Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Кыргыз балетинин жарк эткен жылдызы өчтү...


Роберт Уразгельдиев
Роберт Уразгельдиев

Кыргыз эл артисти, искусство таануу илиминин доктору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Роберт Уразгильдеевдин сөөгү 21-февралда жерге берилет.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты шашкеге чейин Бишкектеги Опера жана балет театрында өтөт.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан баштап кыргыз балетинин жылдызы катары жанган Роберт Уразгильдеев 85 жаш курагында 19-февралда дүйнөдөн кайтты.

Роберт Уразгильдеев кыргыз балети жаңыдан гүлдөп, кулпуруп турган мезгилде, тактап айтканда 1964-1986-жылдарда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык театрында солист балетчи, педагог-балетмейстер, хореограф-коюучу болуп эмгектенген.

Бул мезгил аралыгында ал кыргыз балетинин Бүбүсара Бейшеналиева, Уран Сарбагышев сыяктуу залкарлары менен замандаш болуп, чыгармачылыкта үзөңгүлөш жүрүп, кийин устат катары улуттук балеттин бир нече муундарын тарбиялап чыгарган.

Опера жана балет театрынын жылдыздары. 1970-жыл, Фрунзе
Опера жана балет театрынын жылдыздары. 1970-жыл, Фрунзе

Маданият министрлигинин кесипкөй билим берүү жана искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Осмоновдун айтымында, Роберт Уразгильдеев кыргыз балетинин бүтүндөй бир доорун камтыган акыркы устат эле:

- Мен бул киши менен Опера жана балет театрында иштеп жүргөндө таанышып калдым. Ошондо ал балеттик труппанын солисти болчу. Отуз жылга жакын чыгармачыл байланышта жүрдүк. Аны жакындан билгендер үчүн жөн гана бир балет бийчиси кеткен жок. Чындыгында Роберт Хасанович менен көптөгөн маалымат, билим, тажрыйба кетти. Биз чоң жоготууга учурадык.

Болот Осмоновдун айтымында, таланттар гана таланттардын жан дүйнөсүн, чыгармачыл дараметин, өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын таамай айтып бере алат. Роберт Уразгильдеев учурунда улуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен чогуу бийлеп, кийин искусство таануучу катары Бейшеналиеванын чыгармачылык өмүр таржымалы жөнүндө "Бүбүсара Бейшеналиева" деген көлөмдүү китеп жазган.

- Мындан сырткары да Уран Сарбагышев тууралуу мыкты маалыматтарды чогулткан. Бирок ал өзү билген маалыматтардын баарын жазып бүтө алган жок. Чолпонбек Базарбаев тууралуу да көп нерсе билер эле. Ошол улуу инсандар өздөрүнүн сырларын ушул кишиге айтып кеткен деп ойлойм. Бирок анын баарын жазып калтырууга убактысы жетпей калды.

"Өзү менен кошо бир доорду ала кетти"

Осмонов өз сөзүндө Роберт Уразгильдеев өткөргөн машыгуу класстарында кыргыз балетинин алдыңкы солисттери, СССРдин эл артисттери машыкканын белгиледи. Маектешибиздин пикиринде, Уразгильдеев менен кыргыз балетинин бүтүндөй тарыхы, залкарлардын таржымалы кошо кетти.

Кыргыз балет өнөрүнүн учурдагы өкүлү, республиканын эмгек сиңирген артисти Айзада Тумакова да бул өнөрдүн сырларын Уразгильдеевден үйрөнгөн. Ал өз устатынын каза болушу менен учурда бул багытта таалим берген жогорку окуу жайларда бийчиликти илимий жактан окута турган эч ким калбаганын айтты:

- Роберт Хасанович учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда профессор катары көптөгөн студенттерге теориялык жактан сабак берип жаткан. Окуу жайда балет, хореография боюнча педагогикалык жаткан үйрөтө турган андан башка эч ким жок. Бул жагынан азыр Кыргызстанда бир дагы адис жок.

Кыргыз улуттук классикалык балет өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева
Кыргыз улуттук классикалык балет өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева

Уразгильдеев бийчилик өнөрдү илим менен айкалыштырып, театр таануу жана хореография жаатындагы бирден бир адис, Борбор Азиядагы жалгыз хореография доктору болгон. Анын окумуштуу катары театр жана хореография искусствосу боюнча 300дөн ашык эмгектерди жазган.

Роберт Уразгильдеев 1935-жылы 13-майда туулган. 1955-жылы Пермь мамлекеттик хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Ал "Эсмеральда", "Чоң вальс", "Жизель", "Ак куу көлү", "Щелкунчик" жана башка балеттерде алдыңкы партияларды аткарган.

Сөөгү ишембиде өзүнүн керээзи боюнча Чоң-Таш айылындагы кабырга, жубайынын жанына коюлат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG