Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Алкановдун адвокаты сотко нааразы


Райкан Алканов.
Райкан Алканов.

Белгилүү ишкер Райкан Алкановдун жактоочусу Талас шаардык сотунун чечимине макул эместигин билдирип, доо арыз жолдоду. Шаардык сот ишкерге кол салган деген шек менен кармалган 17 жаштагы кызды 16-февралда үй камагына чыгарган эле.

Ишкер Алкановдун адвокаты Юрий Скатневский кылмышка шектелген 17 жаштагы кыз үй камагына негизсиз чыгарылды деп билдирди. Жактоочу Акыйкатчы институтун сот чечимине кийлигишти деп күнөөлөдү:

- Акыйкатчы сотко таасир этти. Биз муну мыйзамсыз деп эсептейбиз. Үй камагына чыгаруу тууралуу соттун чечими негизсиз. Камакка алынган кыз кылмыш кылгандан кийин качып кеткен. Ага оор айып тагылган. Мындан улам ал камакка алынгандан кийин баш коргоо чарасы өзгөрбөшү, үй камагына чыгарылбашы керек эле. Биз Талас облустук сотуна кайрылдык.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев сотко жергиликтүү жана эл аралык укуктун жоболору бузулгандыгы тууралуу кайрылуу жолдогонун тастыктады. Ал соттун чечимине таасир этти деген дооматты төгүнгө чыгарууда: ​

- Сот бийлиги көз карандысыз. Ошон үчүн сотторго эч ким басым жасай албайт. Мен болгону Кыргыз Республикасындагы бир катар мыйзамдардын, ошондой эле Эл аралык конвенциянын бузулгандыгын айтып чыккам. Биздин өлкөдө 18 жашка чыга элек балдарды камакка алууга, түрмөгө отургузууга дээрлик жол берилбейт. Мен ушундай эреже бузулду деп туруп Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага кайрылуу жөнөттүм. Мен сотторго кийлигишип, бул кыз күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенди талап кылган жокмун. Жашы жете элек кызды камакка алууга дээрлик тыюу салынат. Эгерде камакка алына турган болсо, аны убактылуу тергөө абагына эмес, атайын өзгөчө жайда кармоо керек.

Ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча шектелип, үч адам камакка алынган. Ошол кезде 15 жаштагы 9-класстын окуучусунан сырткары бири 16да, экинчиси 32 жаштагы бир тууган эже-сиңдилер колго түшкөн. 15 жаштагы окуучу кыз ошондо эле дароо үй камагына чыгарылган. Эже-сиңдилер ишкердин алысыраак туугандары болору айтылган. Ал эми 16дагы кызды жогоруда айтылгандай, шаардык сот 16-февралда үй камагына чыгарды.

Алкановго кол салды деген шек менен кармалган бул өспүрүмдүн энеси кызы зордукталганы тууралуу арыз жазган. Милиция иликтөөнүн жүрүшүндө ал факт тастыкталган жок деп билдирген.

Ушул тушта камакта отурган 33 жаштагы келиндин кылмыш кылгандагы абалын аныктоо үчүн соттун чечими менен психофизиологиялык экспертиза дайындалган. Анын адвокаты Марина Эдигееванын “Азаттыкка” билдиришинче, кылмышка шектүү күнөөнү мойнуна алган, бирок ошол учурда өзүн көзөмөлдөй албай калганын билдирген:

- Соттолуучу Амангелди кызы Гүлнара жабырлануучунун денесине залал келтирип жаткан учурда физиологиялык аффект болгонбу, же болгон эмеспи деп аныкташ үчүн экспертиза дайындалган. Ал “өзүм канча жолу сайганымды билбей калдым” деп айтып жатпайбы. Экспертиза жаңы дайындалды да. Баштала элек, бул бир-эки күндө бүтө турган иш эмес. Бул маселе негизи тергөө учурунда эле чечилиши керек болчу. Анткени соттолуучу ушул нерсени баса белгилеп жаткандан кийин текшерилиши керек эле. Бирок андай болгон эмес, ошон үчүн биз сот башталаары менен ушундай өтүнүч келтирдик. Соттолуучу "сайганым чын" деп мойнуна алып жатат.

Таласка облустун 70 жылдык мааракесине барган белгилүү ишкер, 80ге таяган Алканов 26-октябрга караган түнү Талас шаарында өзүнүн үйүндө бычакталган. Күч түзүмдөрүндөгү булактарга шилтеме кылып, айрым маалымат каражаттары кол салууга шектелген 16 жаштагы кыз менен ишкердин байланышы бар экенин маалымдашкан.

Алканов ички иштер министрине кайрылуу жасап, милицияны жалган маалымат таратып жатат деп күнөөлөгөн. Ишкер кылмышка шектүү деп кармалгандар акча талап кылып бычактаганын айтып, көрсөтмө берген жана 150 миң сомун алып кетишкенин билдирген.

Райкан Алканов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. “Алканов жана компания” деген жоопкерчилиги чектелген коомду жетектейт. "Дордой" базарына канаатташ жайгашкан жалаң Кыргызстанда тигилген кийим-кечектер сатылган “Алкан” аттуу ири базардын ээси катары да белгилүү.

Саясатка ачык деле аралашпаган Райкан Алканов 2010-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барып, тизмеде 5-орунда турган.

Алканов бокс боюнча спорттун чебери. Ушул тушта Кыргызстандын бокс жана карате федерацияларынын ардактуу президенти. Андан сырткары “Көк-Бөрү” улуттук федерациясынын вице-президенти, Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү.

XS
SM
MD
LG