Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Жарылган снаряд жоокер өмүрүн кыйды


Ысык-Көл, 2016
Ысык-Көл, 2016

Балыкчы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер снарядга жарылып набыт болду. 20 жаштагы жоокер снарядды кокусунан жардырып алганы айтылууда.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдиргендей, 20 жаштагы аскердин өмүрүн алган окуя Балыкчыдагы №20636 аскер бөлүгүндө 19-майдын кечинде болгон. Келишим негизинде кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкери куралды этиятсыздык менен колдонгондуктан снаряд жарылып, оор жараат алган.

Башкы штабдын маалымат кызматынын өкүлү Римма Даниярованын “Азаттыкка” маалымдашынча, жараат алган аскер Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза тапты:

- Келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкери ок-дарыларды колдонууда коопсуздук эрежелерин кескин бузуп, жанында турган снарядды көздөй таш ыргыткан. Соккудан улам снаряд иштеп, жарылып кеткен. Жарылуудан аталган аскер жаракат алган. Дароо Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок кечки 21.30 чамасында каза болду.

Окуядан соң иликтөө башталып, кылмыш иши козголду. Кыргызстандын аскер прокурорунун орун басары Рахат Шергазиев “Азаттыкка” аскер өлүмү боюнча тиешелүү жетекчилерге укуктук баа берилерин билдирди:

- Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы бүгүн Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлүмүнө алып келген шалаакылык" жана "ок-дары, курал-жаракты кайтаруу боюнча өз милдетин так аткарбагандык" деген эки беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Ал эми өлгөн жоокерге соттук-медициналык экспертиза туугандарынын катышуусунда бүгүн эртең менен өткөрүлдү.

Акыркы жарым жылда Балыкчы аскер бөлүгүндө жоокер өлүмү менен аяктаган экинчи окуя кайталанууда. Ушул жылдын 18-февралында Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндөгү кароолдук бөлмөдө куралды этиятсыз колдонуунун жыйынтыгында катардагы жоокер Дастан Мурат уулу жараат алган. Ал 19-февралда Балыкчы шаардык ооруканасында каза болгон. Бул окуя боюнча аскер бөлүктүн төрт аскер кызматкери иштен алынган эле.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, мындай окуялардын орун алышы аскердеги тартиптин начардыгы жана офицердик курамдын даярдыгынын төмөндүгүнөн кабар берет:

- Биринчиден, аскер биздин коомдун бир бөлүгү. Коомдо болгон окуялар аскерде да кайталанат. Экинчиден, аскерлерди тарбиялай турган жетекчилердин басымдуу көпчүлүгү тажрыйбасы аз, көп жолду басып өтө элек офицерлер болуп жатат. Болбосо, аскерге барган адам куралды абдан жакшы колдонуп, билиши керек. Эгер мектеп окуучу снарядды билбей, таш менен уруп алса бир жөн. Үчүнчүдөн, аскерде тартип жок, уставдар аткарылбайт. Ушунун баары биригип аскердеги ушундай окуяларга себеп болуп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев акыркы кездеги армиядагы окуялар боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү зарылдыгын билдирүүдө:

- Орун алган ар бир окуя боюнча милдеттүү түрдө иликтөө жүргүзүлүшү керек. Ар бири боюнча юридикалык баа берилиши зарыл. Ким шалаакылык кылды, кимдин күнөөсү бар сөзсүз түрдө аныкталышы керек. Буга кошумча Башкы штабдын жетекчилери кызматтан алынды. Бул президенттин акыркы окуяларга байланыштуу көргөн чарасы болду окшойт.

Акыркы кезде кыргыз армиясында бөөдө өлүм тапкан аскерлер көп катталууда. Өткөн жумаларда Улуттук гвардияга караштуу аскер бөлүктө эки жоокер мушташып, бири өлгөн. Андан соң Бишкектеги Аскер институтта бир курсант өз жанын кыйган. Бул окуялардан соң президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаровду жана Улуттук гвардияны кол башчысы Мелис Сатыбалдиевди кызматтан бошоткон.

Расмий маалымат боюнча акыркы төрт жыл ичинде кыргыз армиясында 60дан ашык аскер каза болгон. Алардын 70 пайызы өзүн жанын өзү кыйган.

Байкоочулар мындай кырдаалга аскердеги ыдык көрсөтүү, уставдык эмес мамилелер жана офицерлер арасындагы ички тартиптин сакталбаганын себеп катары көрсөтүшөт.

Кыргызстанда аскер тармагында реформа жүргүзүлүп, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлгөн. Реформанын негизги максаты катары аскердеги тартипти жөнгө салуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо деп айтылган. Бирок реформанын жыйынтыгы азырынча сезиле электигин эксперттер белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG