Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Өкмөт Валюта корунун жардамына муктаж эмеспи?


Кыргыз өкмөтү Валюта корунун үч жылдык программанын алкагында берилчү 100 млн. доллар жеңилдетилген насыясынан баш тартарын билдирди.
Кыргыз өкмөтү Валюта корунун үч жылдык программанын алкагында берилчү 100 млн. доллар жеңилдетилген насыясынан баш тартарын билдирди.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип жатканын жүйө келтирип, аталган уюмдун 100 млн. долларлык жардамынан баш тартарын билдирди.

Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү Бишкекке келип, алдыдагы үч жылда өлкөнү өнүктүрүү программасын каржылоону өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен талкуулады. Оторбаев эгер аталган уюм өкмөттүн ички саясатына кийлигише берсе, насыялардан баш тартарын билдирди:

- Биз аларга мындан кийин жөлөк-таяк боло албайсыңар деп айттык. Эгер мурдагыдай эле биздин карыздарга, салык саясатыбызга кийлигише турган болсо, иштешүүнү токтотобуз. Алардын бизге кереги жок. Эл аралык валюта фонду өкмөткө структуралык реформаларды жүргүзүүгө, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга көмөк көрсөтсө гана иштешебиз.

Валюта кору Кыргызстанга үч жылдык программанын алкагында 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берет. Уюм каражаттын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жана бюджеттин туруктуулугун кармап туруу максатында гана колдонулушун көзөмөлгө алат.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчынын мындай билдирүүсү айрым экономисттердин катуу сынына кабылды. Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров валюта корунун жардамынан баш тартуу кыргыз экономикасы үчүн опурталдуу экенин эскертүүдө. Анын айтымында, экономикасы Орусиядан түздөн-түз көз каранды Кыргызстанды да кризис каптап, сомдун курсу дагы ылдыйласа, өкмөт кайра эле жардамга зар болот.

- Мына кечээ эле 2,5 млрд. запасыбыз бар деп жаттык эле, бүгүн ал 1,9 миллиардга түштү. Запасыбыз алты-жети айга эле жетет деп жатабыз. Андан кийин эмне кылабыз? Эгер кризиске кептелсек, бизге ким жардам берет? Башка эл аралык каржы уюмдары жарым жыл мурда кайрылганда гана насыя бөлөт. Эл аралык валюта фонду бир ай ичинде жардам берген жалгыз уюм. Мына биз ушул мүмкүнчүлүктөн ажырап жатпайбызбы.

Жапаров кошумчалагандай, Эл аралык валюта фонду өкмөттөн бюджетти кирешеге жараша чыгаша бөлүгүн чектөөнү талап кылат. Кыргыз өкмөтү бюджет таңсыктыгын 15 миллиард сомго чейин жеткиргендиктен уюмдун талаптары да күчөгөн.

Кыргыз экономикасы Эл аралык валюта фондунун жыл сайын берген 30 млн. долларлык насыясы жок деле жашап кете алат. Мындай оюн Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев билдирди. Анткен менен ал валюта фондунан баш тартуунун башка каржы уюмдарына да терс таасири тиерин жашырбайт.

​​- Валюта фонду дайыма локомотив сыяктуу жүрөт. Башка эл аралык каржы уюмдары аларды карап турат. Алардын таасиринен башка уюмдар да бизге жардам берүүдөн баш тартуусу мүмкүн. Бирок бул өтө жаман сценарий. Бүгүнкү күндө биз алардан толук баш тарта элекпиз. Сүйлөшүүлөр дагы уланат. Чынында Валюта фонду өкмөттүн ички функцияларына да кийлигишип жатат. Салык саясатына, тышкы карызга дегендей.

Эл аралык валюта фондунун кыргыз өкмөтүнүн алдына койгон эки негизги талабы бар. Биринчиси - сырттан алган карыздардын көлөмүн ички дүң жыйымдын 60 пайызынан ашырбоо. Учурда мамлекеттик карыз аталган чекке жакындап, 3,6 млрд. доллардан ашты.

Экинчиси - салык саясатын өзгөртүү, башкача айтканда, ишкерлерди салыктан бошотпоо. Уюм бюджеттин киреше бөлүгүн салыктардын эсебинен толтуруп, чыгашаны азайтууну талап кылат. Кыргызстан аталган уюмдун насыяларынан 2006-жылы баш тарткан, бирок анда бюджетте таңкыстык жок болчу.

XS
SM
MD
LG