Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

ЭлТРди экиге бөлгөн эрегиш


ЭлТРде жалпысынан 300гө жакын кызматкер иштейт.
ЭлТРде жалпысынан 300гө жакын кызматкер иштейт.

ЭлТР телеканалынын кесиптик кошууну башкы директордун милдетин аткаруучу Максуда Айтиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Алардын жүйөсүндө Айтиева телеканалдын форматын бузуп, кадрдык жактан туура эмес саясат жүргүзүүдө. Каналдын жамааты үч күн ичинде талаптар аткарылбаса, иш таштоого чейин барышарын билдиришти.

Кечээ, 14-апрелде ЭлТРдеги чыр боюнча телеканалдын Бишкектеги жамааты чогулган жыйын өттү. Телеканалдын кесиптик кошууну Максуда Айтиеваны кызматтан кетирүүгө негиз кылып "Телеканалдын форматын бузууда, кесипкөй эмес кызматкерлерге жооптуу тармакты берүүдө жана маданият тармагын чагылдырган топтун курамын бузду" деген үч дооматты коюшууда.

Айтиева чыгармачылыкка тиешелүү сын-пикирлер эске алынарын айтып, бирок телеканалда реформа жүрүп жатканын, фокус-группалардын сынынан өтпөгөн берүүлөр токтотулганын түшүндүрдү. Ошондой эле Айтиева маалымат үчүн акча алып, бирок кассага салбаган коррупциялык схемалар бар экенин ашкерелеп, ага каршы иштер жүрө берерин билдирди.

Максуда Айтиева
Максуда Айтиева

​Ошентип, Максуда Айтиева кызматкерлеринин катуу да, жумшак да айтылган сын-пикирлерине, суроолоруна жооп берүүгө аракет кылды. Бирок жыйында негизинен ич күптүлөр, эки тарап болуп кайым айтышуулар орун алды.

Телеканалдын башкы директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов ЭлТРдин берүүлөрүнүн мазмуну начарлап, жеңил-желпи программалар кетип жатканын жетекчиликке бир нече ирет оозеки билдирип келгенин айтууда. Талаптарды аткарууга берилген үч күндөн кийин кесиптик кошуундун чечими менен иш таштоо болушу мүмкүн:

- Эми жыйналышты көрдүңөр. Талаптарды канааттандырган жок. Билгениңерди кылгыла дегендей кылды. Үч күн мөөнөт бердик. Андан соң кесиптик кошуун кандай кадамга барат, ал сүйлөшүлөт. Бирок мени таң калтырганы ушул жетекчини алып келгендер дагы деле бизди жаман көрүп жатат. Алып келген кишиси телеканалды талкалап бүтмөй болду.

Максуда Айтиева болсо өзүнө карата айтылган дооматтар менен макул эмес. Ал реформа жүргөн жерде ушундай көрүнүштөр болору мыйзам ченемдүү экенин, эфир үчүн ар кандай жол менен акча алынган схемаларды токтотууга каршылык болуп жатканын билдирди:

Бейшенбек Бекешов
Бейшенбек Бекешов

- Мен Бейшенбек Бекешовдон далай ирет "Самаков сизге демөөрчүлүк кылып жүрөт, келишим түзүп коюңуз" деп сурангам. Мага сөз тийбесин деген элем. Азыр ал сөзүн танабы же жокпу билбейм, бирок Бекешов өзү айткан "Самаков мага анда-санда 1000-2000 доллар берет, аны мен чөнтөгүмө салып коем" деп. Мен ага да макул болдум, Бекешовдун айлыгы катары деп эле жаздырып коюңузчу дедим. Ал эми азыр маданият тармагындагы курам чынында депрессия болуп жатат. Себеби маданияттын көп берүүлөрү жабылды. Жабылганынын себеби, атайын эксперттер аныктаганда, берүү төрт пайызга жетпеген аудитория алган.

Бирок Бейшенбек Бекешов ЭлТР жетекчисинин "акча алды" деген айыптоосун төгүндөөдө.

Айтиеванын айтымында, 2014-жылы жалпы жарнамадан түшкөн каражат 41 млн. сомду түзгөн. Анын 47% “Жуңгого сапар” берүүсү үчүн келишимдин негизинде Кытай тарап төлөгөн.

Айтор, эки тарап өз чындыгын айтып чыркырап жатат. ЭЛТРдин кесиптик кошууну ушундай эле талаптар менен президентке жолдогон кайрылууга 60тай кызматкер кол койгон. ЭлТРдин Оштогу башкы кеңсесинин кесиптик кошууну да жаңы жетекчиликтин реформаларын колдорун, аларга айрым кызматкерлер бут тосуп жатканын билдирип, президентке кайрылуу жазышты.

Медиа тармагындагы эксперт Шамарал Майчиев Кыргызстанда мамлекеттик телеканалдардагы жетекчилик менен жамааттын пикир келишпестиктери көп кездешерин белгилейт.

- Бизде мамлекеттик телеканалдарда жетекчилик кызматтын шарттарын так аныктап алуу керек. Өзүнүн критерийлерин иштеп чыгып, жетекчи боло турган адам ошол талаптарга жооп бергенде гана кызматка отургузуу керек. Азыр бизде кимди болбосун алып келип отургузуп коет, анан дайыма чыр чыгат.

Кыскасы, чырдын аягы эмне менен бүтөрү азырынча белгисиз. Жалпысынан аталган телеканалда 300гө жакын кызматкер иштейт. Максуда Айтиева президенттин жарлыгы менен ЭлТР коомдук каналынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп өткөн жылдын августунда дайындалган. Максуда Айтиева буга чейин Баткендеги көз карандысыз “Салам” радиосун, Оштогу медиа ресурстук борборун жетектеп келген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG