Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Кыргызстанда жумуш берүүчүлөрдүн 52 пайызы айлыкты конверт менен берет. Мунун айынан өлкө бюджетине жылына 118 млрд. сом акча түшпөй калууда.

Мамлекеттик салык кызматы былтыр пландалгандан бир млрд. сомго азыраак салык жыйнады. Тагыраак айтканда, бир жылда 38,5 млрд. сомдун ордуна 37,5 млрд. сом салык жыйналган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын 10-февралдагы жыйынында айтылды. Салыктын негизги түрлөрү - киреше салыгы, милдеттүү жана ыктыярдуу патент, мүлк салыгы, резидент эместердин киреше салыктарын чогултуунун көлөмү өскөн.

Жашырылган маяна

Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиевдин айтымында, бир топ мекемелер айлык акыны конверт менен берип, чыныгы маяна канча экенин жашырышат. Конвертке салынып берилеген айлыктан эч кандай салык жана социалдык төлөмдөр алынбайт. Мындан улам салык, социалдык төлөмдөр кыйла аз төлөнөт.

- План боюнча 38,5 млрд. болсо, биз 37 млрд. сомдон ашуун бердик. Бир мисалды айтып кетейин, ишканалар кээ бир учурда айлыкты толук көлөмдө көрсөтпөй, конверт менен берип атат. Демек булар кандайдыр бир төлөмдөрдү төлөгүсү келбей жашырат. Айрыкча кызмат көрсөтүү тармагында иштегендер айлыкты башкача алышат. Бул кичине эле бир мисал. Бирок ошонун ичинде да көмүскө жүргөн, мамлекетке түшө турган акчалар ошол жакта да бар. Ошол булактар да кошумча болуп атат.

Масалиев айткандай эле Бишкектеги ишканалардын биринде иштеген Салтанат Керимбаева да айлыкты конверт менен алгандардан. Анын колго алган маянасы кагазда расмий көрсөтүлгөндөн алда канча көп.

- Негизи биз айлыгыбызды колубузга эле алабыз. Биздин ишкананын банк аркылуу бергенге деле мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бизде ушундай негизделип калган, башкача айтканда "ак жана кара" бухгалтерия боюнча эмгек маяналары берилет. Болгон айлыкты көрсөтсө Соцфондго бериш керек, салык төлөш керек. Ошондуктан иш берүүчүлөргө дагы, кызматкерлерге дагы жеңилдик болуш үчүн ушундай жол бар. Ошонун негизинде айлыкты конверт менен алабыз. Албетте келишим түзгөндө эмгек маянанын өлчөмү башкача, ал эми колго ала келгенде көбүрөөк болот.

Экномика министрлигинин башкы адиси Тилек Саякбаевдин айтымында, Кыргызстанда иш берүүчүлөрдүн 52% айлыкты конверт менен берет. Жалпысынан көмүскө экономика негизинен тейлөө, кызмат көрсөтүү, курулуш тармактарында көбүрөөк орун алган. Мунун айынан салык катыры бир жылда мамлекетке 118 млрд. сом түшпөй калат.

- Бүгүнкү күндө кичине оңолуп атат. Азыр кызмат көрсөтүү, курулуш тармагында мындай көрүнүш көп. Өндүрүштүн көбү көмүскөдө болуп атат. Биздин изилдөөбүз боюнча, жумуш берүүчүлөрдүн 52% айлыкты конверт менен берет. Көмүскө экономика менен күрөшөбүз деген жаңылыштык. Азыр кандай стратегиялык программалар болсо алардын бардыгына колдон келишинче көмүскө бизнести ачыкка чыгаруу пландарын киргизип жатабыз. Бул үчүн ири программа керек.

Көмүскө экономиканы калкалоо

Адистердин айтымында, тартип коргоо органдары мурун пара алууга көбүрөөк ыктаган болсо, азыркы кезде көмүскө экономиканы калкалоо менен пайда көрүүгө өтүүдө. Бул дагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда кыйынчылыктарды пайда кылат. Баңгизаттарын жана курал-жарак сатуу да көмүскө экономиканын бир тарамы болуп кеткен. Кыргызстан баңгизаттарын ташуунун жолунда турат. Андан 500 млн. доллардай акча калып жатканын адистер белгилешет.

Масалиев көмүскөдөгү бизнести ачыкка чыгаруу үчүн күрөштүү күчөтүү зарыл деп эсептейт:

- Биринчи кезекте автоматташтыруу процессин көбөйтүп, күчөтүш керек. Каттоо, отчеттун баарын компьютерге киргенден кийин кача албай калат.

Экономист Айылчы Сарыбаев экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн чечкиндүү чаралар керектигин белгилөөдө. Мисалы салык жашыргандарды оор жазага тартуу сыяктуу:

- Кылмыш кодексин бүт кайрадан карап чыгыш керек. Андагы жазаны күчөтүш керек. Экинчиден, текшерүүчүлөрдүн ишинин жыйынтыгын карап, андан сырткары салык, киреше жашыргандарды оор жазага тартыш керек. Антпей гумандуубуз деген шылтоо менен бир нерсе билген же туйган кишидей жылда шалпактай берсек эч маселе чечилбейт.

Негизинен Кыргызстандагы ишкерлердин көбү ачыкка чыгууга даяр. Бирок алар салыкты жөнөкөйлөтүү, ашыкча текшерүүлөрдү токтотууну суранып келишет.
Ишкерлер салык төлөөдөн качуунун бир себеби – салык системасынын татаалдыгы экенин белгилешет. Мисалы Катар, Мальдива республикасы сыяктуу өлкөлөрдө салыктардын саны да аз. Кээ бир мамлекеттерде бир эле салык бар, айрымдарда төрт. Кыргызстанда салыктын бир канча түрү бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG