Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:33

Блог-Миңсанат

Нике жашы жана жетилүү курагы кечеңдеп...

5-августта үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганы баарыбызга маалым. Бул кыргыз мыйзамы кимге каран түн түшүрөөрүн билбейм, бирок мен үчүн бул – кыздардын келечегинин камын көрүүгө багытталган жаңы бурулуш учур. Эми оюмду толугураак чечмелеп көрөйүн...

Текст көлөмү - +
 
Бактысыз келин – ажаан эне
 
Тээ илгери, улан кезимде Нарын шаарындагы мектептердин окуучуларын жакынкы колхоздорго чөп жыйганга жардамга таркатышты. Балдар-кыздарды айылда үй-үйлөргө бөлүп жаткырышты.

Керээли-кечке чөп жыйып иштейбиз, кечинде келип тамак ичип, тоо суусуна түшүп, ойноп-күлүп, анан кулап калабыз.


Нарын дарыясынын өрөөнү жай мезгилинде.
Биз конок болуп жаткан үйдүн ээси - өтө күжүрмөн тракторчу-комбайнчы экен.
 
Айлаа-найы-ын, аялы абдан сулуу экен, бирок тилинин заардыгын айтпа!
 
Күйөөсүн да кууруйт, балдар-кыздарын да кууруйт.

Көр жемеси таңда башталат, биз уйкуга кеткенден бир оокумдан кийин гана басылат окшойт.
 
Ушундан көрө дүйнөдөн так өтүш керек”, - деп бирибиз тамашаласак, экинчибиз: “Кайсы классташ кызыбыз ушундай “өнөрлүү” болоор экен?” – деп суроону “кабыргасынан койот.
 
Азыр эле аныктап алчудай, классташ кыздарды астыртадан жалт карап калабыз.
 
Адилеттик үчүн айта кетели, бул апанын сырттан келгендерге (бизге) мамилеси дурус эле болду. Меймандостук деген өзгөчө касиет эмеспи.
 
Кийин гана, турмуштун ачуу-таттуусун билген соң, ошол татынакай, сөзгө бай, бирок тилинен жылан ызгаар чачкандай айымдын тагдыры тууралуу ой жүгүртүп көрдүм.
 
Бизге үзүл-кесил жеткен маалыматка караганда, ал – коңшу айылдагы тектүү эле бүлөдөн чыккан, мектепте окуусун жакшы окуган дешет. Саат басып, он алтыга келгенинде болочокто жогорку окуу жайды бүтүрөм деген ою жокко чыгып, аны алиги момун жана өтө мээнеткеч байке ала качып кетет.
 
Албетте, Теңир-Тоодогу өтө жарамсыз ылакап сөздөрдүн бири – “таш түшкөн жерде оор” деген эмеспи.
 
Ата-энеси да, жакын туугандары да “болоору болду, эми ала качкан жигитке бүлө болуп бер” дешет.
 
Жыл сайын төрөп, очор-бачар болушат, бирок алиги айым тагдырындагы муңун өзү сүйбөгөн күйөөсүнөн, андан көргөн балдарынан чыгарат. Мунусун ал айым өзү деле анча аңдабаса керек...
 
Нике, билим жана замана
 
Эми алиги жаңы мыйзамга келсек, андагы жаңы эрежелер кыргыз кызынын тагдырын азыркы турмуш чындыгына кыйла ылайыкташтырып жатат.
 
Илгерки заманда “чоң атанын тебетейи менен урганда кулап түшпөсө эле, кызды турмушка берүү керек” деген түшүнүк бар болчу. Кызды окутуп-чокуталы деген акыл ар бир эле ата-эненин оюна келе берчү эмес.
 
(Ошого карабастан, билимдүү кыздар Өктөбүр ыңкылабына чейин деле арбын болгон. Кыргыз кыздарынын ичинен жазма билгендер, ыр жазгандар, жок дегенде Куран окуй алгандар да кыйла болгон.

Бирок андай сабаттуу кыздар, башка чөлкөмдөрдөгү жана өлкөлөрдөгү илгерки коомдордогудай эле, тектүү үй-бүлөлөрдөн гана чыккан).

 
Уз энелер жана эжелер. Нарын. 16.9.2010.
Совет доорунда чоң бурулуш болуп, өзгөчө 1960-80-жылдардагы Кыргызстан менен Казакстанда, “уулум окубаса мейли, кызым университетте, техникумда же атайын окуу жайда окуп диплом алып алсынчы, өнөрү болсо, анысын өркүндөтсүнчү”, - деген түшүнүк ата-эненин көңүлүн бийлеп калган. Бул - өтө чоң илгерилөө эле.
 
Совет доору ураган соң...
 
Коммунисттик түзүлүш кулагандан кийинки жылдары убактылуу кыйынчылыктардан жол таба албай кыйналган бир далай ата-энелер кайта тетирисинен кетип, кыздарын окутуп отурбастан, турмушка эртерээк узатып киришти.
 
Ал кездеги мыйзам 16 жашты талап кылса, дакүментти “бир балээ кылып” оңдотуп, кызын 14-15 жаштан турмушка бергенине маашырлангандар да чыкты.
 
Эмнеге ашыгып-шашылышат дейм да?
 
Канчалык цивилизацияга тереңдеп кирсек, ошончолук балдар-кыздардын жетилүү жашы кечеңдээрин биз, жаман акылыбызда, туура эмес көрөбүз.
 
А чын-чынында, бул – бакыт дегендик. Коомдук илгерилөө дегендик.
 
Көөнө доордогу жана азыркы ымыркай
 
Тээ байыркы неандертал кишилеринин баласы туулгандан, каз-каз басып өз алдынча жылып калганга чейин болгону 4-5 ай өтчү экен. Азыркы балдар тогуз айдан бир жарым жашка чейинки убакта араң басканга үйрөнүшөт.
 
Неандертал кишинин баласын ажал чачып күткөн байыркы жугуштуу жана башка илдеттер, жапайы айбанаттын жана табийгаттын алдындагы алсыздык, капысынан баса турган жут, ачарчылык, күн сайын кыргындан сактануу, жана ушул сыяктуу жагдайлар, коркунучтар азыр таптакыр жок.
 
Бирок неандертал эне өз чүрпөсүн электр агынынан, тогуз кабат үйдүн балконунун тешигинен, тээ башка континенттерден туристтер алып келчү сасык тумоодон, улуураактар таштап кеткен сагыздан же “бөдөнө сүтүнөн”, дарыгердин туура эмес сайган дарысынан, деги койчу, далай коркунучтардан сактап убара болчу эмес эле.

Ошого карабастан, неандертал баланыкына караганда, азыркы ымыркай үчүн түзүлгөн ыңгайлуулук, бөксөртүп айтканда, жер кепе менен жети жылдыздуу конок үйүнүн айырмасындай эле бар.
 
Коом деңгээлине ылайык, азыркы ымыркай баса элек кезинде эле үйрөнүшү керек болгон маалымат – неандертал кишинин баласыныкына караганда жүз эсе көбүрөөк.
 
Жетилүү доору узарууда
 
Ошол эле учурда, азыркы улан-кызга адамзат буга чейин топтоп келген интеллектуалдык жана башка коомдук мурасты өздөштүрүп, бутуна турушу үчүн көбүрөөк убакыт жана мээнет зарыл.

 

Нике тилек: Алдыңарды акча бассын...

x
Демек, азыркы уул-кыздардын дене-мүчөсү табийгат инерциясы менен эрте жетилгенине карабастан, коом мүчөсү катары татыктуу жетилүү үчүн аларга эми 17 жаш таптакыр аздык кылат.
 
Ошондуктан ар бир ата-эне өз кызынын балалык жана жетилүү чагын жасалма кичирейтпестен, тескерисинче, узартууга умтулушу керек.
 
Азыркы ата-эне мурдагы доорлордогудай:
 
Кызым 19дан өттү, кара далы атыкмай болду”, - деп кейип-кепчибестен:

 
Кыргызстанда чет тилдерге кызыккан жаштардын саны артып барат. Билим берүү борборунда англисче TOEFL сынагына даярдоо сабагына катышып жаткан кыздар. Нарын ш., 2011-ж.
Чыда, кызым, 21-22 жаштан кийин деле турмуш куруп тынасыңар, Жок дегенде унаа айдаганды, компүтерди колдонгонду билип, окуунун жаманы болбойт эмеспи, бери дегенде кесиптик бир окуу жайды бүтүрүп алчы!” - деши керек.
 
Азыр эр ортону – элүү эмес, бери дегенде алтымыш беш жаш болуп калды. Демек, бала чак менен жаштык кездин жогорку босогосу да өйдөлөөдө.
 
Нике жашы жана замана талабы
 
Жаңы мыйзамда олуттуу себептерден улам үй-бүлөнү эртерээк кура тура турган кыздын жаш курагы 17ден кем эмес деп таанылды. Мага койсо, ошол “босогону” да 18 жашка чейин жогорулатаар элем.

 

Үйлөнүү тою канча турат?

x
(Албетте, турмуш мыйзам менен гана байланып калбайт. 18ге чыга электе эле Ромео менен Жулиетта болуп кетчүлөрдү, кош бойлуу Жулиетталарды кантип тыябыз? Ошон үчүн депутаттар “өзгөчө бир жагдай болуп калса” деп турмуштагы окуялардын алдын алган бир берене да киргизип кеткен экен. Бирок улан-кыздардын баары тең эле ошол берененин көлөкөсүнө жабыша бербесе экен!)
 
Диниятчылардын нике кыйуусу маселеси төрөндүк (секулярдык) коомдун деңгээлинде чечилгени да талапка ылайык болду.
 
Туура аңдаган кишиге – бул чара эч бир динди бутага алган жок. Бул мыйзамдык берене - чала сабат молдо (мусулман) же мормон диниятчысы (христиан) же башка бир диний ишенимдин никелик жөрөлгөлөрүн жүзөгө ашыруучу өкүл “никебизди кыйып койду эле” деп, диний жөрөлгө менен чектелип алданган, кийин укугун коргоого жарамдуу эч бир даректик кагазы жок болуп чыккан шордуу келиндер Кыргызстанда мындан ары болбосун деген эле мыйзамдык механизм. 
 
Сезимдеги бурулуш
 
Жалпылап айтканда, мен жалпы ата-эненин элүү-алтымыш эмес, жүз пайызынын түшүнүгүндө жаңылануу болсун деп тилейм.
 
Азыркы атуулдар “кыздарыбыз турмуш куруудан оболу 20-21 жашка чейин окуп, таалим алып, кандайдыр-бир кесипке ээ болсун, ошого биз да огожо бололу”, деген ойду замана талабы катары кабыл алууга жапатырмак көчсүн деп тилээр элем. Кыздарыбыз сабаттуу, кесипкөй жана эркин болсо, жээн-неберелерибиз тың чыгат, кайрымы элге эле тийет. Же адашып жатамбы?

Багыттоочу сөздөр билим , укук , мыйзам , дин , кыргызстан , нике , кыз-келин , жаштык курак

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kuba каяктан: Bishkek
03.09.2011 17:29
Учурда олкодо дин эркиндиги куч алып ар бир айылда мечиттер курулду. Тилекке каршы динге берилген айылдагы адамдардын копчулугундо уй-було тууралуу башкача (жаны) коз караш пайда болуп келатат. Алардын айтуусунда адам тируусундо уч нерсеге шашылыш керек дешет. Баары эсте жок, бирок учтун бири бойго жеткен кызынды куйоого бергенге шашыл дешет.
Сиздин ушул макаланызды газетага, колдон келсе саны коп чыккан олкодо кенен тараган (супер инфо ондуу) берсениз жакшы болот эле.

кимден: tumar каяктан: Jalal Abad
25.08.2011 02:17
Bul makalani ar bir ata ene okup chiksa abdan jakshi bolot ele.

кимден: Abdybek каяктан: Bishkek
12.08.2011 13:02
Кыздардын өзү эмне дейт, алар 21ге чейин турмушка чыкпай турганга чыдай алышабы?

кимден: Raida каяктан: Germanija
09.08.2011 01:21
Salamatsyzby Tynchtykbek agai ! Makalanyn okup chygyp ajbai suiundum ,bizdin uluu muundagy insandarynybyzdyn kopchuluk oi jugurtuusu sizdikindei bolso dedim ,tileke karshy andai bolboi jatpaiby . Bala tarbijaloogo sozsuz enenin bilimi kerek ,eger kyzdarybyz bilimsiz bolso mamlekette өsүsh bolboit ,elibiz kachan bilimduu bolgondo gana jakshy jashoogo jetishebeiz .Bilimduuluktun arkasynda kancha jakshy sapttary katylgan ,yimanduuluk ,abiirduuluk , ozuno ishenim jana bashka sonun sapattar . Rosijaga mektepti jany butkon kyzdardy tap takyr chygarbai ele koiuu kerek!-degen zakon chyksa suiunot elem ,birok elibiz zakongo da bash iegendi bilbeit da. Rosijadagyishtep jurgon kyzdar ailanyp baryp kaira ele mekenge barat ,Bilimsiz jarandyn kaisy mamleketke keregi bar? , tileke karshy kaityp bargan kyzdarybyz ,den sooluktan ajyrap ,psihikasy buzulgan , keesi jaman oorulardy juguzgan ,oi jugurtuusu tomon bolup kaitat da ,anan alardan kaidagy Ene bolot ! Chet mamleketke kyzdar tek ganan oku maksatynda chyksa ,oshol kundo dagy chon oku jaiyn ajaktap ,oshondo mamleket utushka ee boloor ele . Kyz bala uido oturup bala bakkanga sosuz bilim kerek .
Пикирге жооп

кимден: Жылдызкан каяктан: Европа
11.08.2011 03:44
Абдан туура маселе козголгон экен. Раиданын ойлоруна да кошулам.
Ушул маселени окуу жылы башталганда мектептерде кеңири талкуу кылышса жаман болбос эле.
Мен бир кезде өзүм менен иштешкен педагог курбуларга жана курсташтарыма жаздым.

кимден: Толкун каяктан: Бишкек
07.08.2011 19:10
Менин оюмча мында шаардык кыздарыбыздын статус-квосу жазылган. Шаарда ансыз деле 22-23 жаштан кийин турмушка чыгып калышпадыбы. Бирок айылдагы кыздарыбызга 21 жашка чейин билимин өркүндөткөнгө жакыныраак жерлеринде ыңтайлуу шарт түзүү зарыл. Айылдык кыздар бүт баары тең эле Баткен, Лейлек, Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Чаткал, Ак-Суудан Бишкекке келе беришпейт да.

кимден: biroo каяктан: alystan
07.08.2011 17:35
Urmattuu Chorotegin,
Siz ushul jasgan bayandamanysdy Kirgisztanda basma gesitterge bersenis bolot beken.Antkeni Kyrgysztanda (aiylda) ar bir yido internet jok da bul bajandamany azattyktan okuganga.
Jakshy jasylgan koz karash.

кимден: Kylymbek каяктан: China
07.08.2011 09:54
Чындыгынды канчалык кыздардын билим денгээли жогору болсо ошончолук келечек муундан таланттуулар чыгат. Албетте билимсизде талант болбойт деп айтуудан алысмын, бирок адам канчалык илимдуу - билимдуу болсо анын турмушта кабыл алган чечимдери жогору болот. О. э. уй - булоодо баланы тарбиялоодо атанын дагы эненин дагы оорду жогору, интелегенттуу ата - эне таланттуу жана маданияттуу балдарды остурот.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук