Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Депутаттардын балдары иш издейт


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөт аппаратында иштеген уул-кыздары кызматтан негизсиз алынганына нааразы.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаковдун уулу Илимбек Исаков өкмөт аппаратынын экономика бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген. Мындан үч ай мурда жаңы өкмөт куралганда, ал ээлеген орду кыскартылды деген жүйө менен кызматтан алынган.

- Саясий түрткүсү бар болушу мүмкүн. Атам депутат же апам депутат деп биз анан кайда иштешибиз керек? Мамлекеттик кызматта иштей албасак... Бир гана бизнес менен алектенүүгө туура келип жатпайбы. Бирок бизнесиңди жакшы алып барсаң, аны да айтып чыгышат. Бул депутаттын баласы, ошондуктан бизнеси жакшы жүрүп жатат деп...

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламентте ант берүүдө, 12-сентябрь 2012-жыл
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламентте ант берүүдө, 12-сентябрь 2012-жыл
Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болгондон кийин өкмөт аппаратында Илимбек Исаков сыяктуу 30 чамалуу кызматкер иштен алынган. Алардын арасында өкмөт аппаратынын коргонуу бөлүмүндө иштеген юрист, депутат Курманбек Осмоновдун уулу Рысбек Эргешов, депутат Анвар Артыковдун социалдык бөлүмдө иштеген кызы Одина Артыкова, аппараттын реалдуу сектор бөлүмүн жетектеген, депутат Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев бар.

Мындан тышкары “Ата Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошеванын тууганы саналган Тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыков да болгон. Депутат Анвар Артыков бошогон орундарга ким алынганына көңүлүн бурду:

- Биринчиден, келип жалдырап суранса, чечип берем деп ойлосо керек. Экинчиден, менин кызымды иштен алганда жыйырмага чукул кишини бир буйрук менен кыскарткан. Кыскартуу кылган жок. Эки күндөн кийин башка адамдарды, тууган-уруктарын алып келип отургузуп койду. Менимче, өзүнүн жакындарына, айылдаштарына, тууган-уруктарына орун бошотту го...

Конкурс жарыялап, татыктуу адистер келиши керек. Антпесе биз үчүн адамдар кызматка кантип келип, эмне үчүн кайра иштен алынганы түшүнүксүз болуп калып жатат.

Депутаттар ишсиз калган уул-кыздары кесипкөй экенин айтышып, алардын укуктары бузулду деп эсептешет. “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов өз уулу эч кандай түшүндүрмөсү жок иштен алынганын айтты:

- Мен ошондуктан расмий өтүнүч жөнөттүм. Үч айдан бери айтпай жатышат. Маселени чечебиз, баарын жумушка орноштурабыз дешкен. Эч кимди жумушка орноштурган жок. Ошол күнү эле өкмөт башчыдан эмне себептен бошоттуң, тажрыйбасы же билими жетишпей жатабы, жумушун так аткарбай жатабы десем, унчукпайт.

Бирок өкмөт бош орундарга жетекчилердин жакындары келди деген маалыматты четке кагууда. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаңы өкмөт куралганда аппараттын курамы да кайра каралганын “Азаттыкка” билдирди.

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев
- Аткаруу бийлигинде парламент депутаттарынын жакындары иштеп жатат, бул туура эмес деп депутаттардын өздөрү айтып чыгышкан. Кайра түзүүнүн натыйжасында кээ бир бөлүмдөр жоюлду, кээ бирлери жаңы түзүлдү. Ошонун эсебинен жалаң эле депутаттардын балдары эмес, көпчүлүк адамдар жумуштан которулду. Жаңы орундарга кесипкөй, тажрыйбалуу адамдар жумушка алынды. Алардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, менин, Жантөрө Сатыбалдиевдин же Жоомарт Оторбаевдин жакындары жок.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов болсо жаңы өкмөт башчысы өзү ишенген кесипкөй адамдарды аппаратка алып келгенин белгиледи. Талдоочу Эмил Жураев депутаттар менен өкмөттүн ортосундагы соңку нааразылыкты боло жүрчү көрүнүн катары сыпаттады:

- Ошол эле азыр доомат коюп жаткан депутаттар жогорку аткаруу кызматында иштеп жүргөн кезде болуп келген адат. Министр же премьер-министр өзгөргөндө бизде ушундай нааразылыктар адатка йланып калган.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын баамында, депутаттар уул-кыздары үчүн орун доолаган, же өкмөт жетекчилери өз жакындарын бийликке алып келген көрүнүштөрдү конкурс аркылуу гана жок кылууга болот:

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова
Конкурс жарыялап, андан бардыгы өтүшү керек. Татыктуу адистер келиши керек. Антпесе биз үчүн адамдар кызматка кантип келип, эмне үчүн кайра иштен алынып калганы түшүнүксүз болуп калып жатат.

Ал тапта “Вечерний Бишкек” гезити өкмөттөн өз жакынына орун таап берүүнү каалаган эл өкүлдөрү көп экенин жазып чыкты. Маалыматка ылайык, депутаттар Элмурат Обдуновдун бир тууганы, Анвар Артыковдун, Турат Мадылбековдун жана Бөдөш Мамырованын уулдары, Акматбек Келдибековдун, Камчыбек Ташиевдин, Турсунбай Бакир уулунун, Улукбек Кочкоровдун жана Надира Нарматованын жакындары, достору Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка жарыяланган сынактан өтпөй калган экен.

Жакында өкмөттүн түзүмү кайра каралып, оптималдаштырылган долбоор даярдалып жатканы да маалым болду. Ага ылайык бири бирин кайталаган мамлекеттик мекемелерди кыскартуу мерчемделүүдө. Жаңы түзүм боюнча долбоор жыл аягына чейин Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. Күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдөн кийин өкмөттөн кимдер кетип, кимдер келер экен?

XS
SM
MD
LG