Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:29

Атайын баракчалар / Шайлоо

Талапкерлер сотко кайрылат

Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган бир катар талапкерлер сотко кайрылууну көздөп жатышат. Алар жер-жерлердеги мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү фактылар бар экенин айтууда.

БШК мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө, 30-октябрь, 2011-жыл
Текст көлөмү - +
Боршайком жана байкоочулар добуш берүү учурундагы алешемдиктер шайлоо жыйынтыгына олуттуу таасир тийгизбегенин кабарлашкан.

Талапкерлердин талабы күч

Президенттик шайлоодо жетиштүү добуш топтой албаган жана бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган айрым талапкерлер мыйзам бузууларды сот аркылуу далилдеп беребиз деп жатышат.

Алардын бири - шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жетинчи орунга чыккан Кубатбек Байболов. Штабдын юристи Мээрим Нусубалиеванын айтымында, мыйзам бузуулар боюнча даттануулар сотко жиберилгени турат:

​​- Бишкек шаары боюнча бери дегенде 100-200 актыларыбыз бар. Аларды биз караштырып, бөлүштүрүп, ар бир район боюнча берип жатабыз. Ал эми региондордон түшкөн маалыматтар боюнча, алар өз ордуларында берип жатышат.

Тиешелүү органдарга кайрылуу үчүн материалдар топтолуп жатканын Адахан Мадумаровдун, Камчыбек Ташиевдин штабынан да тастыкташты. Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов бардык актылар БШКга жөнөтүлгөнүн айтууда: 

- Эми ошол фактылардын ичинде тизмелерде адамдын ысымы жок болуп калганын, тизмелердин жасалма чыкканын, айлампа ыкмасын колдонуп, бюллетендерди массалык түрдө урнага салуу болгонун далилдеген фактылар бар.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы азырынча эч бир талапкерден сотко арыз түшө электигин кабарлады.
20 жылда, Акаевдин заманында, Бакиевдин заманында бир топ аткаминерлер көнүп алышыптыр да, "артык кылабыз деп тыртык кылгандар" бар. 

30-октябрда өткөн шайлоого көз салган жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын көбү бул жолу шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе жаралганын, бир канча добушканаларда бюллетендерди тобу менен урнага салуу аракети байкалганын, бирок бул мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир бербегенин белгилешкен.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова шайлоо акыйкаттыгы үчүн ар бир алешемдик боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүгө үндөөдө:

- Олуттуу мыйзам бузуулар сөзсүз түрдө тыкыр иликтенип чыгышы керек. Андан соң БШК бул көрүнүштөр шайлоонун жыйынтыгына кандай таасир тийгизгенин аныктоого тийиш. Биз бардык органдарды тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүүгө чакырат элек. Ошондой эле шайлоонун жүрүшүндөгү алешемдиктер тууралуу билдирип чыккан бардык талапкерлерди актыларын тиешелүү органдарга жолдоого үндөйт элем.

Мыйзам бузгандарга кандай мамиле болот?

Борбордук шайлоо комиссиясы да тизме боюнча нааразылыктар, башка алешемдиктер катталганы менен одоно мыйзам бузуулар дээрлик байкалбаганын билдирген. Ошентсе да Сузак районунда, Бишкектеги Ак-Өргө конушунда бюллетендерди тобу менен урнага салган учурлар бар экени кабарланган. Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов буга тиешеси барлар жоопко тартылаарын жарыялаган.

Алмазбек Атамбаев
​​Талапкерлердин көбү административдик ресурс колдонду деп айыптаган Алмазбек Атамбаев бүгүн шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча өз жүйөсүн журналисттерге билдирди:

- Менимче, андай фактылар катталса, керек болсо камалыш керек. Ошондон кийин шайлоо таза болот. 20 жылда, Акаевдин, Бакиевдин заманында бир топ аткаминерлер көнүп алышыптыр да, "артык кылабыз деп тыртык кылгандар" бар. Андай фактылар болсо, тартип коргоо органдар бар, прокуратура, сот деген бар, ишин козгоп, камаш керек.

Бүгүн Боршайкомдун отурумунда шайлоо күнү жалпысынан жарандардан 80ден ашык арыз, доомат түшкөнү белгилүү болду. Ошондой эле шайлоо күнү бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен айрым талапкерлердин штаб кызматкерлеринин соодалашканы баяндалган аудиоматериалдар интернетке таркап кеткени жөнүндө сөз болуп, анда айтылгандарды териштирүү өтүнүчү Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Автоматташтырылган шайлоо системасына бир гана добушканадан маалымат түшө элек. Соңку жыйынтык боюнча, шайлоочулардын 63,2 пайызы Алмазбек Атамбаевге, 14,76 пайызы Адахан Мадумаровго, 14,3% Камчыбек Ташиевге добуш берди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Адам каяктан: Баткен
04.11.2011 20:53
Атамбаев ангина болуп жатам дей берсе ар кандай ушак тарашы мумкун андан коро ачык айкын суйлошуулорду элдин алдында жургузсо жакшы болот эле.

кимден: Бакуля
03.11.2011 09:29
Айдай Жолдошбек силер шайлаган президенттин ангинасы эмитен ооруйт.Анан кантип элди башкарат?Же ал жөн гана шылтоосубу?Же бети кызарып, уялып жатабы жалган добуш алгандыгы үчүн.Таза адам тайманбайт чыгат.

кимден: Бакуля каяктан: Бишкек
03.11.2011 09:17
Эч кандай таза шайло болгон жок.Атамбаев \тм\к эмес.

кимден: Жолдошбек каяктан: Германия
02.11.2011 20:29
Мен бул жакка 01.11.11 де келдим.Шайлоо Акаевдин,Бакиевтин учурундагыга б.а. акыркы 20 жылдагы эн таза президенттик шайлоо болду.Отпой калган адамдардын кее бир шайлоочулары тизмеге кирбей калды деп ызылдап жатса Атамбаевтин деле миндеген шайлоочулары тизмеге кирген жок. Ошо Ташиев,Мадумаров Клара Кабиловасы шайлоону бурмалап,Ата-Мекендин женишин Ак Жол-Кара жолго алып берип ,шайлоонун жыйынтыгын жарыялабай койгондо деле бири депутат,бири спикер болуп отурган.Эмне ошондо бир эл учун кыйратып жасаган ишин кордунор беле.Ал эми Атамбаевке кошомат кылган Жетекчилер,шайлоо участокторунун торагалары,мучолору созсуз турдо жооп бериш керек же аларды
соттош керек. Короз кыйкырбаса деле тан атмак же Атамбаев аларсыз эле шайланмак!

кимден: KUBAT каяктан: LEYLEK
02.11.2011 19:27
atambaev prezident boluu uchu olkonu 27 mld ga kariz kilip.aylik mayanalar c.v kotorup mindegen jarandardi shayloogo kirgizbey anan prezident boloyun dedi.Birok azir zirkildep tashievden,Madumarovdon,elden korkup olturat.ushintip olturgandin kimge keregi bar.Prezidentpi bashkabi kantip kelse oshentip keteri da belgiluu,akiykat barsaniz ozunuzgo da elge da jaksh bolot ele A.mirza .Madumarov,Tashiev J.B bardigi molodes alar kizmat uchun emes akiykattik uchun chirildap jatishat.EN negizgisi aman bolunuz.

кимден: ноокат
02.11.2011 19:12
Пай-пай ! Сапырылып,бекер чачылган акчалар,канчалаган адамдардын уйкусун бузат.

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
02.11.2011 18:56
Казакстандык Марс туура айтасын. Мадумаров, Ташиевке экооно эки областы бериш керек. Алты жыл бат эле отот. Областрады гулдотуп ийишсе эле анан эл оздору аларды президент кылып алышат. Азыр алардын мурун кандай иштегенин элдин баары эле билет. Эгер экоонун бироо Атамбаевдин ордуна отуп калса,анда кудай билет эле шайлоо таза откон жок деп чыгышаарын. Кыргыздын аялдары жол тосуп чыкканынарды койгулачы. Анча-мынча акчага алданып кочого чыккпай. Отпой калгандар кичине уялсанар боло силер эмне шайлоого таза бардынар беле. Иштеп бергиле,элге тараткыла деп акчанарды чачпадынар беле. Ошол 14 процентти алганга эле суйунсонор. Силерден акча алгандар ошончо процент топтоп бергенине.

кимден: Samar каяктан: Бишкек
02.11.2011 17:08
Урматтуу замандаштар! Чыкпай турган көз эле чыгып кетти өзү эле деген сыңары-президенттик орунга талапкер болуп женилгендерге жана шайлоонун негизги тизмесине кирбей калгандарга чындыкты сүйлөсөнөр дейт элем. Элди жөн эле көтөрө бербей! Туура, кандайдыр бир өлчөмдө БШКанын күнөөсү бар, бирок, негизги күнөөлүүлөр өзүнөрсүнөр! 20-октябрга чейин өзүнөрдүн шайлоо жеринерге келип аты-жөнүнөрдү тактабадынар жана ошондой эле (бул маанилүү) 20-октябрдан кийин БШКанын ички-миграциянын негизинде ЖАНЫРТЫЛГАН Жаны Негизги Тизмени текшерип чыкпадынар?!
Бирок менин билишимче!!! Президенттик орунга талапкер болуп женилгендерде жана айрым негизги тизмеге кирип да КАЙДАН ДОБУШ БЕРЭЭРИН билбей калган ШЫЛУУНДАР «котур ташын» коюндарына катып унчукпай элди которуп атышат. 20-октябрдан кийин БШКанын шайлоо тизмеси жаныртылаарын билбестен- айрыкча 14% алган талапкер мырзалардын шылуун талапкерлеринин көпчүлүгү ӨЗДӨРҮНҮН жашаган окуругдарында бир нече жерде жана Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Бишкек сыяктуу жерлерден 20-октябрга чейин катталып коюшкан эмес дегенге ким кепилдик бере алат?-албетте, бул былыктарды БШКа билди жана REFRESH кылды?! Муну көрүп женилээрин билген талапкерлер 28-октябрдан баштап кыйкыра башташты! Ал эми бир нече жерден регистрация болгон жараныбыз шайлоодо кайсы жерден добуш берээрин билбей БАШ МАҢ болду?! Ачуу чындык!!! Бул үзүндүсү эле калганын өзүнөр корутундулап алгыла...

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
02.11.2011 15:47
Элди дүрбөтүп бийликке жетебиз дегендердин максаты иш жүзүнө ашпайт. Ошондуктан эсиңерге келип, элдин тынчтыгы, өлкөнүн өсүшү жөнүндө ойлобойлубу. Мурункуларга караганда шайлоо тазараак эле өттү. Мадумаров Ак-Жол аркылуу парламентке келгенде таза шайлоо менен келдиң беле? Анда эмне шайлоонун таза эмес болгонун жөнүндө эч нерсе айтпастан, спикер болуп отурбадың беле. Ташиев июнь окуясы боюнча аброй алып Ата-Журтту түзүп депутат болдуң. Тынчтык убакта бийликти башкарганга дараметиң жетпейт экен. Аны парламенттеги мушташкандарың далилдеп отурат. Элге тынчтык, чоң муштум эмес алысты көрө билген саясатчы керек. Байболов Генпрокурорго чейин көтөрүлүп, иш жүзүндө эч нерсе жасай албай, сабаттуу теоретик болуп сүйлөгөндөн башка колуңан эч нерсе келгидей эмес. Андан көрө Нуржамал Байболовага ыраазы болосуң. Себеби базарыңды ордуна коюп, байытып, депутаттык мандаттан айрылтпай, аял болсо дагы эркектей кам көрүп келди. Андан көрө ошол бактың кут болуп, элди козутканды токтотуш керек.

кимден: Киши
02.11.2011 15:12
Менимче, көптөгөн адамдардын текшергенден кийин тизмеде жок болуп калышы, ЕКУКУнун байкоочулары айткандай, шайлоочулардын ташылышы, үгүт мезгилинде Атамбаевдин адамдары кимге добуш бересиң деп, ар бир адамдан сурап чыгышы, ошондой тизменин белгилүү бир тартипсиз, баш-аламан түзүлүшү - ушунун баары биригип келип тизмеге сырттан административдик кийлигишүү болгонун гана каңкуулайт. Тактап айтканда, "өз эместерди" тизмеден чыгарып салып, ордуна "өздөр" киргизилген жана алар участоктон экинчи участокторго ташылган. Болбосо кантип эле келип текшерип кеткенден кийин, аты-жөнү тизмеден өзүнөн-өзү жок болуп кетсин. Эгер бул тастыкталса, өлкөдө өтө курч абал туулушу мүмкүн. Ош окуясы эл арасында парламенттик шайлоодо утуп чыгып, бийликке жетем деп аңды-дөңдү карабай ашыккан саясатчылардын иш-аракетинин акыбети катары бааланып жүрөт. Бирок алар баарын Бакиевдерге оодарып коюп, жадагалса моралдык да күнөөнү сезген жок. Дегеле, бизде бийликтегилер жоопкерчилик дегенди билишпейт жана бул боюнча жазаланбайт.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине