Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Ал нукура ЖАЗУУЧУ эле


Залкар композитор Насыр Давлесовго удаа залкар жазуучу Төлөгөн Касымбеков о дүйнө салды. Чыңгыз Айтматов да июнда кете берди эле...

Төкөбүздүн “Сынган кылычы”, албетте, кылымдык чыгарма. Кыргыз тилинин ушунча бай экенин ошондон билесиң. Бир ууч кыргыз карт тарыхта даң салганын ошондон окуйсуң. Башканы айта албайм, мен “Сынган кылычты” окуганда китеп окугандай болом.

Жазуучунун жубайы Элмира Касымбекова Төкө дайыма “Манастан” жанына кубат алып, ансыз тура албай калганын эскерди. Кыргыз Эл жазуучусу биринчи орунда турабы же Кыргыз Эл Баатырыбы? Эки наам тең бул ЖАЗУУЧУГА жарашат эле. Баса, 1-даражадагы «Манас» ордени да бар эмеспи.

Соңку кезде Төкөнүн саламаттыгы кескин начарлаганын угуп жүрдүк. Жан айласы болгондо кайдагы чыгармачылык? Ошентсе да, өткөн өмүрүнө саресеп салган "Өткөн өмүр, көргөн күн" чыгармасын басмага даярдап жетишкен экен.

Башканы билбейм, Касымбеков мен үчүн нукура ЖАЗУУЧУ

Төлөгөн Касымбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17- июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт.
XS
SM
MD
LG