Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Көмүскө экономиканы гүлдөткөн коррупция


Кыргызстанда көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу иши майнап бере элек.
Кыргызстанда көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу иши майнап бере элек.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү эбегейсиз бойдон кала берүүдө. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгы ага өлкөдөгү тутумдашкан коррупция себеп болуп жатканын көрсөткөн.

Экономика министри Темир Сариев кирешелүү тармактар парламенттеги партиялардын көзөмөлүнө өтүп, саясий коррупция кеңири кулач жайганын жемкордукка каршы күрөшүүнүн чараларын талкуулаган пресс-жыйында билдирди.

Ошол эле кезде “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев коррупциянын деңгээли мурдагы бийлик режими учуруна караганда азайганын айтып, бирок саясий коррупциянын бар экенин жокко чыгарбайт.

Экономика министрлигинин атайын изилдөөсү боюнча Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү кырк пайыздын айланасында. Көмүскө экономиканы гүлдөткөн коррупциянын кесепетинен мамлекет бюджети жылына 30 миллиард сомго чукул чыгым тартаары аныкталган. Бул деген өлкөнүн кирешесинин 40 пайызын түзөт.

Өлкөнүн кирешелүү тармактары саясий кландардын көзөмөлүндө болуп, саясий коррупция көмүскө экономиканын өсүшүн шарттаган. Бажы өткөрмөлөрүндөгү аткезчилик жана ишкер чөйрөдөгү салык жашыруунун айынан казынага түшпөгөн каражаттын өлчөмү изилдөөнүн жүрүшүндө теңдешсиз экени байкалган. Мунун себебин экономика министри Темир Сариев тутумдашып кеткен коррупция менен байланыштырды:

- Саясий коррупция боюнча президент өзү бизде бир дагы жабык тема болбошу керек деп Коргоо кеңешинде айткан. Бул эми жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликтүү билдирүү. Бирок бүгүнкү күндө кадр саясатында партиялык коррупция аябай күчөп кеткен. Парламенттик көпчүлүккө кирген партиялардын бүтүндөй бир шаарлары, райондору жана облустары пайда болгон. Министрликтер менен тармактык агенттиктер тигил же бул партиянын көзөмөлүнө өтүп калган.

Коррупция азайды, бирок...

Изилдөөдө коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик бийлик органдарынын өзүндөгү жемкордуктун абалына өзгөчө басым жасалган. Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери менен сотко жеткен же өкүм чыккан иштердин ортосунда чоң айырмачылык байкалган. Укук коргоо органдары тарабынан козголгон иштердин натыйжасында миллиарддаган сом зыяндын ордун толтуруу он пайыздын тегерегинде гана аткарылган.

Парламенттин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев коррупциянын деңгээли мурдагыга караганда бир кыйла азайганына токтолду:

- Өзүнүн таасиринен пайдаланып, ишкердигине жеңилдик алгандар, мамлекеттик тендерлерге катышып, өздөрүнө караштуу компаниялардын пайдасын ойлогондор жана туугандарын кызматка койгондор жок эмес. Мындай көрүнүштөр айрым депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн арасында ачык эле байкалат. Бирок Бакиев учурундагыга караганда коррупциянын көлөмү азайды. Анткени азыр ачыктык жана атаандаштык бар. Ошонун бир көрсөткүчү катары салык жана бажы жыйымдарынын мурдагыга караганда көп топтоло баштаганын мисалга алсак болот.

Шумахер, комбайн жана порошок...

Кирешелүү тармактарды көзөмөлдөөнүн эсебинен байыган үлкөн аткаминерлердин, саясатчылардын, каржылык топтордун жана криминалдык төбөлдөрдүн агымы пайда болгон. Ошондуктан ишкер чөйрөдө чыныгы ысымы коомго белгисиз, бирок маалкатпай маселе чечкен “комбайн”, “шумахер”, “таблетка”, “чоңко сары” жана “порошок” деген сыяктуу жаңы каймана аттар айтыла баштаган. Антикоррупциялык ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова таасирдүү күчтөрдүн кирешелүү ишкердикти калкалаган тенденция бар экенин жокко чыгарбайт:

- “Тазабек” сайтынан Кыргызстандагы эң бай адамдардын арасында бажы жана салык тармагында иштеген же мурда иштеп кеткендерди кезиктирүүгө болот. Алар мына ошончо байлыкты каяктан чогулткан? Албетте, ак эмгек менен иштеп, ишкердик кылгандан эмес. Анткени ишкердикти “калкалоо” деген түшүнүк бар. Бирок азырынча анын артында кимдер турары так белгилүү боло элек. Ошондуктан биз учурда кайсы кирешелүү тармакты кимдер кандайча калкалап жатканы боюнча атайын иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Парламент коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү караган мыйзамдар топтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген. Бирок кылмыш кодексиндеги “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “мыйзамсыз баюу” беренелерин кылдат колдонуу шарттары кайра карап чыгууну талап кылат дешет укук жаатындагы эксперттер.
XS
SM
MD
LG