Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Атай немистерди ыйлатты


Атай Өмүрзаков "Тумар" тобу менен бийлеп жатат.
Атай Өмүрзаков "Тумар" тобу менен бийлеп жатат.

Робот бийи менен таанылган бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бийчилер тобу Германиянын Франкфурт шаарында өткөн Das Supertalent-2014 телесынагында финалга чыкты.

Кыргызстандык бийчилер көрүүчүлөрдүн оозун ачырып, калыстар тобун ыйлатты. Аталган телесынак Германиянын белгилүү RTL телеканалында көрсөтүлүп, калыстар тобунда атактуу Modern Talking тобунун ырчысы Дитер Болен баштаган адамдар отурат. Атай жана аны коштогон бийчилер эми финалда баш байге 100 миң евро үчүн ат салышат. Финалга кызуу даярдык көрүп жаткан бийчи Атай Өмүрзаков менен маектештик.

“Азаттык”: Атай, силердин финалга өтүшүңөрдү интернеттен, теледен көргөн кыргызстандыктардын кубанычында чек жок. Германиядан качан келдиңер?

Атай: Бул телесынак Франкфурт шаарында августтун ортосунда эле тартылган. Ошентсе да эфирге 27-сентябрда чыкты. Бирок долбоордун шарты боюнча конкурс жөнүндө эч кандай маалымат айтылбашы керек болчу. Ошондуктан эфирге чыкканга чейин чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз.

"Азаттык": Буга чейинки эл аралык сынактарга өзүң жалгыз катышып келдиң эле. “Тумар” тобу менен бирге чыгуу оордук жараткан жокпу?

Атай: Биз биринчи жолу чогуу бийлеп жаткан жокпуз. Алгач Орусиянын “Минута славы” сынагында бирге чыкканбыз. Андан кийин “Тумар” тобу ушул эле бий менен Чехиядагы конкурска да катышты. Тактап айтканда, биз Франкфуртта аткарган номур жаңы эмес болчу. Бирок бу жолу төртөөбүз аткардык. Номурду долбоордун режиссёрлору өздөрү тандашты.

“Азаттык”: Эң кызыгы сен калыстар тобундагы адамдарга кыргызча кайрылганың болду. Атайын эле ушундай кылдыңбы же кандай?

Атай: Чындыгында биз англисче сүйлөйбүз деп макулдашып алганбыз. Бирок жеке өзүм англисче же орусча сүйлөгүм келген жок. Аларга орусча сүйлөсөм деле түшүнбөйт болчу. Анын үстүнө буга чейинки эл аралык сынактарда жалаң орусча сүйлөп келгем. Бирок бу жолу алдыма эл аралык сахнада кыргызча сүйлөйм деп план койгом. Ошентип немистердин алдында атайын эле кыргызча сүйлөдүм.

Биз алардын сөздөрүн түшүнүп жаттык. Бирок алар менин айткандарымды түшүнүшкөн жок. Негизи котормочу бий бүткөндөн кийин гана чыгышы керек болчу. Режиссёрлор ушундай эреже коюшкан.

“Азаттык”: Силердин бийиңерден кийин калыстар тобунун мүчөлөрү баш болуп көзүнө жаш алышты. Алар сынак бүткөндөн кийин да өз эмоциялары менен бөлүштүбү?

Атай: Алар бизге абдан таң калышты. Modern Talking тобунун мүчөсү Дитер Болен “бул бий ааламдык бий, дүйнөдө жок талант” деп мактады. Эми Дитер Болен деле дүйнө кыдырып, көптөгөн иш-чараларга катышып жүрөт. Ал кишинин ушундай мактоосу бизди абдан кубантып, дем берди. Калыстар тобунун бир мүчөсүнүн ыйлап жибериши биз үчүн чоң комплимент болду.

“Азаттык”: Калыстар тобу силердин бийиңерден кийин тамаша-чыны аралаш баш байге 100 миң еврону дароо берип салбайлыбы дегендей кылышты. Бул жеңиш колдо дегенден кабар бербейби?

"Тумар" тобу Германиянын Франкфурт шаарында өткөн сынак учурунда.

Атай: Ооба, алар баш байгени дароо бизге ыйгаруу сунушун айтышты. Бирок жарыш деген жарыш. Менимче, баары эреже боюнча болушу керек. Бирок баары эле жеңишке мүмкүнчүлүгүңөр жогору деп жатышат. Буюрса финал декабрдын ортосунда болот. Жеңүүчү элдин добушу менен аныкталат.

“Азаттык”: Финалга даярдык кандай болуп жатат анан?

Атай: Кызуу даярданып жатабыз. Убакыт да аз калды аябай. Бирок кандай номур аткарарыбыз азырынча сюрприз. Буюрса философиялык чыгарма болот. Ар бир бийди үч ай даярдайбыз.

“Азаттык”: Германияга барып-келүүгө деле бир топ каражат кетери талашсыз. Силерди каржылык жактан кимдер колдоого алды? Маданият министрлигинен жок дегенде моралдык колдоо болуп жатабы?

Атай: Эми эч кимден деле акча сураган жокпуз. Өз каражатыбыз менен эле барып келдик. Бийлик өкүлдөрүнөн жардам деле күтпөйбүз. Эл алкыш айтып жатат.

Азаттык”: Алдыда кандай пландар бар?

Атай: Кудай буюрса, 8-октябрда Стамбул шаарына конкурска барабыз. Ал жерде Yetenek sizsiniz деген эл аралык сынак болот. Буга чейин Кыргызстандан Азамат деген жигит биздин бийди бийлеп, жарым финалга чейин чыккан. Эми алар бизди чакырды. Буюрса “Тумар” тобу менен ошол сынакка да даярданып жатабыз.

“Азаттык”: Маегиң үчүн рахмат! Талантың менен Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөтүп жүрө бер!

Атай: Сиздерге да чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG