Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:37

Эл үнү / Коом

Астрологдор: Ажыдаар жылы өзгөчө болот

Чыгыш жыл санагы боюнча келе жаткан 2012-жыл Кара Ажыдаар жылы. Астрологдор Ажыдаар жылы өзгөчө жыл болот дешет. Жаңы жылдан эмнелерди күтүүгө болот, эмне тамак коюп, кандай кийим кийген орундуу?

x
Текст көлөмү - +
Чыгыш жыл санагы катары Кытайдын мисалын алып жүрүшөт. Ага ылайык кирип келген 2012-жыл Кара Ажыдаар жылы экен. Ал эми кыргызда – Балык жылы деп аталарын коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “Азаттыкка” айтып берди:

- Ажыдаарды кыргыз улуу деп айткан. Ошон үчүн кытайдан кыргызга которулган улуу жыл. Негизи кыргыздардын жыл санагы боюнча келе жаткан 2012-жыл Балык жылы болуп саналат.

​​Жаңы жылды кандай тосконуңа жараша бүт жылдын маанайы аныкталат деген кеп бар. Андыктан Кара Ажыдаар же Балык жылын ачык маанай, жакшы тилектер менен, үй-бүлөнүн кашында бийлеп, оюн-зоок менен тосуу керек.

Ажыдаар көк асманда жүргөн жандык болгондуктан астрологдор жаңы 2012-жылды ачык мейкиндикте тосууну сунушташат. Ошондой эле бул жандыктын табити өтө күчтүү келгендиктен, жаңы жылдык дасторкон да дүр-дүйүмгө толуп турганы орундуу дейт "Астрон" борборунун астрологу Андрей Рязанцев:

- Майрамдык дасторкон ар түрдүү тамактарга толо болуш керек. Ажыдаар негизинен эттүү тамактарды жактырат. Андыктан салаттарды жана башка тамак-аштарды эт менен жасаганга аракеттениш керек. Ошондой эле сөзсүз түрдө жаңы жылдык дасторкондо балыктын түрү болуш керек. Эгерде форель, же башка кымбат балык алганга каражат жетпесе, арзаныраак балыктар менен кызыктуу ар кандай салаттарды, тамак-аштарды жасаса болот.

​​Жаңы жылды ким болбосун колдон келсе жаңы, көз жоосун алган кийими менен тосконго аракеттенет. Ажыдаар жылында кара, жашыл, сары түстөгү же жалтырак кийимдерди кийүүнү астролог сунуш кылууда:

- Кара Ажыдаар жылын тосуп аткандан кийин майрамдык кийимде сөзсүз кара түс болуш керек. Мисалы, ачык кызыл, ачык сары, же жашыл көйнөк кийип, кара моюн орогуч, кара кур, же кара галстук тагынса жакшы жарашат. Ал эми бул күнү кара көйнөк алтын, же күмүш түстүү жалтырагы менен болсо идеалдуу болот.

Уламыштарда ажыдаар адатта асыл заттарды жана казыналарды кайтарган жаныбар деп айтылгандыктан бул түнү колдон келсе, айымдар алтын, күмүш, ар кыл таштагы шуру, сөйкөлөрдү тагынса жакшы болот дегендер да бар.

Ал эми Бишкек шаарынын тургундары жаңы жылдан эмнени күтөт болду экен?

​​Сарымсакова Анара: Жаңы жылда элибизде тынчтык болсун, бири-бирин түшүнүп, башчыбыз акжолтой, акылдуу болсун.

Гүлжамал: Жаңы жылды Ысык-Көлгө барып, үй-бүлөбүз менен тособуз. Жаңы жылда окууларыбызды жакшы бүтүп, каалган кесибибиз менен иштесек дейбиз. Элге тынчтык, токчулук каалайбыз.

Бугубаев: 82ге чыгып, 83тү көздөй кетип атам. Жаңы жылда элге ыйман каалайм. Жаңы жылда жаңы эл, жаңы жоопкерчиликтер келсин.

Шералиева Равия: Жаңы жылды балдарым, неберелерим менен тосом. Тынчтык заман башталды. Жаңы жылда элде ден соолук, тынчтык болсун, акчалары көп болсун. Пенсионерлер карылыгын жакшы өткөрсүн, жаштарыбыз тартиптүү болсун.

Кыргыз жыл санагын түзүүчү Дастан Сарыгулов Балык жылында улуттук  касиеттер ойгонуп, өнүгүү жолуна түшөт деп төлгө салды. Ал эми аба ырайында болсо кескин өзгөрүүлөр болушу мүмкүн дейт:

- Аба ырайы жагынан абдан татаал жыл болот. 28 миң жылда бир жолу күн системасы биздин галактиканын магниттик экваторун түндүктөн түштүккө карай тешип өтөт. Бул эмдиги жылдын декабр айына туш келет. Ошондуктан аба ырайында кандайдыр жагымсыз, опурталдуу табигый көрүнүштөр болуп кетиши мүмкүн. Мүмкүн кургакчылык болот.

​​Парапсихолог, эниоинженерлер академиясынын академиги Лариса Асанбекованын айтымында, Кара Ажыдаар жылынан тарта жаңы доор башталат:

- 2012-жыл өзгөчө жыл. Келип жүргөн жаңы жылдардан өзгөчөлүгү биз бир доордон экинчи доорго өтүп жаткан мезгил. Темир доор деп аталган доор бүтүп, алтын доор деп аталган доорго өтүп жатабыз. Бул келе жаткан доордо жакшылыктын жылдары болот, сүйүүнүн доору. Мындайча айтканда жердеги бейиш башталат деген сөз. Бул жылдары төрөлгөн балдар абдан акылдуу, гармониядагы балдар болот. Келе жаткан жаңы жылыбыз кут болсун. Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө аруулук болсун, жүрөгүндө ыйман болсун, жакшылыктарды алып келген жылдардан болсун.

Койон жылын узатып, ал эми Ажыдаарды тосуп алууда "ийгиликти куйругунан кармап", жыл бою койо бербегенге аракеттенсе, адамга чыныгы ийгилик келет дешет. Андыктан келе жаткан жаңы жылда жаңы ийгиликтер болсун.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Билал каяктан: Кыргызстан
31.12.2011 18:06
Урматтууу кыргыз элим сени бугунку улуу ажыдар же болбосо балык жылы менен куттуктай! Ушул жыл кыргыз элине ТЫНЧЫЛЫК,БАКУБАТУУЛУК ,ТОКЧУЛОК ЖАНА БАЙЛЫК АЛЫП КЕЛСИН!! КЫРГЫЗ ЭЛИМ ДАЙЫМА АЛДЫГЫ КАРАЙ ОНУГУП ОСО БЕРЕЛИ !УШУЛ ЖЫЛЫ БАШЧЫЛЫРЫБЫЗГЫ ЫЙМАН ЫНСАП БЕРСИН ЭЛДИ ОЙЛОГОН АЖООДОН БОЛСОН !! КЫРГЫЗ ЭЛИМ ДАЙМА БАР БОЛСОН !!! АЛА-ТООДОН ТЫНЧЫЛЫК ТОКЧУЛУК БАЙЛЫК ЖАНА БЕЙПИЛДИК КЕТПЕСИН ЖАНА КЫРГЫЗ ЭЛИМ БАР БОЛ КЫРГЫЗ АЛГА!!!!!!!

кимден: Sheril phil каяктан: USA
30.12.2011 22:18
Kymbattyy Kyrgyz elim Jany jylynyzdar menen,Kydai bizge yrycky chachsyn ,yntymak,yiman jana Ak tyyra jolgo salsyn,Kydai koldosyn!

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
30.12.2011 21:14
Митингстандык Бек. Эй сен ошо Дастан Сарыгуловдун айтканын угуп, аны пир тута турган болсон, шамандарча эле отту айланып чуркабайсынбы? Далдыр десе! Тенирчилик тенирчилик дегенден башка анын кыйраткан эмне иши бар? Киши жеген аборигендер да озулорун улуу элбиз дешет
бирок адам бара бара акыл эсине келиш керек да
Ислам дининдесинби же сен да тенирчисинби отко сууга сыйынган?
Пикирге жооп

кимден: Marat каяктан: Bishkek
01.01.2012 21:04
Saga okshogondor kyrgyzstandy Afganistanga ailandyrgylary kelet. Dastan baikegnin bilimine tyrmagyngar da chak kelbeit. Jangy jylyngar menen!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.01.2012 14:21
potrit daldyrdebey siylagandy uyronolu
Пикирге жооп

кимден: Бек эмес
01.01.2012 10:22
Сен адегенде шамандардын ким экенин, тенирчилик эмне экенин билип алып суйлочу макулбу?

кимден: Алмазбек каяктан: Самара
30.12.2011 20:13
Дастан агай чындыгында кыргыз тарыхын жана жыл санагын мыкты билген инсан. Карасаңар анын жылдыз эсеби менен байыркы индей мая уруусунун календарынын дал келип жатышын. (2012-жылдын декабрь айы). Бул кокусунан болбосо керек. Биздин байыркы бабаларыбыз менен Америкалык индеец урууларынын түздөн-түз туугандык байланышы бар.

кимден: Марс каяктан: Казахстан
30.12.2011 17:50
Жалпы эле Кыргыз Элин, Кыргыз Журтун, эртен келе жаткан Жаны Жылыныздар менен куттуктайм. Элибизде тынччылык болсун, токчулук болсун, жогору карай осо турган жыл болсун. Кыргыз Элибиз эч качан жамандыктын, согуштун, кыйынчылыктын бетин корбосун, бай бололу, бар бололу, жашасын Кыргыз Элим, Кыргыз Жерим.

кимден: Кадыркул каяктан: Кербен
30.12.2011 15:09
Урматтуу "Азаттык". Ушул Дастан Сарыгулувдун сөзүн жазып өз абийириңерди кетирбегилечи. Бул киши калпычы, кыргыз тарыхын тупикке алып барып салганын эмне баамдай албайсыңар?
Пикирге жооп

кимден: Bek каяктан: mitingstan
30.12.2011 16:59
dooduroberesingbi, saga oshogon chala moldo din buzarlar Kyrgyz elinin kaada saltyna shek keltirip jatat,
Dastan Sarygulov kyrgyz er azamaty, bizdin el kaada saltybyzdy unutpoogo salym koshup kelatat
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.01.2012 02:58
Sen emne akyrette saltyndan suralasynby,Allahty taanyp anyn buiruktaryna bash iybeisinbi esindin barynda.

кимден: Асел каяктан: Екатеринбург
30.12.2011 13:22
Жакшы жакшылыгы менен эсте кала турган жыл болсун
,кыргыз элим оркундоп осун , аман эсен болсун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.12.2011 14:06
Ажыдаар жылы ажыдаардай ажылдашып жакшы кундор болсун

кимден: роза каяктан: сокулук
28.12.2011 23:11
акжолтой жыл болсо болду
Пикирге жооп

кимден: Селжук
20.01.2012 19:46
Оюна келгенди оттоп,мурдуна келгенди жыттаган калпычы астро толгочулор!Айтканынар баары жалган!Ñ
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу