Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Жерүй жеңгендики...


Таластагы Жерүй кени.
Таластагы Жерүй кени.

Жерүй алтын кени боюнча конкурстун биринчи туруна үч компания катышкан. Орусиялык олигархтар жана “Кыргызалтын” катышып жаткан конкурстун экинчи турунун жыйынтыгы кандай болот?

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы жетектеген комиссия конкурстун экинчи турун апрель айынын аягында өткөрүүнү белгилеген.

Жерүй - Кумтөрдөн кийинки Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Анда 84 тонна алтын бар экени маалым. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Жерүй колдон-колго өтүп, иштетилбей келет.

Мына ушул кен боюнча конкурстун биринчи туру 23-мартта өткөрүлдү. Ага Орусиянын эки олигархына таандык компаниялар жана “Кыргызалтын” катышты. Алардын баарына экинчи турга катышууга уруксат берилгендиктен 28-апрелге жаңы сунуштарын алып келүү керек.

Сулейман Керимов
Сулейман Керимов

​Жерүйгө кызыгып жаткан орус компаниясынын бири - “Алданзолото ГРК” . Ал Орусиянын Дагестан чөлкөмүнөн чыккан олигарх Сулейман Керимовго таандык “ Polyus Gold International” компаниясынын курамына кирет. Экинчиси - “Восток геолдобыча”. Ал Орусиянын Хабаровск аймагында жайгашкан ишкана. Бул компания Чеченстандан чыккан дагы бир орус олигархы Муса Бажаевдин “Русский платина” тобуна кирет.

Сулейман Керимов конкурстун алдында Бишкекке жарыяланбаган сапар менен келип, бийлик башчылары менен сүйлөшүп кеткени маалым. Ошондуктан конкурстун экинчи турунда Керимовдун компаниясы утат деген сөздөр көп. Байлар жана байлык жөнүндө жазган “Форбс” журналынын эсеби боюнча Сулейман Керимовдун байлыгы 6 млрд. 900 млн. доллар. Ал эми кезинде Кыргызстанда мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен мунай бизнесин жүргүзгөн Муса Бажаевдин байлыгы 500 млн. доллар деп эсептелген.

Мына ушундай миллиардер жана миллионер менен конкурска финансылык абалы оор, “Макмалалтын” комбинатындагы жумушчуларына араң айлык таап берип жаткан “Кыргызалтын” да катышып жатат. “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытовдун айтымында, алар эски өнөгү менен биргелешип Жерүй үчүн күрөшүүнү чечти:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Инвестор менен сүйлөшүп туруп, аны менен бирге баратабыз. Ал инвестор “Кыргызалтын” менен 2012-жылдан бери иштеп келатат экен. Өздөрү сунуш менен чыкты. Алар Жерүйгө барсаңар инвестицияларды тартууга жардам беребиз, бирге иштейбиз деди. Ошондуктан биз Жерүй боюнча конкурска катышуу чечимин кабыл алдык.

Маалыматка караганда, “Кыргызалтындын” өнөгү Британияда катталган Unity gold mining аттуу компания. Анын артында араб ишкерлери турары жана Арменияда гана бир кенди иштетери маалым. Ошол эле кезде “Кыргызалтындын” конкурска катышуусунун негизги себеби конкурстун болбой калышына жол бербөө экенин айрым эксперттер белгилешүүдө. Анткени конкурс болушу үчүн ага кеминде эки компания катышыш керек. 23-марттагы конкурстун биринчи туруна “Кыргызалтын” жана “Восток геолдобыча” документтерин соңку сааттарда алып келген.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев оор финансылык абалга карабай “Кыргызалтын” жеңишке жетишүүсү керек деп, аны мындайча негиздеди:

- Бир гана “Кыргызалтын” утушу керек. Анткени конкурстун шартында соттошуу боюнча маселени моюнга алуу керек деген бар. “Кыргызалтындын” башкы көзүрү ушул жерде жатат. Анткени соттошуп жаткан “Жерүйалтын” деген фирма “Кыргызалтын” менен биргелешип түзүлгөн ишкана. Талашка түшүп жаткан “Талас Голд майнинг” компаниясы да бир убакта “Кыргызалтын” менен биргелешкен ишкана түзгөн. Мына ошолор менен келишип, дооңорду алгыла, биргелешип үч тараптуу ишкана түзөбүз деш керек. Мына, ошентип маселени чечсе болот.

Орозбек Дүйшеев Тоо-кенчилер бирикмеси мына ушундай жолду сунуштап жатканын, бирок бийликте анын колдоо табышы өтө күмөндүү экенин кошумчалады. Орозбек Дүйшеев Талас облусун өнүктүрүү үчүн Жерүй алтын кенин иштетүү керек дейт.

Кенди иштетүү үчүн инвестор кеминде 200 млн. доллар инвестиция салуусу керек. Анын 100 млн. доллары Кыргызстандын бюджетине которулса, дагы 100 млн. комбинат куруу, ишти уюштуруу үчүн жумшаларын Дүйшеев кошумчалады.

Бирок жергиликтүү калк ичинде кенди иштетүү экологиялык коркунуч алып келет деген чочулоо күчтүү. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков элдин чочулоосунда негиз бар дейт:

Жерүйдү иштетүүгө каршы акция. Талас. 2013-жыл
Жерүйдү иштетүүгө каршы акция. Талас. 2013-жыл

​- Көпчүлүк эл Жерүйдү иштетүүгө каршы болуп атат. Аны алар Жерүй иштесе заводдор, уу калдыктарын сактоочу жайлар Талас суусунун башына салынат. Андан Талас облусунун айыл чарбасына, экологиясына зыян келет деп чочулашууда.

Дастан Жумабековдун айтымында, адегенде Кумтөр маселесин чечип алуу керек. Андан кийин цианид сыяктуу уулуу заттар колдонулбаган технология пайда болгондо Жерүйдү иштетүү максатка ылайыктуу болот.

Жерүй алтын кени үчүн эл аралык арбитражда соттошуу келечеги турат. Мурунку бийлик учурунда “Кыргызалтын” менен биргеликте “Жерүйалтын” компаниясын түзүп, кенди иштетүүгө лицензия алган казакстандык "Визор" аттуу компания кыргыз өкмөтүн сотко берген. Ал лицензия мыйзамсыз жокко чыгарылды деп, 450 млн. доллар талап кылып жатканы маалым. Ошондуктан конкурста кайсы компания жеңбесин, ал Визор менен соттошууда пайда боло турган тобокелчдикти моюнуна алат.

Жерүйдү иштетүүнүн ыңгайлуу жагы болсо ал ачык жол менен казылат жана 1 тонна рудадан 6 грамм алтын алынат. Бул алтындын өздүк баасы өтө арзан болорун билдирет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG