Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

ЕАЭБга кирдик, чек ара ачыла элек


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Бирок Казакстан менен чек ара ачыла элек. Кыргыз бийлик өкүлдөрү чек ара ачылганда деле айыл чарба продукциялары шыр өтпөсүн эскертүүдө.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча нотага казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кол коюусу менен Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Бирок казак президенти кол койгон нота Евразия экономикалык комиссиясына жете электигине байланыштуу 6-августка карай кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттери эски тартипте эле иштеп жатты.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун маалымдосуна караганда, бардык жол-жоболор ушул жума ичи аткарылып бүтөт. Мына ошондуктан келерки жуманын башында кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин расмий ачылуу аземи өтөт. Ага эки өкмөттүн жетекчилиги катышуусу күтүлүүдө.

Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Айрым маалыматтарга караганда, жакынкы мезгилдерде Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга, тагыраак айтканда, Ысык-Көлгө келет. Мына ошол жерде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен бирге кыргыз-казак бажы бекеттеринин ачылышына теле-көпүрө аркылуу катышат.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен түзүлө турган финансы-экономикалык кырдаалга токтоло турган болсок, экономика министри Олег Панкратов бажы тармагынан түшө турган киреше 1.5 млрд. сомго чейин көбөйөт деген оюн билдирген. Белгилүү болгондой, Кыргызстанга жалпы Евразия экономикалык биримдигинин бажы төлөмдөрүнүн 1.9% бөлүнүп берилет.

Бирок акыркы мезгилде Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерде импорт кээ бир учурларда 30% ашуунга кыскарып, бажы төлөмдөрүнүн азайуусуна алып келүүдө.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев импорттун кыскаруусу тууралуу буларды билдирди:

- Жалпы Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерде импорт 30-34% төмөндөп кетти. Эгерде мурунку эсептер боюнча эсептегенде быйылкы жылга 1 млрд. 200 млн. сом кошумча болуш керек.

Шамшиевдин айтымында, импорттун төмөндөшүнө байланыштуу республиканын Бажы кызматы жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд. сом аз жыйнашы күтүлүүдө. Натыйжада Евразия экономикалык биримдигинен түшө турган каражат көбөйгөн менен, республикалык Бажы кызматы топтогон каражат мерчемге жетпей турган болууда.

Баш ооруткан бирдиктүү реестр

Быйылкы жылы бажы тармагынан Кыргызстан бюджетине 32 млрд. 700 млн. сом, ал эми салыктан 54 млрд. 600 млн. сом түшөрү белгиленген.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен азык-түлүк товарларын Казакстан жана Орусияга экспорттоого кеңири жол ачылат деген ишеним болгон. Бирок Кыргызстан товарларын, айыл чарба продукцияларынын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына туура келишин тастыктай турган тийиштүү лабораториялардын даярдыгы боюнча да маселе бар.

Сүттү кайра иштеткен ишкана
Сүттү кайра иштеткен ишкана

​Стандартташтыруу жана метрология борборунун жетекчиси Бердимамат Адамбаев бул багыттагы маселенин чечилиши боюнча мындай пикирин билдирди:

- Бажы биримдигинин өзүнүн бирдиктүү реестри бар. Эт, сүт продуктыларын өндүрүүчү ишканалардын реестри. Ошол реестрге биздин ишканалар кириши керек. Ал үчүн биздин Айыл чарба министрлиги, Мамлекеттик ветеринардык кызмат жана Саламаттык сактоо министрлиги жооптуу. Бүгүнкү күндө даярдыктар көрүлгөн. 6-августтан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп калды. Эми бүгүнтөн баштап биздин ишканаларды бирдиктүү реестрге киргизгенге укук алышты.

Адамбаевдин айтымында, айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн да фитосанитардык сертификат керек болот. Ал үчүн айыл чарба продукциялары бирдиктүү реестрге кирген лабораториялардан текшерүүдөн өткөрүлүшү керек. Ал лабораторияларды бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн бир апта керек болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG