Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Өкмөт башчы өөнөмөйгө каршы күрөшкө чакырды


Оторбаев өкмөттүк мекемелерге акчаны бөлүп берүү үчүн каржы органдары жалпы сумманын он пайызын талап кылган өнөкөт бар экенин белгиледи.
Оторбаев өкмөттүк мекемелерге акчаны бөлүп берүү үчүн каржы органдары жалпы сумманын он пайызын талап кылган өнөкөт бар экенин белгиледи.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мекемелерге көмүр сатып алууга бөлүнгөн каражатын берүү үчүн он пайыздык өөнөмөй өнөкөт өрчүп жатканын билдирди.

Бул билдирүүнүн негизинде Каржы министрлиги кызматтык иликтөөсүн баштады. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин жетекчиси Нурипа Муканова мындай өнөкөт көптөн бери эле белгилүү экенин айтып, бирок өкмөт ушуга каршы чара көрбөй келе жатканын сынга алды.

Мизи мокобогон “мистер он пайыздар”

Кышка даярдыктын жүрүшүн талкуулаган жыйында өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев айыл аймактарынын башчылары көмүр сатып алууга каражат өз убагында бөлүнбөй жатканына даттануулар көп экенин билдирди. Мамлекеттик мекеме-уюмдар, айыл аймактарына караган мектептер, ооруканалар жана эмканаларды жылытууга мамлекеттик казынадан каражат каралган. Бирок Оторбаев мына ошол акчаны бөлүп берүү үчүн каржы органдары жалпы сумманын он пайызын талап кылган өнөкөт бар экенин белгиледи:

- Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге кышка даярдык үчүн сентябрь айында каржылоо толугу менен аякташы керек. Айыл аймактарынын башчыларынан акчаны өз убагында алуу үчүн айрым райондук каржы бөлүмдөрү он пайызын сурап жатат деген маалыматтар мага түшүп жатат. Айыл аймактарынын башчыларына ушундай фактылар болсо ачык эле арыз менен тиешелүү органдарга кайрылсын деп айткыла. Ошол эле күнү мындай фактылар боюнча кылмыш иштерин козгоп, тиешелүү жетекчилерди жумуштан алабыз. Мындай практиканы биз токтотушубуз зарыл.

Каржы министрлиги өкмөт башчысынын билдирүүсүнөн кийин борбордук казыналыкта жана райондук каржы бөлүмдөрүндө кызматтык иликтөөгө киришти. Өкмөттүн аппаратынан жана Каржы министрлигинен куралган жумушчу топ көмүр сатып алууга бөлүнгөн каражатты бөлүп бербей, атайын кечеңдетип турган жагдайларды изилдейт. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бул маселе боюнча азырынча конкреттүү фактылар жок экенине токтолду:

- Учурда өкмөттүн аппаратынан жана Каржы министрлигинен биргелешип түзүлгөн жумушчу топ ар бир район боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Эгерде ошондой аракеттер бар экени чын эле тастыкталса, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Бирок азырынча Ташмат же Акмат кайсы бир айыл аймагынын башчысынан мынча сом сураптыр деген конкреттүү факты жок болуп жатат. Бул үчүн мына ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынан же алардын өкүлдөрүнөн арыз түшүүсү керек.

Көрүлбөй келген чаралар

Ошол эле кезде жарандык коом өкүлдөрү каржы органдарынын он пайыздык өөнөмөйү мурда эле калыптанган өнөкөт экенин белгилешүүдө. Анан мындай терс көрүнүштөргө каршы чара көрүүнүн ордуна өкмөт башчысы коомчулукка белгилүү жалпы жагдайды айтып коюу менен гана чектелишин чабалдык катары мүнөздөгөндөр бар.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова буга чейин өкмөттүн бул өнөкөткө каршы чара көрүү ниети жана атайын планы болбогонун белгиледи:

- Биз мына ушундай көрүнүш кеңири жайылганы боюнча үч жылдан бери айтып келе жатабыз. Анан быйыл эле чара көрөбүз деп айтып калышканына таң калып турабыз. Биз буга чейин кайсыл жерлерде мына ошондой өнөкөттөр кеңири жайылганы боюнча кеңири сунуштарды берип, аны жоюунун чараларын көрсөттүк эле. Бирок каржы министри Ольга Лаврова мындай терс көрүнүштөрдү жөнгө салууга убада бергени менен кандайдыр бир чара көрө алган жок. Ал убада бергенден бери мына эки жыл өттү. Азырынча кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерди байкай алган жокпуз.

Ошол эле кезде жарандык активисттер мамлекеттик каражатты бөлүп берүүдө өөнөмөй өнөкөт бир эле көмүр сатып алууга эмес, бардык төлөмдөрдү төлөп берүүдө кеңири жайылган көрүнүш экенин белгилешүүдө. Айрыкча мектеп, оорукана же башка бир социалдык курулушка каралган каражатты алуу үчүн он пайыздан жыйырма пайызга чейин “шапка” берүү өнөкөтү кеңири таралганы коррупцияга каршы ишкер кеңештин атайын баяндамасында көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG