Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Кыргыз паспорту кылмышкерлерге да сатылат


Чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт бергендиги үчүн Калкты каттоо департаментинин бир катар кызматкерлерине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Аталган департаменттин айрым кызматкерлери 1994-жылдагы жараксыз деп табылган паспортторду чет элдик жарандарга жасалма жол менен беришкен. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин бир катар кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүү учурунда аталган департаменттен 1994-жылкы жараксыз деп табылган паспорттордун үч чет элдик жаранга мыйзамсыз берилгени аныкталды. Азыркы убакта Башкы прокуратура тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаев мыйзамсыз паспорт берүү схемалары ички кызматтык териштирүүдөн улам ачыкка чыгып жатканын айтууда. Анын пикиринде, паспорттордун сатылып жатышына кадрлардын талапка жооп бербегендиги себеп.

- Мамлекеттик каттоо кызматы түзүлгөндө биздин кызматкерлердин 90 пайызы ИИМден келип иштей баштаган. Кызматкерлерибиздин көбү мурда милицияда иштегендер. Мисалы, эл аралык издөөдөгү Ян Лебедевге мыйзамсыз паспорт берген жерде иштегендердин бирөө милициянын подполковниги болсо, экинчиси майор. Биз азыр ушундай иштер боюнча атайын комиссия түзүп, кызматтык териштирүү жүргүзүп жатабыз. Кудай буйруса күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алат.

Ян Лебедов бокс боюнча Сибирдин 3 жолку чемпиону Иван Климовдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн орусиялык жаран. 25 жаштагы Климов 23-ноябрда Омск шаарында өлтүрүлгөн. Ян Лебедов 13-декабрда Бишкекте кармалган жана анын жанынан Ринат Юсупов аттуу жарандын атына жасалган паспорт, айдоочулук күбөлүк табылган.

Эрлан Сапарбаевдин ырасташынча, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жасалма болуп чыккан. Анын айтымында, Токмок паспорт бөлүмүнүн кызматкерлери көрсөткөн кызматы үчүн миң доллар алганы ачыкка чыккан.

Суудан кургак чыккандар

Убагында Мамлекеттик каттоо кызматын текшерүү комиссиясында мүчө болгон, “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков козголгон кылмыш иштери аягына чыгарына ишенбейт.

- Негизи коррупциянын туу чокусу каттоо кызматында. Мына буга чейин кылмыш иши козголуп, кызматтан четтетилген 19 кызматкер кайра эле ордуларына кайтып келишти. Алар соттон жеңип чыккандыгы үчүн 1,3 млн. сом компенсация төлөнүп берилди. Анан каяктагы коррупция жөнүндө айтып жатабыз? Каттоо кызматын “Ар-намыс” партиясы көзөмөлдөйт, Феликс Кулов парламентте отурганда аталган кызматтын өкүлдөрү эч качан жоопкерчиликке тартылбайт.

Ал эми Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев кылмыш иши козголгон кызматкерлердин сот жообуна тартылбай жатышын мындайча ачыктады:

- Көп учурда кызматкерлердин күнөөсү далилденбей калууда. Анткени паспорт бул акыркы продукт. Бирок паспорт алууга негиз болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр жасалма болуп жатат. Биз бардык эле учурда күбөлүктөргө экспертиза жүргүзө албайбыз. Кээ бирлер документтерди кылдаттык менен жасап келишет. Анан эле паспорт бөлүмүн күнөөлөй беребиз. Бирок биздин кызматкерлердин да жазага тартылган учурлары жок эмес. Ошол эле Лебедовго паспорт жасаган кызматкер акча алганын мойнуна алып, өз арызы менен кызматынан кетти. Мухтар Аблязов боюнча деле ушундай болгон.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Азиз Батукаевге, бозгундагы казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязовго паспорттор мыйзамсыз берилгени белгилүү болгон. Ян Лебедовго паспорт жасады деп шектелген эки кызматкерге буга чейин ички процедураларды бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган.
XS
SM
MD
LG