Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

"Арай көз чарай": Ислам элдик салтка каршыбы?


"Кыргыз мурасы" фестивалынан бир көрүнүш. 2011-жылдын 28-майы.

"Кыргыз мурасы" фестивалынан бир көрүнүш. 2011-жылдын 28-майы.

Шарият эрежелери кыргыздардын көөнө каада-салтына, карманган маданиятына тыюу салабы? Ислам менен кыргыз салты бири-бирине каршыбы?

"Азаттык": Биздин конокторубуз – жалпы журт тааныган композитор, журналист Түгөлбай Казаков, Бишкектеги Ислам университетинин ректору, көрүнүктүү диниятчы, окутуучу Абдышүкүр ажы Нарматов жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаев.




Оболу, Кыргызстан муфтиятынын расмий интернет барагына жолдонгон 19-суроону окуп берейин. Чоор чертүүгө болобу? Ыр укса кандай күнөө болот?

Жооп: Музыка негизи жакшы эмес, шариятыбызда жактырылбайт, ошондуктан чоор тартууга кеңеш бербейт элем. Ыр укканда ата-эне, мекен, достук, ыйман тууралуу мотивдер болсо, эмне үчүн буларга тыюу салынсын, албетте болот. Бирок аялдын мукамданган үнүн угууга болбойт, ага кийин ашык болуп, дүйнөнүн максатын аял кылып, жүрөктү кур кыялдар менен чулгап алганга барабар болот.

198-суроо: Мен той кылайын дегем, ансамбль чакырып той өткөрсөм болобу?

Жооп: Эмне кыласыз ансамбль, эстрада, группа деп? Андан көрө Абдышүкүр Нарматов ажыны чакырыңыз, ал жакшы баян айтып берсин. Эл тамак жеп тарап кетет, баары ыраазы болот, же борбордук мечиттен Максат ажыны чакырыңыз.

"Азаттык": Эки суроо жана ага жооптор муфтияттын ырасмий сайтынан алып окулду. Эми муфтияттын сайтында берилген түшүндүрмөгө композитор, обончу Түгөлбай мырзанын пикирин угалы.

Түгөлбай Казаков: Бир кезде бизде телекөрсөтүүлөр да болгон. Акын Омор Султановду отуругузуп алып, кыргыз элинде сүйүү ырларын ырдагандардын баары шерменде деп, анын көзүнчө айткан учурлар болгон.

Композитор-обончу, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков.
Бул эреже кайдан, кайсы эл үчүн чыккан? Биринчи ушуну тактасак. Мисалы, туулгандан эле элдин баары мусулман деп айтышат. Андай болбойт.

Диндин өзүнүн эрежеси бар, илгерки арабдар жазган эрежеси бар, «Курандын» англисчеден которулган варианты да бар, аны менен азыркы учурдагы «Курандын» айырмасы асман менен жер болуп кетти.

Ошонун баарын Мухаммед пайгамбар келип өзгөртүп берип аткан жок да. Бул ойлоно турган маселе.

Экинчиден, шариатта "Алладан башка Алла жок" деп айтылат; кыргыздарга келгенде "Алладан башка Теңир жок" деп айтышат. Ушундай саясат жүргүзгөнгө болобу?

Абдышүкүр ажы Нарматов: Биринчиден, үрп-адат шариатка баш ийет, бирок дин эч качан шариатка баш ийбейт. Албетте дин бир. "Курандын" бир тамгасы да, үтүрү да өзгөргөн эмес.

Ал «Куранды» түшүргөн Алла, кыргыздын, же арабдын «Куранды» бурмалоого укугу жок. Бирок Кыргызстанда «арабдын мыйзамы башка бекен» дегени менен, кечээ эле жазуучулар, манасчылар өттү, бардыгы шариаттын жол-жобосу менен жерге коюлуп атат.

Кыргыз элибиздин жакшынакай үрп-адаттары, салттары бар.

Бирок бул үрп-адаттар «Курандагы» Алла Тааланын аятына, же пайгамбардын көрсөткөн жол жобосуна каршы келбеген кезде, ал аткарылат, ага эч каршылык болбойт.

Түгөлбай Казаков: Ислам дини кайсы жылы негизделген?

Абдышүкүр ажы Нарматов: 571-жылы Пайгамбар төрөлгөн. Пайгамбар 40 жашта болгондо ыйык, кереметтүү Куран Алла Тааладан жөнөтүлгөн.

Дин арабга, түрккө, же башкага таандык эмес. Мусулман деген сөздүн мааниси, “баш ийүү”, “ошону аткаруу” деген сөз.

Тарыхчы-окумуштуу Бектемир Жумабаев
"Азаттык": Бектемир мырза, сиз цивилизациянын жетишкендиктерине таянып, ушул эки көз карашка кандай түшүндүрмө бересиз?

Бектемир Жумабаев: Кыргыз эли байыртадан келген эл, мусулманчылыкты кабыл алганга чейин бир топ диндерди тутуп келгендиги, динчилер талашабы-талашпайбы, тарыхта белгилүү нерсе.

Бүгүнкү күндө биз мусулманбыз деп кыргыздар көз жумгандан кийин мусулман жол-жобосу менен коюлуп, үрп-адатына кирип аткандан кийин шариатты да, кыргыздын нукура үрп-адатын да кармашыбыз керек.

Экинчиден, ырдаганга болбойт, чоор тартканга болбойт деп айтып атпайбызбы. Эмне, арабдарда ыр менен чоор жок бекен?

Мусулман дининин мекени болгон арабдардын өзү деле ырдап келген, жылаңач бийлер арабдардан чыгып атпайбы. Булардын бардыгы бүгүн бизге карама-каршы келип атат да.

"Азаттык": Абдышүкүр ажы, сиз Каирде окудуңуз эле, Египетте музыкага, ырга тыюу салынганбы?

Абдышүкүр ажы Нарматов: Арабдардын бийи арабдарга таандык болгон.

Мисалы, Египетте калктын 20 пайыздан көбү христиандар. Ал жерде бүгүнкү күндө уурусу да, бийлегени да, ичкени да бар. Бирок ал араб шариаты эмес.

Адам шариатты аткарабы, аткарбайбы, Кудайдын астына жооп бере турган өзү.

Бүгүн Кыргызстанда канчалаган жакшы мыйзамдарыбыз бар.

Бирок аны ишке ашырбастан жашап жаткан адамдар бар; мыйзамдын аткарылбай жатканы депутаттардын кемчилиги эмес.

Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов
Ошондой эле "Курандагы" буйрукту, же динди аткарбай койгондугу ал диндин кемчилиги эмес.

Бизде бир инсан катары бир эл динге үлгү боло алалбайт.

Диндин негизи - Куран, пайгамбардын калтырган сүннөтү бар.

Ыр сөздөрдөн турат, сөздүн жакшысы- жакшы, жаманы - жаман. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө 80 пайыз ырларыбыз жалаң сүйүүгө, болбогон нерселерге арналганы менен, патриоттук, элин, мекенин сүйүү, ата-энени, улууну урмат кылуу, кичүүнү ызат кылуу деген ырларга көңүл бурулбай калган.

Пайгамбар хадисинде "нике тоюн жок дегенде домбра менен жарыя кылгыла, эл билсин, баланчанын кызы баланчанын уулуна турмушка чыгып жатат" деп, той арабдарда домбра менен жарыя кылынган.

Пайгамбар Меккеден Мадинага көчүп келген кезде, домбра чалышып «Толгон ай чыкты» деген ыр менен күтүп алышкан.

Буга Пайгамбар тыюу салган эмес. Бул жерде Пайгамбарды даңазалашкан. Инсандын ички дүйнөсүн, шайтанын козуткан туура эмес маанидеги ырларды ырдаганга болбойт. Инсандын ичиндеги уктап жаткан жаман ой-пикирлерди ойготпогон ырлардан жаман нерсе жок.

Түгөлбай Казаков: Ырлардын сапаты чынында эле аябай төмөндөп кетти. Чоң обондор жок.

Биз бир кезде Бишкек шаарына арналган ырлардын конкурсун өткөрөбүз деп, Бишкек боюнча 1, 2, 3-орунду бере турган ыр таппай конкурсту кийинки жылга жылдырганбыз. Бул биздин ыр чөйрөбүздөгү катастрофа. Муну моюнга алыш керек.

Мен мусулмандар эле эмес, каапырлар эле эмес, бул жалпы музыкалык искусствонун мыйзам ченемдүү алкактарына чендебей жаткан ырлар тууралуу айтып атам.

Абдышүкүр мырза айтып атпайбы, бул бирөөнүн кемчилиги болсо, ал өзүнүн гана кемчилиги, башканын кемчилиги эмес деп. Мисалы, кыргыздарда баланчанын жаман ыры деп айтпайт; а Абдышүкүр мырза өзү сүйүү ырлары бул шермендечилик деп жалпы кыргыздын баарын жыга чаап атпайбы.

Андай болсо ар бир обончунун, ырчынын атын так айтыш керек, бүтүндөй кыргызды жаман аттуу кылбай.

Биз ансыз дагы жакшы ыр таппай карайлап отурабыз, бул жакта чоор тартканга ырдаганга болбойт деп атышат.

Бир жагынан Мухаммед тыюу салган эмес, экинчи жагынан ырдаганга болбойт деп атат. Муну кандай түшүнсө болбот. Кандай адамды мусулман деп айтабыз биз?

Татарстан. Эдилдеги (Волга) Булгар каганатында Исламдын кабыл алынгандыгынын 1122 жылдыгын белгилөө учурунан бир көрүнүш. 19-июнь 2011
Абдышүкүр ажы Нарматов: Өзүнүн колу менен, тили менен башкаларга зыян келтирбеген адамды мусулман дейт.

Түгөлбай Казаков: Ал адам качантан баштап, эмне кылгандан кийин мусулман боло алат?


Абдышүкүр ажы Нарматов: Дин деген нерсе ал жүрөктөгү нерсе.

Алла-таалага, Пайгамбарга чын жүрөгү менен ишенгенден кийин мусулман болот, бирөөнүн алдына барып документти алуу деген шарт жок.

Пайгамбар хадисинде ар бир төрөлгөн бала, ыйман менен төрөлөт деп айтылат. Ал чоңойгондон кийин же ислам, же христиан, же башка динге ата-энесинин берген багыт тарбиясы менен түшүп кетиши мүмкүн.

Бирок төрөлгөн ар бир наристе жүрөгүндө Алланын бардыгына берилген ыйман менен төрөлөт.

"Азаттык": Кесиптешим Гүлайым Ашакееванын музыка жана мусулманчылык жөнүндө жазган берүүсүнө, Каирден Айша деген аял мындай деп жазат:

"Исламда музыка арам делген. Эгер Алланы, же Пайгамбарды мактап ырдаса болот. Бирок музыка менен эмес, жөн гана акындар сыяктуу сөз менен элге жеткирсе болот. Артисттер ар түскө келип өзүн ыймандуу кылып көрсөтүп, күйөрман топтогулары келет да, музыка менен ырдап эстрадалык ыр кылып алышат. Андайлар туура эмес".

Ушул аялдын жазганы туурабы? Же каттын шариатка, “Куранга” туура келбеген кандай жаңылыштыгы бар?

Абдышүкүр ажы Нарматов: Ар бир адамдын дүйнөгө караган илимий деңгээли шариаты терең түшүнгөндүгүнө жараша болот.

Ошондуктан Пайгамбарыбыз хадистеринде жана шариатта "адамдын ички дүйнөсүндө уктап жаткан жаман ой-пикирлер бар, аны ким ойгото турган болсо: ага кудайдын наалаты болсун" деген.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейсалам өзүнүн бир хадисинде “чеберчиликте, акындыкта, ыр саптарда кээде сыйкыр жасай албаган терең маанилери бар” дейт.

Анын мааниси: бир акын пайгамбарга келип дин жана мекенди коргоо жөнүндө ырдаган кезде, ал өзүнүн чепкенин чечип акындын үстүнө жаап койгон, ал “Хасийда бурийда” же “Пайгамбардын чепкенине татыктуу болуп токулган ыр» деп аталат.

Ошондуктан Пайгамбар бардык нерсеге эле тыюу салган эмес. Ырдын маанисине карата, ал адамдарды кайсы багытка баштагандыгына карата жооп берилет.

"Азаттык": Бектемир мырза, Египеттен жазган кыргыз аялдын катына кайрылып көрөлү. Бул киши исламга шилтеп жазып жаткан түшүнүк, багыт коомду талиптер Ооганстанда орноткон бийлик тушундагы наамалыктын (сабатсыздыктын) диктатына алып барчудай көрүнөт.

Сиз ушуга кандай баа берет элеңиз?

Бектемир Жумабаев: Мусулманчылык тууралуу “Куранды” жакшы
Султан Бабурдун "Куранынын" сүрөтү. Британия китепканасындагы көргөзмөдө биринчи жолу көрсөтүлдү. Лондон, 2007-жыл

түшүнгөн, жакшы комментарий берген молдолор менен сүйлөшүп көрдүм.

Алар биздин мусулман дини көбүрөөк демократиялык дин, баарына эле тыюу сала берген эмес дешти.

Мухаммед пайгамбар тыюу салган жок да, ал жерде адамдын жан дүйнөсүнө жаман нерсени ойготконго тыюу салып атат.

Музыка деген адамдын жан дүйнөсүндө жакшы нерсени ойготуп атпайбы.

"Азаттык": Сиздер сөз башында Муфтиаттын ырасмий сайтындагы жоопту уктуңуздар. Мындан суроо жаралат. Исламды туура эмес бурмалап көрсөтүү муфтиатта иштеген диний кызматкерлердин билиминин төмөндүгүнөн болуп жатат окшойт?

Бектемир Жумабаев: Азыр даабатка чыгып атат кээ бирлер. Алар “Курандын” бир пайызын билбей туруп чыгып атышат.

"Азаттык": «Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү, кыргыздын көрүнүктүү азаматтарынын бири Муктар Өмүракуновду Бишкекте акыркы сапарга узатуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кошогу менен коштолуп турду.

«Кыргыз руху» гезитинин кабарчысы Назира Салиеванын жазышынча, маркумду Ат-Башынын Калинин айылынан узатуу маалында молдо тыйып койгондуктан аялдар кошок айтышкан эмес, эркектерге өкүргөнгө уруксат берилген эмес.

Мына ушул окуяга шариатка таянып түшүндүрмө берип койсоңуз, Абдышүкүр мырза?

Абдышүкүр ажы Нарматов: Пайгамбар өзүнүн сөзүндө өкүрүүгө, ыйлаганга тыюу салат эле. Бирок күндөрдүн биринде өзүнүн баласы кичинекей Ибрагим көз жумгандан кийин пайгамбар наристени мүрзөгө коюп ыйлаган кезде, "сен бизди ыйлагандан тыюу салат элең, эмне үчүн ыйлап жатасың?" деп сурашат.

Ошондо Пайгамбар өзүнүн хадисинде "көз жаш агызат, жүрөк кайгырат, бирок тилимде Кудайдын тагдырына каршы болгон сөздү сүйлөбөйм" деп жооп берет.

Мунун мааниси, кээде аялдар кошок айтып жатканда “эмнеге жаш алып кеттиң, балдарымды кимге калтырдың” дегени Кудайдын тагдырына каршы. Антпестен, көкүрөгүн жыртып, бетин аймабастан, кичине ыйлаганга болот. Эң негизги маселе ыйлап жаткан кезде тилде каршы сөздөр болбош керек.

Мисалы, жакында белгилүү жазуучуну узатып жаткан кезде Элмирбек "шум ажалдын боору таш экен" деп айтты. Ушуга окшогон сөздө туура эмес маани бар.

Бизди бул дүйнөгө берген Алла убакыт келген кезде өзү алат. Бергенине кубанабыз, алганында дагы. Алланын тагдырына каршы сөз чыкпаш керек.

"Азаттык": Түгөлбай мырза, сиз ушундай пикирге кошуласызбы?

Түгөлбай Казаков: Кыргыз эли ислам дини түптөлгөнгө чейин эле жашап келген, Орто Азиядагы эң байыркы эл.

1850-жылдарда Чокан Валиханов Кыргызстанга келгенде "ислам ибадаттарынан кыргыздардын түшүнүгү жок экен, азыр гана татар, өзбек молдолор пайда болуп баштаптыр" деп жазат.

Бул тарых, бул китепте жазылып турат, муну эч ким танган жок. Бүгүнкү күндө исламчылар агрессивдүү болуп атат.

Египеттик аялдар Араб дүйнөсүндө эң чоң эсептелген Каирдеги китеп жарманкеде. 2-февраль 2007
Сүйлөшө келгенде кагып-силкип, келесоо тутушат. Ислам дининде башка элдердин башка өлкөгө барып ошолордун каада-салтын, үрп-адатын өзгөрткөнгө укуктуу деген жери барбы?

Эгер Мухаммед пайгамбар ошондой деп айтып кеткен болсо, анда ойлонолу.


Кудай динден, саясаттан эркин жаратат, андан кийин барып башы байланат адамдын. Ошондон улам кыргыздар илгертеден өзүнүн эркиндиги үчүн жанын сайып келген эл.

Бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салтын өзгөртүп жиберебиз деген жакшы саясат эмес.

Мисалы кыргыздар барып арабдардын жашоо-турумушун өзгөртөбүз деп аткан жок да. Эмне үчүн бул жердеги кыргыздардын турмушун арабдардын турмушуна тууралап өзгөртүш керек?

"Азаттык": Кыргыздын салт-адаттарын исламга ылайыктоо аракети Борбор Азия үчүн салттуу ханафийлер мектебинин Сауд Аравияда мамлекеттик идеология болгон ваххабизмге орун бошотуп жаткандай таасир эткен жокпу сизге?

Бектемир Жумабаев: Бул бүткүл дүйнөдө байкалып жаткан процесс.

Мусулман дининдеги ички агымдарды карасак: азыр Сауд Аравиясында ваххабизмдин үстөмдүгү келип атат, Пакистанда башка нерсе өкүм сүрүп атат.

Ал эми Кыргыздарда бүгүн абдан өкүнүчтүү нерсе болуп атат. Себеби кыргыздардын көпчүлүгү башка диндерге кирип кетип атат. Бизге миссионерлер келип кыргыздарды башка нукка буруп атат.

Ал эми даабатчылардын билим деңгээли, жүрүм-туруму адамдарды мусулман дининен кеткенге аргасыз кылып атат, үркүтүп атат.

Түгөлбай Казаков: Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар.

Жалпы дин миссионерлери, даабатчыларды карап отуруп,алардын ичинен эң начар иштегени исламчылар экен деп койдум.

Азыр ар бир той берген кыргыз, тойго эч кимди чакырбай, Абдышүкүр мырзаны, же Максат ажыны чакырып лекция окутуп атканын элестетип көргүлө.

Ислам дининин аброю калат бекен, калбайт бекен бир айдан кийин? Ушундай да пропаганда болобу?

"Азаттык": Абдышүкүр ажы, исламдын жол-жоболору кыргыздын улуттук каада-салтына тыюу салабы деп суроо коюу мыйзамдуубу, же Сиз мындай суроого макул эмессизби?

Абдышүкүр ажы Нарматов: Үрп-адат шариятка баш ийет, шарият үрп-адатка баш ийбейт.

Кыргыздын бардык үрп-адаты, шарты туура эмес деген болбойт.

Шариятка каршы эмес кээ бир жакшы салт-санааларыбыз бар. Аларды аткарыш керек.

Түгөлбай Казаков: Башка диндин эрежелери менен келип кыргыздын каада-салтын өзгөрткөнгө эч кимдин акысы жок.

Себеби бул байыркы эл, өзүнүн каада-салты, үрп-адаттары бар, ошону менен аягына чейин жашаш керек.

Бектемир Жумабаев: Кыргыз - кыргыз менен өзүнүн тарыхын, каада-салтын сактап келген эл.

Бүгүн башка элге өзүбүздү кор кылбай, өзүбүздүн байыркы салтыбызды, тарыхыбызды сактап келсек, ошондо кыргыз болуп калабыз.




"Азаттык": Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG