Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Апта: Давостун баасы, төраганын талабы...


Давос дүйнөлүк экономикалык форумунун дүйнө мамлекеттеринин конкуренцияга жөндөмдүүлүгү боюнча жаңы рейтингинде Кыргызстан 108-орунга татыды.
Давос дүйнөлүк экономикалык форумунун дүйнө мамлекеттеринин конкуренцияга жөндөмдүүлүгү боюнча жаңы рейтингинде Кыргызстан 108-орунга татыды.

Конкуренцияга жөндөмдүүлүк боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен эң артта калды.

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште Кумтөр маселесин сентябрь айынын ичинде чечүү талабы коюлду. Өкмөт Бажы биримдигине кирүү боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун парламентке жөнөттү.

Төрага Кумтөргө "азуу" салды, арты кандай болот?

Жогорку Кеңештин сессиясынын башталышы менен өлкөдөгү орчун маселелер парламент трибунасынан козголо баштады. Алардын биринчи катарында Кумтөр жана энергетикалык кризис турат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков сентябрь айында Кумтөр боюнча чечим кабыл алыныш керектигин, бул маселе боюнча бардык мөөнөттөр бүткөнүн айтып чыкты.

Төраганын сөзү ордунан козголбой жаткан маселени жылдырууга канчалык таасир этери белгисиз. Анткени бул маселеде чечим кабыл алуунун экинчи жагы болгон “Центерра голд инк” Кумтөр маселеси боюнча жакынкы айларда чечим кабыл алуунун горизонту да көрүнбөй жатканына ишара берүүдө. Маселен, “Центерранын” аткаруучу директору Ян Аткинсондун Кыргызстанда кеңири таратылган интервьюсунда, келишимдерге жетишилген күндө да ал экспертизалардан өтүп, акционерлердин, Канада сотунун жактыруусуна ээ болуш керектигин эскерткен. Кыргызстан өз алдынча чечим кабыл алууга барса, ал кимдер менен бет келишерин Аткинсон кыйытып, “Центерранын” акционерлери “миллиарддарды тегереткен” өтө таасирлүү адамдар экенин белгилеген.

“Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов да сентябрь айынын аягына карай “Центерра” менен сүйлөшүүлөр аяктоосу күмөн экенин июлда эле билдирген. Август айында “Центерранын” өкүлдөрү Бишкекке келип, сүйлөшүү өткөрүп кетти. Бирок анда алдыга жылуу байкалган эмес. Августтагы сүйлөшүүдө канадалыктар Кумтөрдү реструктризациялоо боюнча өздөрүнүн келишим долбоорун алып чыкса, кыргыз тарап өзүнүкүн сунуштаган. Ошондуктан тараптар бир жыйынтыкка келе албай жатат дейт Токон Мамытов:

- Келишим боюнча бир жыйынтыкка келе албай жатабыз. Себеби “Кыргызалтын” бардык келишим февраль айында Жогорку Кеңеште макулдашылып кабыл алган токтомдун негизинде болуш керек деп, ошону сунуштап атабыз. Булар болсо башка варианттарды сунуштап атат. Ошон үчүн бир келишимге келе албай жатабыз.

Жогорку Кеңештин 7-февралда кабыл алган токтомунда үч айдын ичинде Кумтөр боюнча бардык маселелерди чечүү өкмөткө тапшырылган. Ал арада Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү кызматтан кеткенине байланыштуу ишти кароо күзгү сессияга калтырылган. Бирок андан бери да тараптар келишим боюнча алдыга алгылыктуу жылган эмес.

Эксперттер азыркы абалдан канча узакка сакталышы “Центеррага” ыңгайлуу экенин, ошондуктан алар түрдүү себептер менен убакытты созуп келатканын белгилешүүдө.

Жантөрө Сатыбалидевдин өкмөтү макулдашып, Жогорку Кеңеш жактырган Кумтөрдө 50/50дан үлүш бөлүштөргөн ишкана түзүү боюнча келишим долбооруна Кыргызстанда да макул эместер арбын. Айрым депутаттар Кумтөрдү мамлекеттин колуна алууну талап кылууда. Өкмөт жана президент Кумтөр бирден-бир туруктуу иштеген, бюджетке акча төлөгөн ишкана катары анын ишинин үзгүлтүккө учурашына каршы чыгып келатат.

Давос рейтингинде Кыргызстан артта калды

Давос дүйнөлүк экономикалык форуму дүйнө мамлекеттеринин конкуренцияга жөндөмдүүлүгү боюнча жаңы рейтингин жарыялады. Анда биринчи үч орунду Швейцария, Сингапур жана Кошмо Штаттар ээлеген. КМШ мамлекеттеринин ичинен Азербайжан, Орусия, Казакстан жоон ортого кирген. Ал эми Кыргызстан 108-орунга татыган. Өткөн жылдары эле көп көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстандан артта калып келген Тажикстан алдыга чыгып, 91-орунга ээ болгон.

Кыргызстандын мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев рейтинг реалдуу түзүлгөнүн айтып, анда белгиленген Кыргызстандын алсыз жерлерин атап кетти:

- Өлкөбүздүн эң начар жерлери катары - төңкөрүштөр аталыптыр. Экинчи орунда коррупция экен. Үчүнчү орунда мыйзамдардын жана эрежелердин, өзгөчө бийлик тарабынан орнотулган эрежелердин туруксуздугу жана төртүнчүсү - мамлекеттик бюрократиянын натыйжалуу эместиги аталыптыр.

Бул рейтингиди аныктоодо өлкөдөгү мамлекеттик институттардын абалы, билим деңгээли, технология, инфраструктура, макроэкономика, ден-соолук, билим берүү жана жалпысынан 12 көрсөткүч эске алынган.

Булардын ар бири боюнча Кыргызстанда олуттуу проблемалар бар экени айтылып келет. Бирок аларды чечүү багытында көрүнүктүү кадамдар байкала элек. Ал эмес айрым учурларда артка кеткен учурлар бар. Маселен, быйылкы жылы энергетика тармагы көйгөйлөрдүн чордонуна айланууда. Өкмөттүн үч фазаларды өчүрүү планы, электр энергиясын колдонууга киргизген чектөөлөрү экономикага терс таасирин тийгизери парламентте кеңири көтөрүлө баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өкмөттү маселени кандай жол менен болбосун чечүүгө чакырды:

- Цехтерден, заводдордон алдын-ала акча алып, электр энергиясын сатып алып камсыз кылгыла. Каяктан табыш өкмөттүн милдети. Эртең кыш келсе бүт ишканалар токтосо, жумушчулар эмне болот? Алардын айлыгы, турмуш-тиричилиги, бала-чакасы эмне болот? Экономика эмне болот? Мамлекет кандай абалда калат? Пенсияга, айлыкка, жөлөк пулду кантип төлөйсүңөр? Салык каяктан жыйналат? Каяка барабыз? Өкмөт тез аранын ичинде электр энергиясын таап, камсыз кылышыңар керек. Сатып алышыңар керек. Кошуналар менен мамилени оңдошуңар керек.

Өкмөт шаршемби күндөгү жыйынында энергетика тармагында абал оорлошуу үстүндө экенин белгилеп, мурдагы лимиттер дагы төмөндөтүлөрүн жарыялады.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди угалы:

- Азыр биз кризистик кырдаалда жашап жатабыз. Быйыл электр энергиясын берүүдөгү тартыштык 1,6 миллиард кВт/сааттан 2,3 миллиард кВт/саатка чыкты. Азыртадан муну колго албасак, кийинки жылдары 5 миллиард кВт/саатка жетиши мүмкүн. Бул бүткүл тармакка зыянын тийгизет. Ушундай кырдаалга байланыштуу биз чектөөлөрдү 2,3 миллиард кВт/саатка чейин көбөйтүү боюнча сунушту берип жатабыз.

Ошентип өкмөт энергетикалык кризистен чыгуунун жолун электр энергиясын колдонууну чектөөдөн гана көрүп турат. Өкмөттүн мындай ишине канааттанбаган депутаттар аны кызматтан кетирүү демилгесин көбүрөөк көтөрө баштады. Кыязы, жакынкы күндөрү кышка даярдык маселеси парламенттин атайын жыйынында каралып, ошол жерде өкмөттүн тагдыры калчанат.

Бажы биримдигине барууга даярдык

Жогорку Кеңеш жакын арада кышка даярдык, Кумтөргө байланыштуу эле эмес, республиканын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорлордун топтомун карайт.

Премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт 21 мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлордун топтомун август айынын аягында парламентке жөнөттү.

Ал мыйзамдар кайсы тармактарга тиешелүү экени тууралуу Панкратов буларды билдирди:

- Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Мурда бизде мамлекеттик каттоо деген жок болсо, аны киргизип жатабыз. Бажы системасынын жол-жоболорун бузган учурларга жоопкерчилик киргизип жатабыз. Башкача айтканда, Кылмыш жана Административдик кодекстерине өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр. Алар Кыргызстандын жарандарынын турмушуна олуттуу таасир этпейт.

Панкратовдун айтымында, өкмөттүн токтому даярдалып, ал жарыялануу алдында турат. Анда Бажы биримдигине кирүү алдында жана ага кирүү менен көтөрүлө турган бажы төлөмдөрүнүн мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү көрсөтүлөт.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин башчысы Сергей Пономаревдун айтымында, Бажы биримдигине кирүүдө биринчи кезекте автоунаалар кымбаттайт. Бирок Орусия жана Казакстан базарлары Кыргызстанга ачылыш үчүн Бажы биримдигине кирүү зарыл болуп турат.

Бажы биримдигине кирүү үчүн мыйзамдарды кабыл алуу жетишсиз. Ал үчүн тийиштүү инфраструктураларды даярдоо зарыл дейт Пономарев. Бул чек ара жана бажы бекеттерин жабдуу, ветеринардык лабораторияларды куруу сыяктуу иштер. Алар үчүн каражат керек.

Белгилүү болгондой, президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путиндин августта Сочидеги жолугушуусунда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана Бажы биримдигине кирүүсү үчүн Орусия 500 млн. доллар бөлүүсү макулдашылган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 4-сентябрда Москвада орус коллегасы Сергей Лавров менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселени сүйлөштү. Ал жолугушууда айтылгандай, президенттер макулдашкан каражаттар атайын фондко которулуп, ал аркылуу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу иш-чаралар каржылана баштайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG