Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Кыргызстандын илимий келечегинен эмнени күтсө болот? “Азаттык” ушул теманы коноктор менен арай көз чарай отуруп талкуулады.

Өткөн апта соңунда Прогрессивдүү демилгелер фонду экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү жана пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган өзгөчө илимий эмгектердин "Акыл тирек" жарышынын жыйынтыгын чыгарды.

"Арай көз чарай" талкуусунда Кыргызстанда кандай илимий ачылыштарды жасоого болот, ал үчүн кандай шарттар түзүлүшү керек, жаштар эмне үчүн илимге кызыпай жатат деген суроолор талкууланды.

Талкууга Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, “Акыл тирек” илимий жарышынын жеңүүчүсү Алина Алымкулова жана Илимдер академиясына караштуу Биология жана топурак таануу институтунун илимий кызматкери Адилет Усупбаев катышты.

“Азаттык”: Алина, жакында сиз илимий эмгектердин "Акыл тирек" жарышында жеңүүчү аталдыңыз. Сиздин эмгегиңизди жогоруда айткандай, мамлекетке маанилүү жана пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган иш десек болобу?

​Алина Алымкулова: Менин Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 40тан ашуун илимий ишим жарык көргөн. Анын ичинде монографияларым да бар. Жакында Казакстанда өткөн Астана экономикалык форумунда “Дүйнөлүк каржы кризисине каршы план” деген номинация боюнча биринчи орун алгам.

Мен биринчи кезекте Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзө турган эмгектерди жазганга кызыгам. Мисалы, аймактар арасындагы теңсиздик, дүйнөлүк каржы кризисинин кыргыз экономикасына тийгизген таасири жана көмүскө экономика туурасында изилдөөлөрдү жасап келатам. Алсак көмүскө экономика жеке эле Кыргызстандын баш оорусу эмес, бул дүйнөдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан Кыргызстанда анын көлөмүн азыраак кыскартышыбыз мүмкүн, бирок муну толук кыскартып же жоюп жибере албайбыз. Ага бир катар факторлор таасир этет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Илимдер академиясы өз казанында эле кайнап отурат же жыйынтык жок деген сындар да жок эмес коомчулук арасында. Учурда Кыргызстанда илим аксап турат. Биз, кыргыздар илимге шыгыбыз жокпу же мамлекеттик стратегиянын жоктугу, каражаттын тартыштыгы кедергисин тийгизип жатабы?

Абдылдажан Акматалиев: Муну жалпы, комплекстүү караш керек. Академияда көбү иштебей жатат, өзүнчө эле жөнөкөй мекемеге айланып калды деген туура эмес көз караш. Азыр жаштар көп келип жатат бардык тармактар боюнча. Мисалы, илимий эмгектердин "Акыл тирек" жарышына 60-70% Академиядан катышты. Албетте биринчи кезекте каражат керек, колдоо көрсөтүш керек. Ар кандай фонддор жана өкмөт тарабынан да ушул сыяктуу жарыштар көп болуп турса жаштар улам-улам жаңы ийгиликтерге жетишет деп ойлойм.

Союз мезгилинде жаш окумуштууларга өзүнчө көңүл бурулуп, Ленин, Комсомол сыйлыгынын лауреат деген атайын сыйлык уюштурулуп, жаштар илим-билимге, ачылышка умтулчу. 20 жылдан бери бул токтоп калган.

Өзгөчө коомчулукта илимге барсаң ошол бойдон каласың, карьераң өспөйт деген тескери көз караштар бар. Кайрадан жаштарды илимге тартыш керек. Университетте окуп жаткан жеринен даярдап, актуалдуу илимий темаларды бериш керек. Азыр көп мугалимдер студенттерди жаш кезинен илимге болгон көңүлүн кайт кылып салышат. Илим деген коррупцияланып кетти, тазаланыш керек. Илимге жаштардын келбей жатканы да ошондон.

“Азаттык”: Өнүккөн өлкөлөрдө бир ачылыш жасаш үчүн жылдап убакыт кетирет, ири сумма каражат бөлөт. Миңдеген изилдөөлөр жүргүзүлөт. Кыргызстанда илимий ачылыш жасоого шарттар түзүлгөнбү, болбосо кандай шарттар түзүлүшү керек?

Адилет Усупбаев: Мисалы, мен өсүмдүктөрү иликтейм. Жаңы ачылыштарды жасаш үчүн биз жаздан баштап эле тоодо гербарий чогултуп жүрүшүбүз керек. Ар бир гүлдүн гүлдөгөн, өскөн убактысы болот. Ошол убакка барып табыш үчүн атайын акча бөлүнүп, экспедиция уюштурулушу керек. Буга эптеп-септеп өзүбүз аракет кылабыз же муну изилдегенге кызыгып келген чет өлкөлүктөр менен бирге чыгабыз.

Эң чоң маселе эле каражат, айлыктын аздыгы. Жакшы дагы азыр жаштар бир аз тартыла баштады. Фанаттар эле калбаса, илимге кызыгып келген жаштар бул айлыкка кантип жашайбыз деп кетип калууда. Шарт түзүлүш керек. Илимдер Академиясында жада калса спорт зал жок, анда-санда барып ойноп койгонго. Кечке китеп тиктеп, гербарийди карап отурабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG