Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

1916: Улуу Үркүндүн тарыхый барактарына кылчаюу


Бедел ашуусу.
Бедел ашуусу.

Кыргызстандык тарыхчылар 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн тарыхынын ар кыл өңүттөрүн иликтеген эмгектерин жарыялоосун улантууда. Тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Гүлзада Абдалиева улуу көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн тарыхый барактарына кылчаят.

1914-жылдагы Биринчи дүйнөлүк согуш башталгандан тартып, орус падышачылык өкмөтүнүн согуштук алык-салыктарынын көбөйүшүнөн жана орус дыйкандарынын отурукташуу саясатынан запкы жеген кыргыздар, 1914-1915-жылдары эле, Кытайдын аймактарына барып олтурукташа баштаган. Бирок, бул жылдары кыргыздар массалык түрдө эмес, бир уруу же бир нече үй-бүлө болуп көчүп келишкен [Асанакун Мукан, Мухтар Өмүрбек]. Ал эми 1916-жылдагы көтөрүлүштө кыргыздар Кытайдын Какшаал, Үчтурпан, Аксуу, Бай, Куча, Текес, Кулжа шаарларына жана аймактарына чейин кирип кетишкен.

Кытайга кыргыздар негизинен үч жол менен багыт алышкан. Биринчиси: Нарындын Ат-Башы аймагынын Ак-Сай өрөөнү аркылуу Торугарт жана Келтебек ашуусу; экинчиси: Прежевальскиден түштүккө, Бедел ашуулары; үчүнчүсү: Каркыра аркылуу Кулжа жана Текес тарапка барышкан.

Кыргыздардын Кытайга качуусунун багыттары тууралуу архивдик маалыматтардан Орусия мамлекетинин Генералдык консулдун докладдык билдирүү катында мындай баяндалган: сентябрдын биринчи күндөрүндө Кытайдын чегинде чакан топтордон турган кыргыздар пайда боло башташты. Малдын көптүгү жолду арбытууга мүмкүндүк бербегендиктен улам, кыргыздардын негизги массасы сентябрдын 20ларында гана кытай чек арасынан өтө баштады. Бул убакта Жети-Сууга жетиштүү сандагы куралдуу-күчтөр чогулду, аларды (кыргыздарды) чечкиндүү куугунтуктап, козголоңчуларды Кытайга кубалашты.

Кыргыздарга кытай чегине эки багытта качууга туура келди: 1) Нарын чыңдоосунун жанынан Ак-Сай өрөөнү аркылуу Какшаал суусунун төрүндөгү Торугарт жана Келтебек ашуусу жана 2) Пржевальск (Каракол) шаарынан түштүк тарапта Бедел жана Кайчы ашуусу аркылуу өтүшүп, Үч-Турпан жана Ак-Суу аймагына барышты.

Биринчи багыт топтолгон элдин Кытайга өтүшүнө кыйын болду.

Нарын чыңдоосунун гарнизону менен жакын болушу Торугартка бет алган убакта козголоңчулар үчүн туруктуу коркунучтуу болуп эсептелген, анын үстүнө мында чек арадагы тоолор аябагандай катаал, жагымсыз жана жайыттардын жоктугунан улам кыргыздарды кызыктырган эмес. Ошондуктан, көтөрүлүш башталганга чейин Нарындын түштүгүндө көчүп жүрүшкөн кыргыздар гана Торугарт аркылуу Чакмакка бет алышкан болучу, бул жерге 2 волосттон (болуштуктан) ашык кыргыздар келишкен, бул Нарын участкасынын кыргыздарынын арасында толкундоолор анчалык болбогондугу менен да түшүндүрүлөт.

Ал эми, кыргыздардын бир аз гана бөлүгү бет алган биринчи багыттан айырмаланып, козголоңчулардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү башчылары менен Бедел аркылуу Кытайдагы Үчтурпан менен Аксууга бет алышкан. Бээжиндеги орусиялык императордук миссиянын 1916-жылдын 1-декабрдагы №3300 билдирүүсүндө жакшы жайыттары бар бул аймактын орус чек арасына жакындыгы, ушул тарапта чек аралар жана ашуулар кайтарылбагандыгы кыргыздардын тобу менен тоскоолдуксуз өтүүсүнө мүмкүндүк берген, деп билдирилет.

Ошентип, Бишкек жана Пржевальск уезддеринин 32 волостунан келген кыргыздар Үчтурпан менен Аксуу чөлкөмүнө, Жаркент уездинин 7 волостунан келген кыргыз менен казактар Кулжадагы Текес аймагына жайгашышкан.

Үчтурпанда жана Аксууда биринчи зарылдыктагы буюмдардын кымбаттыгы кыргыз массасына ачкадан өлүү коркунучу пайда болду. Алардын арасында тоё тамак жебегендиктен улам келте, жана башка оорулар пайда боло баштады.

«Ашыкча жандарынан жана жолдогу убарадан кутулуу үчүн — кыргыздар жолго жана турган жерлерине майда балдарын ташташып, 12 жаштан улуу кыздарын жана балдарын 30—40 сомдон (сомдун наркы 12 теңгенин ордуна 3 теңге болгон убакта) жергиликтүү сарттарга сатып жатышат» – деп Орусиянын Кашкардагы консулу билдирген [КРИА. Кол. жаз, фонду.инв.136.41].

Үрккөн элдин жолдо жана чет жерде көргөн азап-тозогун толук сүрөттөө мүмкүн эмес. Бир жагынан азык–түлүгү кенен, курал–жарагы шай жазалоочулар такымдай кууп, жеткендерин кырып жатса, экинчи жагынан аскасы асман тиреген ашуулар жүрөк үшүн алып, качкындарга бир кыйла бөгөт болгон, үчүнчүдөн аларды ачкачылык алсыраткан. Өзгөчө бир аз жүгүн жонуна арткан жөө жалаңдарга, ач-жылаңачтарга, жаш балдарга, кары-картаңдарга, балалуу энелерге оор болгон.

Ат, төөчөн, мал мүлкү менен кошо көчкөн бай-манаптар көч алдында кетишип, Үркүндүн алгачкы кездеринде анчалык запкы тартышкан эмес. Бирок, бара-бара тоюттун жоктугу, татаал ашуулар алардын малынын көп санда кырылышына алып келген.

Бул туурасында жазалоочу топтордун бир жетекчиси 1916-жылдын 22-декабрдагы рапортунда: “Качкындардын малы күнүнө миңдеп кырылып жатат,” - деп жазган (КРИА, Кол жазмалар фонду, инв. 137, 186-187 ).

Андан ары ал Ак-Бел, Бедел ашуулары жана Келек-Тайгак суусу менен Ысык-Булактын айланасы малдын жайнаган өлүктөрүнө толуп кеткенин билдирет.Мал-жандын кыйла бөлүгү жазалоочулардын колуна тийген. Ошентип чек арага жеткенде качкындардын колунда жылкынын 10, койлордун 25 проценти гана калган [К.Усенбаев, 1967, 126].

1916-жылдагы көтөрүлүштүн катышуучусу жана ал тууралуу эл оозунан жыйнаган Абдылда Арыстаке уулу (Алдаш Молдонун окуучусу, Жети-Өгүз районунун «Дружба» колхозунун тургуну) өз эскерүүсүндө:

«Υркүндө Кызыл-Суунун (Покровка) ашуусуна бет алып жөнөдүк. Ашуу өтө татаал бир гана аттын изи бар. Муз жарык жарыктын түбү көрүнбөйт. Жарык кой, эчки, жүгү менен уй, төө жылкы адам түшүп кетип бешик өңөргөн аялдар түшүп кетип жатты. Төөлөр боздоп кой-эчкилер маарап, жылкылар кишенеп балдар бакырып чоңдор кыйкырып, муздун жарыгынан дүңгүрөп араң угулат. Тереңдиги 40-50 метр бар. Байлардын айдап бараткан малдарынын көбү жарыкка түшүп кетти. Ашуу ашып таш басып, агыны катуу суу кечип, аттар, уйлар ташыркап така жок уйларга, төөлөргө чокой тартып, тамак жок жөргөмүш деген чөптү жеген күндөр болду», - деп маалымдаган [КР УИА Кол жазмалар фонду, 716. Инв. 35].

Ошентип, чек арадан аман-эсен өткөндөрдү ушул аймакта көчүп-конуп жүргөн кытайлык калмактар талоонго алып, мал-мүлкүн жана аялдарын олжолоп алып турушкан.

Андан кийин жергиликтүү кытай төбөлдөрү калган-каткан оокаттарын белек катары берүүгө мажбурлашкан. Каршылык көрсөткөндөрдү жырткычтык менен өлтүрүшүп, болгон дүнүйөлөрүн тартып алуу адатка айланган.

Бул тууралуу Кытайдагы азыркы Иле-Казак автономиялык областынына караштуу Моңгул-Күрө ооданынын Шаты айылынын тургуну Абдымолдо Баке төмөнкү маалыматты айтты:

«Качкан эл жолдо кыйналып, ачкадан, талап–тоноочулуктан көптөгөн эл набыт болгон. Ошентип азап-тозок менен эл бул жакка (Кытай тарапка) келгенде, чек арадан да өтүү кыйын болгон экен. Чек арадан кыйынчылыкты көрүп, келген элди кайра артка айдап, сен орустун элисиң деп, артынан орус аскерлери кууп келип ара ортодо жолдо өлгөн эл андан көп болгон. Сайкал деген жердин ары жагында ашуу бар. Ысык- Көлгө ошол ашуу менен ашат, азыр аны Кыргыз-Сай же Кыргыз-Ашуусу деп коюшат. Бул жакка келгенде эл чачырап тарап, алды Үрүмчүгө чейин кеткен экен. Келе жатканда жолдо бага албагандан кийин балдарын, кыздарын ар кайсы элге таштап да кетишкени маалым. Кыздарын күйөөгө берип, талкан алган күндөрү да болгон» (жеке сурамжылоо).

Кытайдагы Моңгул-Күрө ооданында жашап жаткан Бейше Мандынын (59 жашта; Арык уруусунун Сарык уругунан) эскерүүлөрүнө таянсак:

«Моңгул-Күрө ооданында 1916-жылы болуп өткөн окуялар боюнча ушул күнгө чейин сакталып келген, Кыргыз ашуусу деп аталган жер бар. Ал жерди дагы «кыргыз кырылган жер» деп аташат. Себеби Үркүндө кыргыз бул тарапка качып, ашуу ашып келгенде, артынан орус, бери жагынан кытай келип кырган экен. Артынан келген орустар бул жактан монгул, калмактар качып келе жаткан элди ашууда камап кырышкан. Ошондо кырылган элден казандар, самоор, тулгалардын калдыгы Кыргыз ашуусунда азыр да бар. Биз малчы болуп, мал менен жайлоого чыкканыбызда, Кыргыз ашуусу деп аталган жерден ат менен гана өтө ала тургандай жол бар, ошол жолдон өткөнүбүздө кишинин сөөктөрү, калган буюм-тайымдары бүгүнкү күнгө чейин жатат. Чогулуп куран окутуп, сөөктөрдү жерге бергенбиз, бирок, киши сөөктөрү бут баса алгыс болгондуктан баарын жерге берүү мүмкүн эмес, таш ортосунда калып, карагай арасында калып калган киши сөөктөрү али күнгө чейин сакталган», - деп маалымдайт Бейше Манды (жеке сурамжылоо).

Ал эми, Кайынды айылынын тургуну (Моңгул-Күрөөдөгү Моңгул айылы) Муканбет уулу Абдышүкүрдүн айтымында:

“Кыргыз ашуусунда” 1973-жылдары боз үйдүн кереге уугунан, адам өлүгүнөн киши баса албас болгон эле, ошол жерде кыргыздардын кырылгандыгы боюнча атам айтып калаар эле. Көчкөндө 30-40 үй-бүлөнү алып өтүш үчүн көзгө атаар бир чоң мергендери болгон экен. Бул айылда жашап өткөн бир казак кишини айтаар эле, оң колу чыканактан ылдый жок болгондугуна карабастан, мылтыкты ийнине коюп атканда учуп бараткан карганы түшүрө атчу экен. Мына ушундай мергендерди алып барып анан атышып өтүшкөн экен. Ал кезде орустун солдаттарын мергендер алдынкы экөөнү атып койсо эле, калганы кайтып кетишкен. Себеби мергени бар экенин билет экен алар да. Үрккөн эл мергендерди алдына алып жүрүшкөн. Анткени алар элди кубалагандар менен анан атышып өтүшчү экен», – деп билдирди (жеке сурамжылоо).

1917-жылдын 1-майдагы маалыматка караганда, Чыгыш Түркстанга келгендердин 70—87 миңге жакыны апаат болгон. Эч кандай укугу жок, дайыма куугунтук жеп, он миңдеп кырылып жаткан качкындар бөтөн эл, бөтөн жерде узакка туралбайт эле. Андыктан, алар аргасыздан Чыгыш Түркстандагы орус өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн жардам суроого мажбур болушкан.

Кыргыз көтөрүлүшчүлөрү Кулжадагы орус консулуна жазган өтүнүчүндө: «Азыр биздин тамак-ашыбыз, боз үйлөрүбүз жана аттар үчүн жем-чөбүбүз жок... Бизде нан жана туз да жок, андыктан биздин өтүнүчүбүздү сиздердин улуу урматтуу башчыларга билдирсеңиздер: балким бизге жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүңүздөр табылаар», — деп суранышкан.

Өз кезегинде Орусиянын Кашкар консулу 1916-жылы 1-декабрда падышага жазган билдирүүсүндө: «Кыйналуунун акыркы чегине жеткен кыргыздар Орусиянын аймагына кайтып келүүгө ынтызар экендигин көрсөтүшүүдө», — деп кабарлаган.

Жети-Суу аскер губернаторундагы аткаминерлер: “Көп убакыт өтпөй эле качкындар жана кара кыргыздар Нарынга өз өкүлдөрүн жиберишип, баш ийүүгө макулдугун билдиришти жана биздин аймакка кайтып келүүгө уруксат сурай башташты», — деп белгилеген [КРУИА, 256; инв. 68].

Бирок падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөргө аткара алгыс шарт койгон. Алсак, көтөрүлүштүн жетекчилерин кармап берип, курал-жаракты толук өткөрүүнү, ошондой эле ар бир волосттон армия үчүн 200дөн жылкы төгүүнү жана көтөрүлүш чыгымдарын толугу менен төлөөнү талап кылган. Бул - иш жүзүндө азып-тозгон элдин үмүтүн таш каптырып, аларды мүңкүрөтүү эле.

Ошентип, падышачылыктын колониалдык саясатын ишке ашыруучулар кыргыз жергесин толугу менен ээлеп алууну көздөшкөн.

Кытайга качып барган кыргыздарды социалдык абалына карата негизинен үч топко бөлүүгө болот.

Биринчи топ: колунда 50-200гө чейин майда жандыгы бар, алар жалпы качкындын 10% түзөт;

экинчи, орто катмар тобу: 5-10го чейин жандыгы барлар - 20% түзөт;

үчүнчү топ: мукураган кембагалдар - 45% түзөт; алар жалданып иштеген арзан жумушчу күчүн түзгөндөрдөн турган.

Андан башка, бир үзүм нан үчүн сатылып кеткен жаш кыздар жана аялдардын айрымдары Кытайдын Шанхай, Вянузин жана башка шаарларына чейин сойкуканаларга сатылып кеткени маалым [КРИА, инв. 45,61-66].

Арийне, өзү туулуп өскөн, киндик каны тамган жеринде, жергиликтүү элдин социалдык-экономикалык абалы деле оор бойдон кала берген.

Орусиянын падышалык өкмөтүнүн оторчул акимияты жергиликтүү калкка карата төмөндөгүдөй саясатын жүргүздү:

1. Көтөрүлүштө кеткен чыгымдарын төлөө шылтоосу менен контрибуция алуу;

2. Генерал-губернатор А.Н. Куропаткиндин чечими менен жер-жерлерде уезддерде атайын комитеттер түзүлүп, атайын статистикалык отряддар бөлүнүп берилген (чыгымды өндүрүү үчүн).

1916-жылы 21-октябрда «1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгымдарын тактоо жана аларды калыбына келтирүү боюнча областтык комитет» өз ишин жүргүзө баштаган. Бул аталган комитеттин эсеби боюнча жергиликтүү калкка бир эле контрибуциянын көлөмүнө ылайык 30 миллион рублдан ашык салык жүктөлгөн.

Ошентип, ар бир айыл эң чоң көлөмдөгү чыгымдарды төлөөгө аргасыз болушкан.

1916-жылы 16-октябрда Верныйда Куропаткиндин төрагалыгынын негизинде өткөн кезектеги жыйынында 1916-жылдары көтөрүлүшкө катышкан кыргыздарды көчүрүү жөнүндөгү 1916-жылдагы 16(29)-октябрь №59 токтомунда:

1. Пишпек, Пржевальск, Жаркент уездеринен жергиликтүү калктан 25 10361 теше жерди П.П. Румянцевдин статистикалык эсептөөлөрүнүн жана текшерүүсүнүн негизинде тартып алуу жана Ысык-Көл, Текес дарыясы, Каркыра жайлоосунан, Чүй дарыясынын аймагынан кыргыз жана казактарды өз жеринен айдап салуу сунушу каралган.

2. Кыргыздардан бошотулган жерлерге Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерине ар бир станица 60 короо жайдан турган, 5 орус-казак станицасын түзүү каралган. Анда кайсы жерлерге түзүү керек экендиги көрсөтүлгөн. Аларга: 1. Өрүктү. 2. Корумду. 3. Дунгандардын мурунку отурагы – Маринский айылы. 4. Мурунку орус дыйкандардын отурагы – Гоголевка. 5. Улахол кирген. Ал эми калган жер иштетүүгө ыңгайлуу жерлерге орус дыйкандарын олтурукташтыруу керек экендиги белгиленет. Ал эми, жер иштетүүгө ыңгайы жок жерлер орус падышачылык өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин! делген сунуш айтылган.

3. Пржевальск уездинин, Пишпек уездинин калкынын бир бөлүгүн Нарынга көчүрүү сунушу каралган. П.П. Румянцевдин статистикалык эсептөөлөрүнө жана текшерүүсүнө ылайык, Нарында жер айдоого ылайыктуу 57 126 теше, чөп чабыкка ылайыктуу 46 288 теше, кыштоого – 1 836 309 теше, жайкы жайытка ыңгайлуу 2 815 400 теше жер, жалпы - 4 755 122 теше жер болот – деп жазылган [1916-жылдагы 16(29)-октябрь №59 протоколу. КУИА. Кол жазмалар фонду. 256. инв. 159].

Пржевальск, Пишпек уезддеринин калкын бийик тоолуу Нарын уездине көчүрүп, ал эми сарыбагыш жана Атаке болушундагы кыргыздарды алыскы аймактардагы болуштуктарга (волостторго) же айылдарга чачыратып же Балхашка көчүрүү боюнча токтомун кабыл алышкан. Бул аталган токтомдун мааниси: биринчиден, көтөрүлүшкө чыккан элди жана качкындарды туулуп өскөн мекенинен Кытайга сүрүп чыгаруу; экинчиден, күч менен 200 000 кыргызды жана казакты алыскы тоолуу аймактарга көчүрүү болгон.

1916-жылы 8-ноябрда А.Н. Куропаткин Казалинск шаарына барып 7 миң урал-казактарын (алар 1874-жылдары Урал областынын Казалинск шаарына көчүрүлүп келген) Ысык-Көлгө көчүрүү маселесин көтөргөн. Орус-казактарына жергиликтүү калктын жерин тартып алууну үгүттөгөн.

Кыргыздар Мамлекеттик Думанын депутаты С.П. Мансыревге кат менен кайрылышкан (алар С.П.Мансырев Түркстанда көп жылдары салык инспектору болуп иштегендиктен, жергиликтүү калктын маселесин жакшы билгендиги үчүн ага кайрылышы мүмкүн). Кыргыздардын арызын эске алып, Думадагы депутаттар А.Н.Куропаткинге шашылыш чечим чыгарбоону өтүнүшкөн (ошол эле жерде).

Мамлекеттик Думанын депутаттары Д.С. Шубаевди бийликтин мыйзамсыз иштери, о.э. министр бийлигин аша чаап колдонуп жаткандыгы жана шашылыш чечим чыгарылгандыгы менен айыпташкан.

Бирок, Д.С. Шубаев депутаттардын айыптоосун четке кагып: «Эгер өзүм туура деп эсептесем, кызматымдан жана бийлигимди аша чаап колдоно берем» – деп билдирген. Мына, орусиялык бийлик өкүлдөрүнүн жообу ушундай болгон.

Эгерде падышалык өкмөт жана мыйзам чыгаруу бутагы генерал-губернатор Куропаткиндин долбоорун жактырчу болсо, анда кыргыздарды массалык көчүрүү жүрүмү кыска убакытта, б.а. 1917-мартына чейин ишке ашырылмак.

1916-жылы декабрда Орусиянын айыл чарба министрлиги А.Н. Куропаткиндин планына түзөтүүлөрдү киргизген. Анда Соң-Көл, Жумгал жана Көкөмерен аймактарына суу сактагыч куруу шылтоосу менен жергиликтүү элди, аталган аймактардан тазалоо долбоору каралган [РВИА. ф. 7198. №87. д.42. ч.3].

Ал эми, кыргыздардан тартып алынган мүлктөр аукциондо сатылып, андан түшкөн акча каражаттары аскер губернаторунун депозитине которулган.

«Көтөрүлүш чыккан жерлерден кыргыздардын жерин тартып алгыла», – деп тастыктаган генерал губернатор А.Н. Куропаткин (Циркуляр Семиреченского генерал-губернатора Фольбаума всем уездным начальникам. 3(16) сентября 1916 г. КР КУИА. Инв 258, 17).

Верныйдан Пишпекке чейинки айылдар, Пишпектен ары чыгышта Ысык-Көл аймагындагы айылдар толугу менен кыйроого дуушар болду.

1916-жылдагы Фольбаумдун билдирүүсүндө: «Пржевальсктын чет жакасында Кытайга качкан элден тартып алынган 300 миңден ашык мал-жандыгы топтолду. Ал эми Кочкордо 100 миң мал-жандык тартылып алынды. Токмокто мына ушундай эле көрүнүш. Кийинки иш-чаралар Жумгал, Кочкордун чыгыш тарабында, Алабелде улантылмакчы» (C. Брайнин, Ш. Шапиро, 1936, 105), – деп жазылган.

Кыргыздарды жазалоочу «экспедициялык отряддар» Кытайдын ички территориясына чейин кууп барышып, качкындардын бир катарын талап-тоноого алышкан.

Үч-Турпандагы старшина Бычковдун казак отряды эң мыкаачылык аракети менен айырмаланган [C. Брайнин, Ш. Шапиро, 1936, 108].

Кытайга качып кеткен кыргыздар Орусияда падышалык режим кулатылган соң, б.а. 1917-жылы жаз айларынан баштап мекенине кайта баштаган.

Бирок, 1920-жылдардан тартып кыргыздардын кайтып келүүсү ар кандай саясий жагдайларга карата жайлай баштаган. Ал эми, 1921-1922-жылдары жер реформасынын негизинде кыргыздардын мекенине кайтып келүүсү массалык түрдө уланган. Бирок мүмкүнчүлүгү жетиштүү болгон кыргыздар гана мекенине кайтып келишкен.

Качкын кыргыздар тууралуу кеп оролу болгон кезде «эмне үчүн кыргыз жергесинде совет бийлиги орноп, тынчтык өкүм сүргөн кезде алар өз мекенине толук кайтып келген эмес?» деген собол туулбай койбойт.

Гүлзада Абдалиева, тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доцентинин м. а. 08.5.2016
Гүлзада Абдалиева, тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доцентинин м. а. 08.5.2016

Кытай чек араларынын тоскоолдугу, советтик бийликке каршы басмачылык кыймылдын өкүм сүрүшү Кытайдагы качкын кыргыздардын толук кайтып келүүсүнө тоскоолдуктарды жараткан.

Анан калса, падышачыл аскерлердин мыкаачылыгынан, жолдогу, белдеги кыйынчылыктардан көңүлдөрү калган далай кыргыздар чындап эле мекенине келүүгө умтулушкан эмес.

Ошентип, кыргыздардын бир ууч бөлүгү Кытай жергесинде мындагы жергиликтүү кыргыздардын арасында түбөлүк байырлап кала беришкен.

Гүлзада Абдалиева,

Тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доцентинин милдетин аткаруучу.

Колдонулган адабият:

1. Абдувакап Кара. Мустафа Чокай. - Алматы: Арыс, 2014. – 317 б.

2. Анвар Байтур. Кыргыз тарыхынын лекциялары. - Бишкек: Учкун, 1992. 128 с.

3. Алтымышева, З. 1930-жж. Кыргызстандан Кытайга эмиграциялык кыймылдар // Manas Journal oh Social Studies New Publication. 2015. №1.

4. Асанканов, А.А. Кыргызы Синьцзяня (КНР). Бишкек: Бийиктик, 2010. – 576 с.

5. Асфендияров, С.Д. Национально-освободительное восстание 1916 года в Казахстане. - Алма-Ата: Казахстанское краевое издательство, 1936. – 154 с.

6. Брайнин С, Шафиро Ш. Восстание 1916 года в Семиречье // Большевик Казахстана. 1936. №7. 97-108 с.

7. Кадыров Ы. Үркүн үч жолу болгон // Рух кенчи. 2015, октябрь.

8. Казыбек. Ырлар. / Түз. С.Мусаев. - Б., 2007. 463.

9. Коллективизация: как это было // Правда. 1988. 16-сентябрь.

10. Кудайберген Кийке. Тарбагатай кыргыздары. Хуйтун. 2002. - 76.

11. Кунин А.И. Южная Киргизия в годы гражданской войны. - Ф., 1981.

12. Кызыл-Суунун 50 жылдыгы 1954-2004 (Статистикалык жыйнак). - Үрүмчү: Шинжан эл басмасы, 2004. – 684 б.

13. Мамбетасан Токтаалы. Жуңго кыргыздары. - Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2013. – 614 б.

14. Marco Buttino. Study of the economic crisis and depopulation in Turkestan, 1917–1920, Central Asian Survey, 9:4, 59-74.

15. Нурдин Жусуп. Аксуу санжырасы. - Артыш: Кызыл-Суу кыргыз басмасы. 2012. - 275.

16. Супруненко Г.П. Документы об отношениях Китая с Енисейскими киргизами и источниках IX в. «Ли Вэй-Гун ойган Илин-цзу» /собрание сочинений Ли Вэй-Гуна периода Хойган. 841-846гг. // Изв. АН Кирг.ССР: серия общественных наук. Т.2. Вып 3. - Фрунзе. 1960.

17. Узбеков К.У. Северная Киргизия в период гражданской войны. - Фрунзе, 1973.

18. Усенбаев, К.У. Восстание 1916 года в Киргизии. - Фрунзе: Илим, 1967. - 327с.

19. КРИА Кол жазмалар фонду. Пекиндеги Россиялык императордук миссиянын 1916-ж, 1-декабрдагы № 3300 билдирүүсүнүн көчүрмөсү.

20. КРИА Кол жазмалар фонду 716. инв.№ 35б.

21. КРИА Кол жазмалар фонду, инв .137, 186-187.

22. КРИА Кол жазмалар фонду 716. инв- 35.

23. КРИА Кол жазмалар фонду. Инв. 136,137.

24. РВИА. ф. 7198. № 87. д.42, ч.3.

Авторго маалымат бергендер:

1. Абдымолдо Баке (КЭРдин Иле-Казак автоном облусундагы Моңгул-Күрөө ооданы, Шаты айылы; 84 жашта).

2. Айдаркан Атамбек (Иле-Казак автоном облусундагы Текес ооданынын Көк-Терек айылы; 99 жашта).

3. Асанакун Мукан (Моңгул-Күрөө ооданы, Шаты айылы, 82 жашта).

4. Бейше Манды (Моңгул-Күрөө, Шаты айылы, 59 жашта).

5. Жунус Жумадыл (Кулжа шаары, 76 жашта).

6. Муканбет уулу Абдышүкүр (Моңгул-Күрөөдөгү Кайыңды айылы, 63 жашта).

7. Муканбет Керим (Нылкы шаары; 63 жашта).

8. Мухтар Өмүрбек (Иле-Казак автоном облусундагы Текес ооданынын Көк-Терек айылы; 65 жашта).

9. Нурдин Жусуп, Жаман-Суу айылы (КЭРдин Үчтурпан ооданынын Жаман-Суу кыргыз улуттук айылы, 67жашта).

10. Сурмакаш Осмон кызы (КЭРдин Иле-Казак автоном облусуна караштуу Текес ооданынын Көк-Терек айылы; 62 жашта).

11. Шарипа Асанакун кызы (Моңгул-Күрөөдөгү Кайыңды айылы, 86 жашта).

Дагы караңыз:

Борбордук Азияны дүңгүрөткөн улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл: 1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындардын баяндамалары, макалалар, архивдик ж.б. маалыматтар / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин,. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 340+iv б., сүрөт. – Баткен мамлекеттик университети. - Ош мамлекеттик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-552-0.

XS
SM
MD
LG