Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Отунбаева: Бакиевди өлкөдөн мен чыгаргам


Кандай гана революция болбосун дароо эле жемишин бербейт. Ал бир нече жылдан соң гана өз максатына жетет. Буга дүйнөлүк тажрыйба, тарых күбө. Тек ошол баштаган ишти ара жолдо таштабай, алдыга улоо керектиги 5-апрелде Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте өткөн “Кыргызстандагы Аксы окуялары, 2005-жыл Март, 2010-жыл Апрель революцияларынын сабактары” аттуу илимий-конференцияда талкууланды. Жыйында “2010-жылы Курманбек Бакиевди өлкөдөн ким чыгарган?” деген суроого жооп табылып, аны экс-президент Роза Отунбаева мойнуна алды.

Кыргызстан эгемендик алган 20 жыл ичинде эки элдик козголоңду башынан өткөрдү. Экөө тең демократия деген туу астында көтөрүлдү. Илимий жыйынга келген экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстан революция болуп өткөн башка өлкөлөргө караганда туура багытта баратат деп ишендирди:

- Мындай учурлар, революциялар, бурулуштар дүйнө жүзүндө болууда. Айрыкча Жакынкы Чыгыштагы революциялар жыйынтык бербей жатат. Бүгүн биз үч жыл ичинде кыйла алдыга жылдык. Демократия иштеп, өнүгүп жатканына өз көзүбүз менен күбөбүз.

Отунбаеванын оюнча, революциялар Кыргызстандын жаңы коомуна жол ачты, тек гана ал жагы илимий жактан терең талданып, калыс баасын албай жатат. "Биздеги өзгөрүштөр терең талдоого алынбагандыктан, дүйнөдө Кыргызстан тууралуу ар кандай көз караштар орун алууда", - деди Отунбаева:

- Бизде анализ жок. Ошол жакта туулган, качып жүргөн сөрөйлөр бар. Алар тышта туруп алып, Кыргызстанды жамандап жатышат. Ал үчүн акча да алышат. Мен айтаар элем: урматтуу жолдоштор, өзгөчө окумуштуулар силер коомду алдыга түртпөй жатасыңар. Кээ бир кезде эле талдоочу болуп, акылдуу сөздөрдү айтып чыгасыңар. Ага деле макулбуз. Бизде он чакты талдоочу бар. Ойлору авторитеттүү, айткандары жүйөлүү. Бирок коомдун үстүнөн терең изилдөө процесстери жокко эсе.

"Экс-президент Курманбек Бакиевди чет өлкөгө чыгарууга ким саясий жоопкерчилик алат?"- деген суроого бүгүн ачык-айкын жооп алынды. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Роза Отунбаева агынан жарылып, Бакиевдин кетүүсүнө өзү уруксат бергенин жана ал үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирди:

- Азыр “Бакиевди ким чыгарса, ал жоопкерчиликти моюнга алсын” деп жатышат. Мен чыгаргам, мен бүгүн жоопкерчиликти моюнга алууга даярмын. Өзүңөр билесиңер 2010-жылы абал оор эле. Эл түштүк-түндүк болуп бөлүнүп, араң турган. Ошол кезде мага казак президенти Нурсултан Назарбаев “Вашингтондо жүрөм, жанымда Дмитрий Медведев менен Барак Обама турат, Бакиевди чыгарып жиберип, тынчтык орноткула”, - деп телефон чалды. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айтсам, эч кимиси макул болбоду. Эсимде, Өмүрбек Текебаев: “2005-жылы Акаевдин артынан барып, мыйзамдуу түрдө арызына кол койдуруп келгеним үчүн 5 жыл жаманатты болдум, эми андай ишке барбайм” деп койгон. Анан жоопкерчиликти өзүмө алгам.

2010-жылдын 7-апрелинен кийин жүздөгөн адамдар “апрел революциясынын баатыры” болгон. Убакыттын өтүшү менен анын баары эле бийликке каршы башын сайбаганы гезит беттерине чыга баштады. Жалган революционерлер жана уюмдар, ошондой эле апрел каармандарынын одоно жана догурунма жүрүм-туруму апрел козголоңуна көлөкөсүн түшүрүп жатканы да айтылууда. Бирок президенттин кеңешчиси Эмил Каптагаев мындай фактылар тууралуу кабары жок экенин айтты:

- Мындай болушу дагы мүмкүн. Бирок менде ул боюнча факты жок. Бүгүнкү күндө “апрел окуясынын баатыры” деп эки миңге жакын кишинин тизмесин бергенбиз. Алар ошол кезде революцияга катышкан, “Бириккен элдик кыймылга” кирген партиялардын чечими менен аныкталган. Эгер жалган баатырлар болсо, бул ошол партиялардын абийириндеги гана иш.

Эмил Каптагаевдин пикиринде, 3 жыл ичинде революцияны жаманатты кылуу, анын баркын кетирүү үчүн атайын ушактар таркатылып жатат жана мунун артында реваншисттик күчтөр турат:

-“Бирөө угуп айтса, миңи укпай айтат” дегендей ушак аркылуу азыркы коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү жаманатты кылуу, революциянын максатын жокко чыгаруу аракеттери болуп келет. Мунун аркасында албетте, баягы эле реваншисттик күчтөр турат.

Ош, 15-апрель, 2010-жыл
Ош, 15-апрель, 2010-жыл
Айрым оппозиция өкүлдөрү, саясат талдоочулар 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде төңкөрүш болгон деп айтып жүрүшөт. Буга Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жетекчиси Абдыганы Эркебаев мындай жооп узатты:

- Төңкөрүштө азыраак топ бийликти алууга аракет кылат. Ал эми революция бул жалпы элдик нааразычылык, эл көтөрүлөт. Объективдүү, субъективдүү себептери бар. 2005-жылдын мартында да, 2010-жылдын апрелинде да революция болгон.

Борбор Азияда Кыргызстан демократияга умтулган өлкө катары дүйнөлүк коомчулукка таанылган. 2010-апрел окуяларынан кийин Кыргызстанда парламенттик система орногон. Апрелде бийликке келген саясатчылардын айтымында, бул жаңы система 5-10 жылдан кийин гана үзүрүн бере баштайт
XS
SM
MD
LG