Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Чаткал: кендеги чатак жайгарылды


Чаткал районунда кен иштеткен компаниянын жергиликтүү тургундар тартып алган техникалары кайтарылып берилди.

25-сентябрда райондогу Жамгыр кенин иштеткен Vertex Gold компаниясына нааразы болгон 200гө жакын жергиликтүү тургун кендин аймагына кирип барып, компанияга таандык үч жүк ташуучу унааны тартып алган.

Райондун акими Канжарбек Эшалиевдин айтымында, жергиликтүүлөрдүн нааразылыгына аталган компаниянын районду өнүктүрүү үчүн жана аймактагы жолду оңдоо үчүн убада кылган каражатты бөлүп бербегени себеп болгон:

- Vertex Gold компаниясы жолду асфальттоого жардам беребиз деп убада беришкен экен. Бирок аны аткарбаганы үчүн жергиликтүү эл нааразы болуп, барып эки жүк ташуучу жана бир жүктөгүч техниканы алып коюшкан. 26-сентябрда кайра кайтарып беришти.

26-сентябрда Vertex Gold компаниясынын өкүлдөрү менен район тургундары катышкан жыйын өттү. Анда компания өкүлдөрү убада кылынган каражатты жыл аягына чейин бөлүп берүүгө жана жолду болсо жакынкы күндөрү оңдоп берүүгө сөз берди. Жергиликтүүлөр барымтага алынган техникаларды кайтарып беришти.

Токон Мамытов
Токон Мамытов
Өкмөттүн коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, район бийликтерине мындай чатактарды алдын алуу тапшырмасы берилди. Мамытов кендеги чатак жергиликтүү бийлик жана кен иштеткен компаниянын аракетсиздигинен келип чыккан деген пикирде:

- Биринчиден, маселе ашып-ташып кеткенге чейин күтпөй, айыл өкмөт, айылдык депутаттар, район, облус бийликтери жол салабыз дедиңер эле эмне болду деп сурап, маселени коюшу керек болчу. Же инвестор шарты келбей атса "учурда бүтүрө албай жатабыз, мынча убакыттан бүтүрүп беребиз" деп шартын түшүндүрүп, элге ачык айтыш керек болчу. Ошондо эл кечээкидей дарбыбайт болчу. Бирок ошого карабай убадага турбайт же кечиктирди деп эле союл ала чуркап, инвесторду кубалаган да мыйзамсыз. Мындай болбошу керек.

Кыргызстанда чет өлкөлүк кен иштетчү компаниялык менен жергиликтүү тургундардын ортосунда бир нече жолу чыр чыккан. Буга чейин өлкөдөгү эң чоң Кумтөр алтын кени баш болуп, Талды-Булак, Иштамберди, Талды-Булак-Сол жээк сыяктуу кендерди иштеткен компанияларга жергиликтүүлөр нааразы болуп, айрым компаниялардын кеңсесине өрт койгон учурлар да болгон.

Жогорку Кеңеш депутаты Азамат Арапбаев мындай аракеттерге барганга катуу чара көрүү керектигин билдирүүдө:

- Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзүнө “бизде көптөгөн кендер бар, келгиле чогуу иштетели, бул кендер биздин да, силердин жакшылыкка буйрусун” деп айтып жатабыз. Бирок айрым учурда түшүнбөстүктөр орун алып, кен иштеткен компанияларды өрттөөгө чейин жетип жатат. Мындай болбошу керек. Мындай учурларда жазасыз калуу мыйзамсыздыкка жол ачып жатат. Ошондуктан өкмөт, күч органдары мыйзамсыз аракеттерге баргандарды жазалашы керек.

“Ош жаштары” коомдук уюмунун эсептөөсүндө соңку 2 жыл ичинде түштүк аймагында тоо-кен иштетүүчү компаниялар менен жергиликтүүлөр ортосунда 40тай чыр-чатак катталган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG