Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Журналисттер президентке каяша айтты


Бүгүн Бишкекте 15ке чукул кыргыз тилдүү гезиттин редакторлору жана орус тилдүү “Деньги и власть” басылмасынын жетекчиси президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.

Анда президенттин "кыргыз тилдүү гезиттер жалаң ушак жазып калды" деген сөзү катуу тийгенин билдиришкен. Бул жыйынга бир катар депутаттар жана саясатчылар катышты. Ошол эле учурда айрым журналисттер президенттин айтканында жүйө бар деп эсептешет.

Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда журналисттер күнүнө арналган кечеде сөз эркиндиги Кыргызстандын негизги жетишкендиги экенин, бирок сөздүн кадыры түшүп, айрыкча кыргыз тилдүү гезиттер такталбаган маалымат жазып калганын сынга алган болчу.

Редакторлордун башын кошкон демилгечи, “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков:

- Негизи кеп Алмазбек Атамбаевдин кыргыз журналисттери жалаң эле ушак жазышат дегенинде эмес. Кеп президент эл башчысы, журт атасы катары журналисттик кесипти аркалаган адамдардын дарегине айтып жатканы үчүн өтө эле катуу тийди. Себеби кыргыз гезиттери жаманбы-жакшыбы коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирип жатабыз. Эгер Атамбаев гезиттерди ушакчы десе, анда коом ушакчы деп билишибиз керек. Албетте Атамбаевдин айткандары анын уятындагы иш. Ошентсе да биз өз реакциябызды билдирели деп чечтик.

Журналисттер президентке жолдогон кайрылууда азыркы парламентти таратып, Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу айтылган. Ошондой эле кыргыз тилдүү журналисттер аларды убайымга салган көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү да макулдашышты.

Жыйынга катышкан медиа эксперт Илим Карыпбеков кайрылууда журналисттер президентке каяша айтуунун ордуна, дал ушундай абалдан кантип чыгуунун жолдорун талкууласа пайдалуу болмогун билдирди:

- Мындан кийин президент ушундай ойлобошу, окурмандар ушундай пикирде болбошу үчүн эмне кылышыбыз керек деген суроолорду талкуулаган аянтча болсо мен аларга кошулам. Бирок бүгүн “президент минтип айтты, эртең премьер-министр антип айтты, аларга көрсөтөбүз, каяша айтабыз”, - деген максатта гана деп чогулуп, кайрылуу кабыл алса мен кошула албайм.

Бул жыйынга гезит редакторлорунан башка Өмүрбек Абдырахманов, Жылдыз Жолдошева, Равшан Жээнбеков сыяктуу депутаттар, Азимбек Бекназаров, Эркин Бөлөкбаев сыяктуу саясатчылар катышты. Алар президент кыргыз гезиттерин сындагандын ордуна аларды колдоого алышы керек эле деген пикирди айтышты. Азимбек Бекназаров:

- Президенттин чычалап, кыргыз журналисттерине акарат келтиргени абдан эле туура эмес. Тескерисинче, мамлекет жетекчиси катары мен силерди колдоого алууга белсенем деп айтышы керек эле.

Анткен менен айрым журналисттер президенттин айтканында жүйө бар экенин моюнга алууда. “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева мындай ойдо:

- Эми бир четинен мен кесиптештериме кошулам. Алмазбек Атамбаев президенттикке келгенден тарта эле айрым учурда одоно сүйлөп алганын, кимди кандай атаганын элдин баары эле билет. Анан чындыгында майрамда бардык журналисттерди чакырып алып, ошондой сөз айтканы биздин кесиптештерге катуу тийип калса керек. Бул жагынан кесиптештеримди колдойм. Бирок экинчи жагынан президент муну жөн өле айткан жокко дейм. Коомчулукта кыргыз гезиттери жалаң эле ушакты жазып калды деген сөздөн улам президент ошондой ойду айтса керек. Биз башка бирөөнүн пикирин жакпаса да укканды, сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек.

Ошол эле кезде айрым гезиттердин биз оппозицияга өттүк деп жар салганы деле биздин деңгээлден кабар бергендей. Себеби журналистика деген эмне? Ал кайсы гана тарап болбосун, пикирин угуп, адилет, калыс маалымат берүү дегенди билдирет. Ал эми оппозицияга өттүк дегени журналистика саясий курал катары пайдаланылып, саясатчылардын максаты бар экенин билдирет.


Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында Борбор Азияда аздыр-көптүр эркин мамлекет катары таанылган. Бирок мурдагы эки бийлик тушунда айрым журналисттер камалып, кээ бирлери зомбулукка кабылып, өмүрү менен кош айтышкандар да болгон.

2010-жылдан кийин бийлик мыйзамдарда жалпыга маалымат каражаттарында жалаа жапканы үчүн кылмыш беренесин алып салган. Жакында башкы прокурор Аида Салянова жалган маалымат үчүн жоопко тартуу зарыл дегендей оюн билдирди.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG