үчөө Ноокен районундагы Достук айылынан, төртөө Шамалды-Сай шаарчасынан тургундары болгон. Экстремисттик уюмга мүчө деп шектелген кожойкелердин ар биринин экиден-үчтөн балдары бар. Бардыгынын үй-бүлө мүчөлөрү - шарият жолу менен жашагандар. Алардын бири, тинтүүгө алынган Бегимайдын кайын эжеси Нургүл Мисиркулова тинтүүлөргө каршылыгын минтип билдирди:

- Иним өзү 12 жашынан тартып эле намазга жыгылган. Келинчеги жаңы келгенден тартып намазды үйрөнүп, анан жоолук салынып жүрө турган болгон. Азыр колунда эки баласы бар. Башка жакка барып балдарга сабак өтүп келет экен деп шек санап жатышат. Үйдөн эч жакка барбаса, карыган энесин карап отурса кайдагы сабак. Тинтүү учурунда атамдын ажыдан даярдап келген дисктерин кошо алып кетишиптир. Биз үй-бүлөбүз менен мурунтан тартып эле намазга жыгылып келебиз жана эч кандай уюмга мүчө эмеспиз.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10 - бөлүмүнүн башчысы Мамыр Мергентаев тинтүү соттун чечиминин негизинде жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, эки ай бою оперативдүү иштердин тыянагы тинтүү операциясынын зарылдыгын көрсөткөн:

- Ноокен райондук сотунан уруксат алып, жети үйгө тинтүү жүргүзгөнбүз. Алардан далил заттар алынып, азыр экспертизага жөнөтүлдү. Бул адамдар “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө катары каттоого алынган. Эгерде келиндерден алынган материалдар аныкталса, КЖКнин 299-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, кылмыш иши козголуп, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өз байкоолоруна таянган эксперттер өз диний идеяларын үй-бүлөнүн аял мүчөлөрү аркылуу таратуу ыкмасын радикалдык жана экстремисттик уюмдарда акыркы кездери кеңири колдоно баштагандыгын айтып жүрүшөт. Шамалды-Сай шаарындагы мечиттин имамы Мирлан Төрөканов аялдар тигил же бул диний уюмга күйөөсү менен чогуу гана кире алышы мүмкүн деп, экстремист аялдардын өзүнчө уюму тууралуу божомолду төгүндөдү:

- Биздин региондо андай жок деп ойлойм жана уга элекмин. Мечит имамынын иши эми динди жашоочуларга туура жеткирүү жана так маалымат берүү болуп саналат. Эгерде келиндер диндеги кайсы бир уюмга же топко мүчө болуусу үчүн биринчи кезекте жолдошу да ага мүчө болушу керек. Аялдар жолдошу аркылуу гана аларга мүчө катары каттала алышат. Алардын өз алдынча кириши мүмкүн эмес.

Имамдын көз карашын жергиликтүүлөр толук бөлүшө албастыгын “Азаттыктын” сурамжылоолору тастыктагандай болду. Жергиликтүүлөрдүн баамында, соңку учурларда ар-түрдүү баракчаларды тараткандар, үйдө отуруп эле илим алгандар байкала баштады. Жергиликтүү тургундардын бири:

- Бизде андай адамдар бар. Мурдараак баракчаларды таштап кетишиптир, мен албай койдум. Көрсөтүп бере албасам дагы, бар деп айта алам.

Атын атагысы келбеген дагы бир жергиликтүү жашоочу буларга токтолду:

- Жок деп айта албайм, бар. Өзүм ооруканада иштейм. Жайда эле бизде бир окуя болду. Балдарын эмдөөдөн баш тартып, директорубуз аркылуу араңдан зорго көндүргөнбүз. Айтсаң эле өзүбүз уколсуз эле чонойтобуз деп коюшат. Анан аларды ошондой деп ойлонсуң да.

“Хизб ут-Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган жана жашыруун активдүү иш жүргүзгөн диний-экстремисттик уюмдардын бири. Расмий маалыматтарга караганда, “Хизб ут-Тахрир” активдешкен аймак саналган Ноокен районунда анын 57 мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG