Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Нарын: ГЭСтердин курулушуна жан кирди


Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу үчүн бериле турган жерлер маселесин чечүүнү ылдамдатууну тапшырды.

11-сентябрда өкмөттүн жыйынында тиешелүү тапшырмалар берилди. Буга чейин өкмөт жер маселеси 15-сентябрга чейин чечилерин убада кылып келген эле. Азыр Нарындагы ГЭСтерди куруу аздыр-көптүр жанданганы менен, белгиленген мөөнөттөн кыйла эле артта калды.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерде иш илгерилебей калганына эң ириде жергиликтүү эл кабатыр. Нарын районундагы Орток айылдык кеңештин депутаты Аятбүбү Касмалиева ушу тапта жумуш жанданып калганына ыраазы:

- Азыр фирмалар келип иштей башташты. Биздин айылдан да балдар иштеп жатат. Азыр аракет кылышууда. Мурун болсо таптакыр эле дым болуп жатып калбадык беле. Эл нааразы болушкан. Азыр болсо кыймыл бар.

Кыргыз өкмөтү 11-сентябрдагы жыйынында ГЭСтерди курууга берилчү жер маселесин талкуулады. Премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, өкмөт башчы маселелер 15-сентябрга чейин чечилсин деген тапшырмасын берген:

- Темир Сариевдин айтымында, азыр ГЭСтерди куруу жараяны кечигүү менен жүрүп жатат. Буга чейин 554 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Азыр 1338 гектар жер бөлүп берүү зарыл экен. Анын ичинде үлүшкө берилген жерлер бар. Ушул маселени 15-сентябрга чейин чечүүнү тиешелүү органдарга тапшырган. Премьер ушул мөөнөткө чейин чечилишин талап кылды. Жер маселеси чечилсе орус тарап 12 миллиард рубль акча бөлүп курулуш иштери кайрадан жанданат. Премьер-министр Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди 2019-жылга чейин бүткөрүү керектигин кошумчалады.

Быйыл күзгө чейин ГЭСтерди куруу иштери токтоп калган эле. Мындан улам кыргыз өкмөтү орусиялык “Русгидро” компаниясы долбоорду каржылабай жатканын айтып даттанууга аргасыз болгон. Орус тарап болсо жерлерди бөлүп берүү кечигип жатат деген шылтоо айткан.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун баамында, ГЭСтер кымбат курулуп жатат. Мындан улам анда өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы кымбат болуп, сатууда маселелер жаралышы мүмкүн. Экинчиден, азыр Орусиянын азыркы экономикалык абалына байланыштуу каржылоо кыйынга туруп калды:

- Азыркы өкмөткө, ошол эле Энергетика министрлигине ошол өндүргөн электр энергияңарды ким сатып алат деп суроо бериш керек. Канча баадан, кимге сатасыңар деген суроого жооп жок. Экинчиден, азыр өзүңөр билгендей орус рубли девальвация болуп жатат. Орусия бул долбоорду рубль менен каржылап жатпады беле, ошондуктан курулуштун баасы дагы кымбаттайт. Азыр орус тарап Кыргызстан жерин бербей жатат, ошондуктан ГЭСтерди тургузбай жатабыз деп жатышат. Орустар чынында өздөрү эмне кыларын билбей жатат. Беш-алты жылдын ичинде Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер курулбайт.

Баштапкы план боюнча "Русгидро" төрт ГЭСти 2018-жылы толук куруп бүтүрмөк жана биринчи агрегаты эмдиги жылы ишке кирмек эле. Азыр болсо кеминде иш бир жылга кечеңдеп жатат. Кыргыз-орус өкмөттөрү ГЭСтерди куруу тууралуу 2012-жылы макулдашкан болчу.

XS
SM
MD
LG