Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Жол чырын териштирүү бүтө элек


Балыкчы-Корумду жолу
Балыкчы-Корумду жолу

Жогорку Кеңеш Балыкчы-Корумду жолун курууга байланыштуу жаңжалды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алды. Корутундуда тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгону айтылган.

Парламенттин 12-майдагы жыйынына жол чырынан улам кызматтан кеткен экс-премьер-министр Темир Сариев, мурунку транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жана анын мурунку орун басары Улан Уезбаев катышып, өз жүйөсүн билдирди.

Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жаткан чакта Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча токтом кантип кабыл алынган, ким кол койгон, тендерге ким жооп берет, эмне себептен бюджетте акча жок туруп жол курулган деген суроолор дагы бир сыйрадан берилип чыкты.

Мурунку премьер-министр Темир Сариев бул жерде жоопкерчилик транспорт министринде экенин дагы бир жолу белгиледи:

- Токтомдун же буйруктун долбоорун министрлик даярдап киргизет. Андан кийин токтом жыйынга чыгат же макулдашуу кагазы болот. Ага министрлик жооп берет. Мыйзамдагы министрдин ыйгарым укуктары деген жерде так, ачык жазылып турат. Министрдин орун басары "долбоорго мен кол койгом, чечимди министр кабыл алган" деп айтып жатпайбы.

Мурунку министр Аргынбек Малабаев Темир Сариев жеке кызыкчылыгын көздөгөн, тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууга жол берген жана көздөгөнүн өзүнүн орун басары Улан Уезбаев аркылуу ишке ашырган дегенинен кайткан жок:

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев

- Сатып алуулар боюнча ички мыйзамдар бар. Ал жерде 11 пункт бар. Балыкчы-Тамчы-Корумду жолу ошонун бир дагы пунктуна туура келбейт. Биринчиден, аны каржылоо, дагы башка маселеси мыйзамсыз болгон, токтом дагы мыйзамсыз чыккан. Баарын көрүп чыкканбыз. Менин каршы болорумду билген бардыгы. Ошондуктан менин орун басарларым кол койгон. Лицензияларга да мен аралашкан эмесмин.

Жол чыры боюнча Темир Сариевди күнөөлөп жаткан “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевдин да башкы аргументи дагы ушул жагдай болуп жатат:

- Жолго байланыштуу алты-жети документтин баарында министрдин орун басары Улан Уезбаевдин колу турат. Бул өкмөттүн регламенти тууралуу мыйзамды бузуу болуп эсептелет. Ушул алты-жети документке кол коюлган учурда Малабаев Кыргызстанда болгон.

Анткен менен парламентте министр мыйзам бузуу тууралуу эмнеге өз убагында көтөрүп чыккан жок деген суроолор көп болду. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мурунку министр Малабаевди саясий жигитчилик кылган жок деп айыптады:

- Сиз кызматтан кетериңизге бир күн калганда гана Сариев туура эмес кылган деп айтып чыктыңыз. Сиз кызматта жүргөндө, парламентке келип же комитетте айтканыңызда эркекче болот эле. Азыр айткандарыңыздын баары майдаланып кетип жатат.

Депутаттык комиссиянын жетекчиси, “Бир Бол” фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев Темир Сариевге коюлган доомат боюнча буларды билдирди:

- Темир Сариевге негизи бир гана маселе болуп жатат: Эмнеге бюджетте жок акчага тендер өткөрөт? Сариев кийин таап бермекпиз деп жооп берди. Көчмөндөр оюнуна керек болгон үчүн ушуга бардык деди. Бул дагы жүйөлүү. Бирок акча бюджетте каралмайынча, аны депутаттар аны колдоп бермейинче, тендер өткөрүү өтө опурталдуу. Бюджетте жок 6,8 миллиард сом таап берүү өтө кыйын болгондуктан муну жакшылап ойлонуштуруп, негиздүү булагын тапканда мындай чатак чыкпайт эле.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

Анткен ушул депутаттык комиссиянын мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев жол чырын териштирүү саясий оюнга айланып кеткенин айтып чыкты:

- Бул саясий комиссия болду. Мен комиссиянын мүчөсү болдум. Бирок чогулушка бир саат калганда чакырган же андай-мындай будамайлаган учурлар көп болду. Муну ошол комиссиянын мүчөлөрүнүн баарынан сурап көргүлө. Комиссия конкреттүү иш алып барган жок, бир-эки гана кызыкдар адамдар иштеди. Урматтуу саясатчылар, силер саясий интригаңардын кесепети элге, жолго тийип жатат. Мындан ары ушундай нерселерди токтотушубуз керек. Мен эки тарапты тең уктум. Адилеттүүлүк үчүн комиссиянын мүчөсү катары айтып коюшум керек: мен Сариевге көбүрөөк ишенем.

Жолго байланыштуу чууну ушул тушта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматы иликтеп жатат.

Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча былтыр күзүндө өткөн тендерге жалпысынан төрт компания катышкан. Анда кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган, кийинчерээк бул компаниянын тиешелүү лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок деген доомат айтылган. 104 чакырымга созулган жолду оңдоого жалпысынан 7 миллиардга жакын сом кетет деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG