Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

2015-жылга дүйнөлүк экономика элдир-селдир ыргак менен кирүүдө. Анткени эл аралык каржы уюмдары белгилегендей, аяктаган жылы глобалдык экономиканын калыбына келүүсү уланган менен өсүү ыргагы бир калыпта жана бекем боло алган жок. Буга геосаясий тобокелчиликтердин күчөшү да өз салымын кошту. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө дүйнөлүк экономиканын жыл жаңырган учурдагы акыбалы талдоого алынат

Экономиканын жаңы башталган жылдагы көрсөткүчтөрү сөзсүз артта калган мезгилдеги жараяндарга көз каранды болгондуктан, бери дегенде акыркы эки жылды эстебей койо албайбыз.

2012-жылы дүйнөлүк экономикага баа берүүдө адистер “рецессия”, “карыз кризиси”, “улуттук дүң өндүрүштүн кыскарышы” өңдүү сөздөрдү пайдаланышкан эле. Бирок ал жылы эң башкы көйгөй дүйнөлүк экономиканы белгисиздиктин тушашы болгон.

Ал эми 2013-жылы дүйнөлүк экономика белгисиздиктен кутулуп, “өткөөл жолго” түшкөнү айтылган.

Бирок баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун улук экономисти Найжел Пейн (Nigel Paine) "Азаттык" менен маегинде белгилегендей, аяктаган жылдагы күтүүсүз окуялар дүйнөлүк экономиканын өсүү ыргагы боюнча да болжолдорду өзгөрттү:

- Биз дүйнөлүк экономикада күтүп жаткандар буга чейинки белгисиздик менен өткөөл мезгилдин элементтерин кошуп турат. Глобалдык экономикадагы кайра жандануу абдан эле ылдыр-сылдыр ыргак менен жүргөндөй болду. Ири экономикалык оюнчулардагы кырдаалдын бири-биринен айырмалануусу уланып жатты. АКШда кайра жандануу жакшы жүргөндөй көрүнгөнү менен, евроаймактагы жандануу АКШга салыштырмалуу бир топ алсыз. Атүгүл кайра жанданууга тоскоолдук кыла турган тобокелчиликтер сакталууда. Экономикадагы өсүштүн ыргагы алсыз болгондуктан, евро аймакта белгисиздик сакталып турат десек да жарашат. Эгер өнүккөн дүйнөдөн өнүгүп келаткан базарларга келсек, Кытайда экономиканын акырындык менен басаңдоосу байкалат. Бразилия менен Индияда 2014-жылдын жыйынтыгында жана 2015-жылы өсүш бекемирээк болчудай. Ал эми Орусияда кырдаал абдан татаал бойдон калып жатат.

Найжел Пейн өкүлү болгон Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму 2014-жылдын жыйынтыгы менен глобалдык экономика эң мыкты дегенде 3,3% өсөт, ал эми 2015-жылы өсүш 3,7% гана болот деп болжолдоодо.

Дүйнөлүк банк кайра каралган эсептерин 13-январда жарыялаганы жатат. Бул эл аралык каржы уюмдун Вашингтондогу кеңсесинин талдоочусу Франциска Онсорге (Franziska Ohnsorge) “Азаттык” менен маегинде:

- Айрым белгисиздиктер чынында 2014-жылы да ишке ашты. Глобалдык өсүш кайра эле күтүлгөндөн төмөн болуп жатат. Өсүш өзү акыркы бир нече жылдан бери эле бир калыпта кете албай турду да. Айырмачылыкты негизги цифралар да көргөзүүдө. Өнүккөн дүйнөнү алсак, азыркы учур бир жагынан Кошмо Штаттар менен Британиянын пайдасына ойногондой. Аларда эмгек базары, кыймылсыз мүлк базары жанданып жатса, евроаймакта, Жапонияда жандануу ыргагы күчтүү эмес. Бул нерсе алардын акча–кредит, монетардык саясатында да көрүнүүдө. Маселен, Кошмо Штаттарда Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөктү көтөрүү жөнүндө сөз кыла баштаса, евроаймакта сандык жумшартуу ыкмасын (салттуу эмес акча- кредит саясаты) кеңейтүү зарылдыгын талкуулап жатышат. Өнүгүп келаткан дүйнөдөгү негизги оюнчулардын айрымдарындагы экономикалык басаңдоого саясий белгисиздик же тиреш, ички саясаттын катаалданышы, анан өзгөчө акыркы кездери чийки заттын, өзгөчө мунайдын арзандап кетиши да таасир берди. Келечекти караганда, бул факторлордун айрымдары экономика үчүн зыяндуу болсо, айрымдары пайдалуу. Мисалы, мунай баасы көтөрүлбөйт деп күтүүдөбүз. Булөз кезегинде кара май импорттогон өлкөлөргө жардам берет.

2014-2015-жыл үчүн экономиканын өсүү ыргагынын көрсөткүчтөрүн ноябрь айындагы акыркы баяндамасында мурдагысына салыштырмалуу Эл аралык валюта кору да ылдыйлаткан.

Валюта корунун эсебинде, 2014-жылдын жыйынтыгы менен глобалдык экономика 3,3% кеңейет, 2015-жылы өсүш 3,8% болот.

Дүйнөнүн акчалай көлөмү 70 триллион доллардан ашкан дүң өндүрүшүнүн 80%дан көбү Чоң жыйырманын тобуна киргендердин, башкача айтканда 20 эле мамлекеттин, 50 пайыздайы төрт ири оюнчу: АКШ, Еврошаркет, Кытай, Жапониянын үлүшүнө туура келет. Андыктан, майда жана орто мамлекеттердин экономикасы 10-15% деле өсө бериши мүмкүн. Бирок глобалдык экономиканын оң же терс нукка кетиши ошол негизги төрт-беш оюнчуга көз каранды.

АКШ: Өсүштү бекемдөө

Дүйнөнүн номер биринчи экономикасы – АКШда өсүш 2014-жылдын жыйынтыгы менен 2,2%, 2015-жылы 3% болот деп күтүлүүдө.

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун улук экономисти Найжел Пейн (Nigel Paine):

- АКШнын экономикасы 2014-жылдын ичинде динамикалуу болду. Биз өсүш 2% ашат деп күтүп жатабыз. Байкаганыбыздай, АКШ экономикасы жыл бою кубаттанды, инвестиция көбөйдү, эмгек базары жакшырып жатты, жумушсуздук деңгээли кескин кыскарды, инфляция абдан төмөн болду. 2015-жылы өсүш 3% болот же андан бир аз ашат деп ойлойбуз. Мындан улам 2015-жылдын ичинде АКШнын Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөгүн көтөрө башташы мүмкүн. 2014-жылдын декабрындагы акыркы жыйынынан кийинки жарыясында алар кредиттердин үстөгү көтөрүлүүчү мөөнөттү так айткан жок. Бирок божомолдорго караганда, алар 2015-жылдын ичинде кредиттер боюнча үстөгүн бир же эки жолу көтөрүшөт. Бирок дүйнөлүк экономикада али белгисиздик сакталып тургандыктан, Кошмо Штаттар мындай кадамга аларга таасири кандай болорун аңдап, билген соң гана барат.

Нью-Йорк биржасы

Нью-Йорк биржасы

АКШда кредиттер боюнча үстөктүн көтөрүлүшү көбүрөөк жана туруктуу пайда издеген капитал аларды көздөй агылат дегенди туюндурат.

Дүйнөлүк банктын талдоочусу Франциска Онсорге (Franziska Ohnsorge):

- Капитал агымы кредиттердин үстөгүнө байланышкан нерсе. Биздин божомолго караганда, үстөк пайыздар ири экономикалардын баарында төмөн бойдон калат, атүгүл АКШда дагы. Биз өнүгүп келаткан өлкөлөргө да капитал агымы уланат деп ойлойбуз. Бирок, албетте, ири экономикаларда үстөк пайыз саясаты өзгөрүп, өйдө кетсе каржы базарларында олку-солкулук тобокелчилиги күчөйт. Капитал бир күндө келип, бир күндө кетиши мүмкүн. Сөзсүз инвесторлор өлкөдөгү фундаменталдык абалга кылдат байкоо салып турат. Эгер АКШда кредиттердин үстөгү көтөрүлсө, инвесторлор акчаны кайда алып баруу керектигине көңүл бурушат.

АКШда улуттук банк катары саналган Федералдык резерв системасынын кредиттер боюнча үстөгү азыр 0-0,25% тегерегинде кармалып турат. Бул акыркы алты жылдан бери экономиканы колдоо, стимулдаштыруу аргасында көрүлгөн чара.

Салыштыр карасак, Орусиянын Борбордук банкы рубль нарксызданып, ишенимсиздиктен улам сыртка капитал агымы күчөгөн шартта муну токтотуу үчүн кредиттер боюнча үстөгүн декабрь айында 17% чейин көтөрүүгө аргасыз болду.

Кытай: Башкарылма басаңдоо

Дүйнөнүн АКШдан кийинки экинчи ири экономикасы Кытай 2014-жылы биринчи ирет Кошмо Штаттарды сатып алуу кубаты жагынан басып өттү. Бул АКШ менен Кытайда товар баасы кыйла айырмаланары, ошондой эле кытай калкы АКШныкынан үч эсе көптүк кылары менен байланыштуу. Бирок улуттук дүң өндүрүштүн жалпы акчалай жана жан башына бөлгөндөгү көлөмү жагынан Кытай али АКШдан артта.

Кытайда экономиканын өсүү ыргагы 2014-жылы да басаңдаганы байкалды. Шанхай, Кытай, 9-январь, 2014-жыл

Кытайда экономиканын өсүү ыргагы 2014-жылы да басаңдаганы байкалды. Шанхай, Кытай, 9-январь, 2014-жыл

Атап айтканда, АКШнын Улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмү 2014-жылдын жыйынтыгы менен 17,4 триллион долларга, Кытайдыкы 10,4 триллион долларга жетери күтүлүүдө.

Кытайда экономиканын өсүү ыргагы 2014-жылы да басаңдаганы байкалды.

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун улук эксперти Найжел Пейн мындай дейт:

- Кытайда акырындык менен басаңдоо бар. Муну экономиканы инвестиция толкунунан керектөөнү, өндүрүштөн кызмат көрсөтүүнү көздөй тең салмактоо аракетинин алкагындагы иш деп койсок да болот. Биздин оюбузча экономикалык өсүш 2014-жылы 7,3%, 2015-жылы 7% чейин түшөт. Бирок Кытайда кыймылсыз мүлк сектору акыркы жылдары өтө тездик менен карыз топтоп алганы боюнча тынчыздануулар бар. Өкмөт бул чөйрөдөгү саясатты жеңилдетип, экономиканы колдоого аракеттенүүдө. Эгер кыймылсыз мүлк базары кайра жанданбастан, төмөндөп кетсе экономикага дагы солгундоо алып келет. Албетте өкмөт буга жол бербеш үчүн айрым чараларды көрдү. Кыймылсыз мүлк базарын колдоо боюнча 2014-жылдагы микрочаралардын бири кредиттер боюнча үстөктүн ылдыйлатылышы. Бул саясат алдыда улантылышы мүмкүн. Анткени Кытайда азыр инфляция абдан төмөнкү деңгээлде. Керектөө бааларынын инфляциясы 1,5% эле. Мунай баасынын арзандашы муну дагы түшүрөт. Эгер Кытай экономикасы басаңдаса, ал башка экономикаларга да таасир берет. Анткени Кытай глобалдык экономиканын ири бөлүгү.

2013-жылдын ноябрында Кытай компартиясынын үчүнчү пленумунда, экономика жаатында “тарыхый” деп аталган чечимдер кабыл алынган эле. Алардын маңызы - экономиканы базардын шарттарына көбүрөөк ылайыкташтыруу.

Дүйнөлүк банктын талдоочусу Франциска Онсорге “Азаттык” менен маегинде ал пленумдун чечимдери али толук ишке ашырыла электигин белгилеп, Кытайдагы экономикалык солгундоону атайы жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасы деп атады:

- Кытайда экономикалык солгундоо кетип жатат. Бирок бул атайлап жасалгандай. Саясатты аныктоочулар экономикалык өсүштүн ыргагын акырындык менен, көзөмөл менен басаңдатышууда. Кытайдын турак жай базары азыр бир аз “муздады”. Анткени инвестиция негизи жок жасалып кеткен. Ошондой эле металл баасынын төмөндөшү да өз таасирин берди. Ооба, ал каржы системасына же башка секторго кесепетин тийгизбеди. Турак жайдын баасы арзандаган жок, бирок баанын өсүү ыргагы басаңдады. Кытайдагы кырдаалга биз да тыгыз мониторинг кылып турабыз. Акырындык менен жакшы башкарылган басаңдоону биз дагы күтүп жатабыз. Алдыдагы үч жылда өсүш 7% эле болот го. Бул расмий саясаттын бир бөлүгү да.

Ошентип, 2000-жылдардын башында жылына 10-11% өскөн Кытай экономикасы 2015-жылга келип 7% түшсө, жалгыздап алганда дүйнөнүнүн үчүнчү ири экономикасы – Жапонияда 2014-жылдын жыйынтыгы менен өсүш 0,5%, 2015-жылы 1% жетпейт деп күтүлүүдө.

Евроаймак: ыргылжың абал

Евроаймактагы өсүш 2014-жылдын жыйынтыгы менен 1% жетпейт, 2015-жылы 1% кичине ашат.

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун улук экономисти Найжел Пейн:

Еврошаркетке кирген мамлекеттердин желектери

Еврошаркетке кирген мамлекеттердин желектери

- Аяктаган жылы евроаймак стагнацияга жакын болду. Өсүү ыргагы абдан төмөн. Биздин оюбузча 2014-жылдын жыйынтыгы менен 0,75% болот. Эмгек базарындагы жандануу деле анчалык сезилбейт. Орус экономикасынын алсырашы да евроаймакка өз таасирин тийгизди. Биздин оюбузча Орусиядагы төмөндөө жана ага экспорттун кыскарышы евроаймактагы өсүштү 0,1, 0,2% ылдыйлатты. Евроаймактагы кризистин баштапкы баскычтарында негизги көңүл Греция, Португалия, Ирландия сындуу өлкөлөргө бурулуп, анда талап кылынган структуралык реформалар жүргүзүлгөн. Бирок Франция, Италия, кандайдыр бир деңгээлде Германия сындуу өзөк мамлекеттер Европанын экономикасын чыңдашы мүмкүн болгон структуралык реформаларды жасай элек.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жыл жыйынтыгын чыгарууга арналган басма сөз жыйында ырастагандай, Еврошаркеттин экономикасы алар Орусияга каршы киргизген санкциялардан жана Москванын жооп чараларынан улам 2014-жылы 40 миллиард доллар жоготту, 2015-жылы дагы 50 миллиарддан кол жууйт. Бул цифраларга салыштыруу үчүн келтирсек, Еврошаркеттин 28 өлкөсүнүн бир жылдык улуттук дүң өндүрүшү бириккенде 18 триллион доллардан ашуун.

Орусия: Рецессияга кирүү

2014-жылдагы санкциялардан улам Европа жана АКШ менен экономикалык аласа-бересеси бузулган Орусиянын экономикасы, Дүйнөлүк банктын болжолунда, 2015-жылы рецессияга кириши мүмкүн.

Орусияда 2015-жылы экономикада төмөндөө болору айтылууда.

Орусияда 2015-жылы экономикада төмөндөө болору айтылууда.

Рецессиянын белгилери декабрдын соңунда эле байкалды. Экономика министрлиги 29-декабрда жарыялагандай, ноябрь айында улуттук дүң өндүрүш 0,5% кыскарган. Бул 2009-жылдын октябрынан берки алгачкы төмөндөө. Орус өкмөтү 2015-жылы төмөндөө 1% жетпейт деп болжоодо.

Орусиянын мурдагы каржы министри, азыр “Жарандык демилгелер” деп аталган иликтөө борборун жетектеген Алексей Кудриндин эсебинде, орус экономикасы эң оптимисттик болжолдо 2015-жылы 2% ылдыйлат.

Бул эсеп мунай баасы кайра көтөрүлүп, бир баррели 80 долларга чыккан учур үчүн. Эгер мунай баасы 60 доллар же андан төмөн болсо, Кудриндин эсебинде, Орусиянын улуттук дүң өндүрүшү 4% кыскарат.

Өзү мунай баасынын арзандашы аяктаган жылдын экономикалык турмушундагы күтүүсүз окуясы болду.​ Кара май баасындагы төмөндөө бери дегенде 2015-жылдын биринчи жарымында уланат деп күтүлүүдө.

Мунайдын арзандоосу Орусия экономикасына терс таасирин тийгизүүздө

Мунайдын арзандоосу Орусия экономикасына терс таасирин тийгизүүздө

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун эксперти Найжел Пейн мунай баасындагы өзгөрүүлөрдүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Баа эми суроо менен талапка байланышкан маселе да. Менимче, мунун эки себеби бар. Биринчиси - базарга сунушталган мунайдын көлөмү кескин өсүп кетти. Бул бир жагынан кара майды дүйнөдө эң көп керектеген АКШдагы сланц мунай жана газ революциясы менен байланыштуу. Ошол эле учурда экинчи ири керектөөчү - Кытайдын өнөр-жай секторунда да солгундоону көрдүк. Демек мунайга суроо-талап күтүлгөндөгүдөн төмөн болду. Сунуштун көптүгү, талаптын аздыгы бааны ылдый кетирди. Буларга кошумча мунай экспорттоочулардын базар баасын өндүрүштү кеңейтүү же кыскартуу аркылуу турукташтырып келген ОПЕК уюму бул ирет өндүрүш көлөмүн өзгөртпөө жөнүндө чечим кабыл алып жиберди. Башкача айтканда базарды кыска мөөнөткө турукташтыруучу мурдагы эреже иштеген жок.

2014-жылдын июнь-декабрь айларынын аралыгында мунай баасы 45% арзандады.

Соодадагы солгун өсүш

Дүйнөлүк соода уюму 2014-2015-жылга соода боюнча эсептерин ылдыйлатты.

Алардын болжолунда дүйнөлүк соода 2014-жылдын жыйынтыгы менен 3,1%, 2015-жылы 4% эле өсөт. Бул акыркы 20 жылдагы орточо эсептен төмөн көрсөткүч. Мунун себептери катары Дүйнөлүк соода уюму геосаясий тирештерди, аймактык жаңжалдарды жана эбола кризисин атады.

Дүйнөлүк банктын талдоочусу Франциска Онсорге “Азаттык” менен маегинде:

- Дүйнөлүк соода алсыз болуп жатканы узактан берки тенденция. Мунун себеби терең структуралык, анан албетте кээ бир техникалык маселелерге байланыштуу. Дүйнөлүк сооданын глобалдык дүң өндүрүшкө карата катнашы мурдагыдан кыйла төмөн. Бул, балким логистика, камсыздоо менен байланышкан маселе. Логистикалык камсыздоонун кеңейиши жайлады, балким ички керектөөнүн структурасы өзгөрдү. Азыр жеке секторго караганда, акчаны өкмөттөр көбүрөөк коротууда. 2008-жылкы кризистен бери ар кайсы мамлекеттер соода чектөөлөрүн киргизди. Бул сооданы солгундаткан факторлордун бири болушу мүмкүн. Бирок башкысы эмес.

2014-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна соода талаштары боюнча 12 арыз берилген. Алардын төртөө Еврошаркет менен Орусиянын соода талашы. Жалпысынан аяктаган жылы Дүйнөлүк соода уюмуна жеткен талаштардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу азайды.

2013-жылдын декабрында Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө 159 өлкө Индонезиядагы жыйында “тарыхый” деп мүнөздөлгөн келишимге жетишкен эле. Соодадагы тоскоолдуктарды жоюуну максат кылган глобалдык келишимдин шарттары ишке ашса, дүйнөлүк соода дагы бир триллион долларга өсүп, кошумча 20 миллиондой жумушчу орун жаралары айтылган.

Бирок Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун эксперти Найжел Пейн белгилегендей, Индонезияда түзүлгөн келишим али иштей элек:

- Дүйнөлүк соода кубаттана албай жатышындагы башкы факторлордун бири – евроаймактагы өсүштүн алсыздыгы. Дүйнөлүк экономиканын өтө маанилүү бөлүгү болгон евроаймак жакшы жандана албагандыктан глобалдык сооданы кармоодо. Экинчи фактор - али көп өлкөлөрдө негизги капиталга инвестиция талаптагыдай өскөн жок. Бул экономиканын соодага дем бере турган негизги компоненти да. Ал эми сооданы колдоо боюнча Индонезиянын Бали аралында жетишилген келишим али толугу менен ишке аша элек. Ал ишке ашканда сооданын кызышына тикелей таасир тийгизбесе да, оң белги берет.

2015-жылы дүйнө өлкөлөрү климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы глобалдык келишимге жетишет деп үмүт артылууда. Эгер чын эле андай келишим түзүлсө, дароо болбосо да бара-бара негизги оюнчулардын экономиканы өнүктүрүү саясатына өзгөртүү киргизүүсү керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG