Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Жөлөкпул мыйзамы талкууга түштү


Кароосуз калган балдарга айына 705 сом жөлөкпул берилет
Кароосуз калган балдарга айына 705 сом жөлөкпул берилет

Кыргызстанда жөлөкпул системасын өзгөртүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун былтыр декабрда парламенттин токтому менен түзүлгөн топ иштеп чыккан. Укук коргоочулар бул демилге жетим жана майып балдардын укугун одоно бузууга жол ачат деп тынчсызданууда.

Кыргызстанда ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул жарандардын эки тобуна берилет. Биринчиси – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, экинчиси – майыптар, улгайган, бирок эмгек стажы жок жарандар жана жетимдер.

Жөлөкпул алууга укугу барларды жергиликтүү бийлик аныктайт.

Ал үчүн маяна, пенсия, түрдүү ишмердүүлүктөн түшкөн бир айлык акчанын жалпы суммасын үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө 810 сомдон ашпашы керек. Муну адистер кепилденген минималдык киреше деп аташат.

Короодогу малынын саны 25 кой, 3 уй, 2 жылкыдан ашкандар жана автоунаасы барлар мамлекеттен жардам алуучулардын тизмесине кирбейт.

Мына, бүгүн эле бир үй-бүлөдө болдум. 7 жаштагы баласы ДЦП, ордунан тура албайт. Каттоосу Аламүдүн району, а жашаган жери Келечек конушу. Каттооң жок деп жөлөкпул бербей жатышат.
Таалай Жакыпов

Учурда парламенттин кароосуна коюлуп жаткан мыйзам долбоору минималдык кирешени аныктоо үчүн улгайгандардын пенсиясын эсепке албоону сунуштап жатат. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев аймактарды кыдырып, эл менен жолукканда бул көпчүлүктүн талабы экенине ынанганын айтууда:

- Мен ай сайын жок эле дегенде 2-3 жолу райондорго чыгам. Эл менен жолугам. Алар “үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсептегенде биз алып жаткан пенсия жалпы суммага кошулуп кетип, таасирин тийгизип жатат, жумушсуз жүргөн балдарыбыз, келиндерибиз жөлөкпул ала албай калат экен” деп көп айтууда. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары жакшы демилге менен чыгышты. Биздин министрлик аны колдоп жатат.

Министрдин айтымында, жаңы демилге биринчи кезекте жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү максатын көздөйт, себеби азыр балдары менен чогуу жашаган карыялардын ай сайын алган 3-4 миң сом пенсиясы жалпы киреше менен чогуу эсептелип калып, алардын неберелерин жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда.

Бирок укук коргоочулар бул мыйзам долбоору жетим жана майып балдарга карата дискриминациялык мүнөзгө ээ, кодулоого жол ачат деп, депутаттарды айыптап чыгышты. “Балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы” жана “Балдардын укугун коргоо борбору” уюмдары буга байланыштуу ачык кат менен Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылышты.

Алардын айтымында, жалпы кирешени эсептөөдө улгайгандардын гана пенсиясын эсепке албоо – мурда сот, прокурор же башка жогорку кызматтарда иштеп жүрүп, көп суммадагы пенсияга чыккандардын да үй-бүлөлөрүнө жөлөкпул алуу укугун берип, бир аз акча менен оокат кылып жүргөн кембагалдардын мамлекеттен мындай жардам алуу укугун чектейт.

Социалдык коргоо маселелери боюнча эксперт Назгүл Ташпаева укук коргоочулар менен макул экенин айтууда:

- Анда 40-70 миң сом пенсия алгандардын чогуу жашаган неберелерине жөлөкпул берилип, майыптыгы же багар-көрөрү жоктугу үчүн алып жүргөндөрдүн пенсиясы жалпы киреше менен бирге эсептелип, алардын жөлөкпул алуу укугу чектелип калып жатат.

Назгүл Ташпаева сөз болуп жаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлбаганын, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана антикоррупциялык экспертизадан өтпөгөнүн да айтууда.

- Биз да ошону каалайбыз. Кудай буюрса, шарт оңолсо экинчи кадам катары алдыга жылабыз. Баарын бирге алып баралы десек, 3,5 млрд сом керек экен. Бүгүнкү күндө өкмөттө мындай акча жок.
Кудайберген Базарбаев

Ал, эң негизгиси, эгер мыйзам кабыл алынса, кедей үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөкпулду көбөйтүү көпкө чейин мүмкүн болбой калышы толук ыктымал деп кошумчалады:

- Араңдан зорго көбөйтүп келатабыз. Азыр аз камсыз болгон үй-бүлө багып жаткан ар бир балага 705 сомдон берилүүдө. Бирок эми жаңы мыйзам боюнча өзгөртүү киргизилсе дагы 10-15 жыл көбөйтө албай калабыз. Себеби буга 8-10 млрд сом керек болот.

Социалдык коргоо министрлиги бир чети “укук коргоочулар жок жерден чуу чыгарып жатат, жөлөкпул үй-бүлөнүн негизги кирешесине мамлекеттен берилүүчү кошумча гана жардам” десе, бир чети, алардын айтканын моюнга алууда. Министр Кудайберген Базарбаев:

- Биз да ошону каалайбыз. Кудай буюрса, шарт оңолсо экинчи кадам катары алдыга жылабыз. Баарын бирге алып баралы десек, 3,5 млрд сом керек экен. Бүгүнкү күндө өкмөттө мындай акча жок.

Ал арада чыныгы муктаждардын мамлекеттен жардам алуу укугу канчалык камсыз болуп жатат деген да суроо койгон адистер бар. Укук коргоочу Таалай Жакыпов ички мигранттардын көбү мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраганын айтууда:

- Каттооң жок деген шылтоо менен ала алышпайт. Мына, бүгүн эле бир үй-бүлөдө болдум. 7 жаштагы баласы ДЦП, ордунан тура албайт. Көтөрүп багышат. Тажикстандан келген кыргыздар экен. Баткенге келип, ал жактан Чүйгө көчүп келишкен. Каттоосу Аламүдүн району, а жашаган жери Келечек конушу. Каттооң жок деп жөлөкпул бербей жатышат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 99 миң үй-бүлө аз камсыз болгон деген топко кирет. Аларда өсүп жаткан 16 жашка чейинки 301 миң бала ай сайын 705 сомдон жөлөкпул алат.

Мындан тышкары майыптыгы, жаш курагына байланыштуу пенсияга чыккан 80 миңден ашуун жаран мамлекеттен 1-3 миң сомдон жардам алат. Алардын 28 миңи 18 жашка чейинкилер.

XS
SM
MD
LG