Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Ош: машинеден да, акчадан да кол жуугандар


Сүрөт архивден алынды
Сүрөт архивден алынды

Аймактарда акыркы кездери унаасын алдатып жибергендердин кескин көбөйгөнү байкалууда. Милиция муну машине колдонууда ишеним кат тартибинин жоюлганы менен байланыштырууда.

Ош шаарынын тургуну Жыргал Аракеев машинесин карызга берген бойдон же акчадан, же машинеден жок калганына бир жарым жыл болду. Ал баасы беш миң доллар болгон "Мерседес Вито" үлгүсүндөгү унаасы үчүн эки миң доллар гана алып, калган үч миңин үч айдан кийин алмак. Ал таптырбай кеткен кардарын издеп, адеп борборго каттап жүрүп 40 миң сом чыгымга учураган.

- Эки машинемди алдаткам. Чуркап жүрүп, милиция аркылуу биринин акчасын жакында алдым. Ал өзүмдүн таанышым болчу. Экинчи машинемди алган адам бир жарым жылдан бери качып жүрөт. Ал мени аябай ишендирген болчу. Кийин акчанын калганын берүү убагы келгенде телефондорун алмаштырып жеберген. Издеп таппай жүрөм. Беш миң долларга келишкен машинеге 2 миң доллар берип, калганын өз убагында бере албасам унааны кайтарып берем, мурда берген эки миң доллардан кол жууйм деген эле.

Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, Жыргал Аракеевге окшоп унаасынын жарым акчасын кармаган бойдон алданып калган 217 факт катталган. Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Таалай Нурбаев автоунаа алдамчылыгы ишеним кат тартибинин жоюлгандыгынан деп эсептейт.

- Эгерде ишеним кат тартибин кайра киргизсе бизге кылмыштарды ачканга кыйла жеңил болмок. Анткени биз уурдалган, жол кырсыгына катышып качып кеткен унаанын кожоюндарын бирден издеп отурбай, ишеним каттагы акыркы адамды дароо таап алмакпыз. Азыр айдоочулар техпаспорт менен эле жүрүшөт. Ал эми техпаспортко бир гана адамдын аты жазылат экен. Унаага айып салынса да, салыгы төлөнбөсө да техпаспорттогу адам жооптуу болуп калат экен. Чыныгы кожоюн башка болуп чыгып атат.

Деген менен адистер унаа алдымчылыгы менен ишеним каттын байланышы жок деп эсептешет. Тескерисинче милициянын ишеним катты кайтаруу демилгесин мурунку жемкананы кайра калыбына келтирүү аракети катары баалашууда. Экономика адиси Эркин Абдразаков:

- Элдин алданып калуусуна, ошол тобокелчиликке баруусуна жокчулук себеп болуп жатат. Анткени машинелерге мурункудай суроо-талап жок. Машине көп, аларманда акча жок. Эптеп сатып, жүгүртүүгө акча кирип турсун деп, түпкүлүгүн ойлобогон аракет. Ал эми милиция кылмыштардын өскөнүн ишеним кат менен байланыштырганы туура эмес. Муну мен кесипкөйлүктүн начарлыгы деп эсептейм. Булар жалкоолук кылып жатышат. Анткени мурда ишеним кат барда бүт баары бар болчу. Булар азыр ушундай кылмыштар көбөйдү, деген шылтоо менен эски коррупциялык схеманы кайра калыбына келтирүү аракетин кылып жатат.

Машинени ишеним кат менен колдонуу тартиби 2012-жылдын август айында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен жоюлган. Муну менен кошо унааны жаңы кожоюнга кайра каттап, жаңы техникалык паспорт алуу алты эсеге арзандаган. Учурда машинени кайра каттоо менен жаңы номур алуу баасы 2500 сомго барат. Ош шаарында 67 миң автоунаа бар.

XS
SM
MD
LG