Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Рахим Каримдин ырлары Орусияда


Кыргызстандык журналист, акын жана жазуучу Рахим Каримовдун калемине таандык ырларга Орусиянын эстрада жылдыздары кызыгышууда. Атүгүл айрымдары анын ырларына обон жаратып, ырдап да чыгышты.

Мистер Х деген каймана ат менен таанымал орусиялык ырчы Сергей Глинкиндин “Отпускаю тебя” деп аталган жаңы ырынын сөзү кыргызстандык Рахим Каримовго таандык. Алар чогуу иштеше баштаганына эки айдай убакыт болду.

Рахим Каримов:

- Мен Сергей Глинкин менен “Мой мир” социалдык тармагы аркылуу таанышып калдым. Экөөбүз бир-бирибиз жөнүндө жакшылап билип алгандан соң, чогуу иштешүүнү сунуштадым, ырларымды көрсөттүм. Ал макул болуп, “Отпускаю тебя” деген ырымды ырдады.

Сергей Глинкин учурда Рахим Каримовдун “Сенин көздөрүңдө” аттуу ырын угармандарга тартуулоо аракетинде жүрөт. Ал CA-News агенттигине курган маегинде эки ырды тең быйыл чыгара турган альбомуна киргизерин айткан:

- Мен Рахим Каримов менен кокусунан тааныштым. Чыгармачылык сезимдер бир бирибизди байланыштырды окшойт. Ал мага ырларын сунуштады, окуп чыктым. Мага аябай жагып, аларды музыкалаштырып ырдоону чечтим. Каримов аябай мыкты акын. Экөөбүздүн бирге иштешибиз Европа жана Азия маданиятын бир көз менен кароого негиз болот.



Бирок эки чыгармачыл кишинин ортосунда каржылык алыш-бериш жок. Башкача айтканда, Рахим Каримов ырлары үчүн Глинкинден эч кандай акы албайт:

- Биз Сергей экөөбүз сүйлөшүп, акчасыз иштөөнү чечтик. Менин ырларыма обон жаратып ырдаганы үчүн мен андан эч кандай акы албайм. Биздин келишимди – “Достук келишими” деп атасак болот.

Рахим Каримов Сергей Глинкин менен иштеше баштаганга чейин эле бир топ чет өлкөлүк музыканттар менен мамилелеш болгон. Көп ырларына буга чейин эле обон жаралып, ырдалган:

- Алардын ичинде немис Вальдемар Бар деген композитор бар. Юрий Сергеев деген украиналык музыкант да менин ырларыма обон жаратууга куштар болуп жүрөт. Андан сырткары орусиялык Геннадий Лубнин, Юрий Кунз сыяктуу музыканттар менин ырларыма обон жаратышкан.

Каарманыбыздын “Сүйүү бизди ушинтип башкарган” деген ырын буга чейин орус ырчысы Иван Велес ырдап чыккан эле.



Ош шаарында жашап жана иштеп жаткан Рахим Каримовдун кесиби журналист. Молдо Нияз атындагы адабий сыйлыктын ээси. Чыгармалары Рахим Карим деген ат менен жарык көрөт. Москвада жайгашкан Горький атындагы институтту 1986-жылы аяктаган.

Ал бир топ жылдар бою Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын гезит-журналдарында эмгектенген. Учурда “Аки-Пресс” маалымат сайтынын “Борбор Азия жанылыктары” бөлүмүндө иштейт. 20дан ашуун китеби кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде басылып чыккан.

Анын “Камила” аттуу повести 2000-жылы Токтогул сыйлыгына, 2007-жылы Орусиянын «Русская премия», «Заветная мечта» жана "Большая книга" сыяктуу адабий сыйлыктарына көрсөтүлгөн.

Рахим Каримовдун калемине таандык мекенчил ырлар кыргызстандык ырчылар тарабынан да ырдалып келет. Алардын бирин “Кыз-Бурак” ансамбли аткарган:

XS
SM
MD
LG