Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Исмаилов үй камагында калды


Ош облустук соту “Уш садоси” гезитинин редактору Мухаммадсали Исмаиловдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу тууралуу прокуратуранын арызын канааттандырган жок.

Облустук прокуратура эми Жогорку Сотко доо арыз жолдоорун айтууда. Ал арада жабырлануучу тарап да баш редактордун үй камагында жүргөнүнө нааразы болууда. Ал эми Исмаилов өзү журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартууда.

Мухаммадсали Исмаиловдун баш коргоо чарасы жабык эшик артында каралып, процесс 10-15 мүнөткө деле созулган жок. Жабалактаган журналисттер сот залына кирмек түгүл, тараптардын биринен да кенен маалымат ала алышпады. Үй камагында калтырылган баш редактор өзү да, анын жактоочусу да интервью берүүгө макул болгон жок.

“Уш садоси” гезитинин журналисти Салтанат Файзуллаева жараян жөнүндө буларды айтты:

- Мухаммадсали Исмаиловдун үй камагына чыкканы прокурорлорго жакпай калыптыр. Алар редактор бул жакта тергөөгө тоскоолдук кылат, өч алышы мүмкүн, же качып кетиши мүмкүн деп убактылуу кармоочу жайга камакка алууну соттон талап кылган экен. Бирок облустук сот шаардык соттун 3-апрелдеги чечимин күчүндө калтырып, Исмаиловду үй камагында калтырды.

Салтанат Файзуллаева
Салтанат Файзуллаева
Файзуллаева ошондой эле кесиптешинин адам өлтүрүүгө шектелип жатканы акылга сыйбаган нерсе экендигине токтолду:

- Мухаммадсали мээнеткеч, ак ниет, табияты таза адам. Аны мындай кылмышты кылат деп ойлогондун өзү туура эмес. Ал июнь окуясы учурунда өз маалесинде элүү башчы болуп, калкты ынтымакка үндөп жүргөн. Тигилер кандай максат менен жалган жалаа жаап жатканына түшүнбөй турабыз.

Бирок Ош облустук прокуратурасы Исмаиловго оор беренелер боюнча айып коюлгандыктан камакка алынышы керектигин айтууда. Прокурор Айбек Турганбаев эми Жогорку Сотко доо арыз жолдошоорун “Азаттыкка” билдирди:

- Биз бул боюнча Жогорку Сотко да доо арыз жазабыз. Негизи бул жерде Исмаиловго улутуна, же социалдык абалына карата куугунтук болуп жаткан жок. Бул тең укуктуулук биздин Башмыйзамда деле ачык көрсөтүлгөн. Бирок ошол эле кезде бир кылмыш кылса, ким болбосун жоопко тартылат. Тиги арыз жазып жаткан аял өзү деле өзбек улутунан болуп жатпайбы. Анын арызын кабыл албай, же иликтебей койсок ал дагы айтып чыгат, “мени арызымды карабай коюшту, укугумду тебелеп жатышат” деп.

Ал арада жабырлануучу тарап да баш редактордун үй камагында жүргөнүнө нааразы. “Күйөөм Анвар Махмудовду өлтүрүп салышкан” деп милицияга арыз менен кайрылган өзбек тектүү Ажар Махмудова мындай дейт:

- Баарын кылган ушул Мухаммадсали Исмаилов. Эримдин сабалганына, жоголгонуна да ошол күнөөлүү. Ал акчасы, тааныш-билиши бар болгону үчүн үй камагына чыгып кетти. Анын ордунда азыр бейкүнөө, акчасы жок балдар камакта отурушат. Исмаиловдун буйругу менен ошол балдар менин үйүмө кирген.

Ажар Махмудова
Ажар Махмудова
Махмудова анын күйөөсү калабада башка улуттарды сактап калганы үчүн өлтүрүлгөнүн кошумчалады:

- Менин күйөөм 2010-жылы 12 кыргызды куткарып калганы үчүн саткын аташкан. Аны “сен кыргыздарга сатылып кеттиң, өзүңдүн улутуңа чыккынчысың”, дешип коогалаң бүткөндөн кийин да сабашкан. Бир жолу мааледегилер аны асып салышып, араң аман калган. Ушунун баарынын башында Исмаилов турат. Азыр күйөөмдүн өлүгү да, тириги да жок. Мен Өзбекстандан түшкөн үчүн ошол жакка алып кетип бекитип койду дешет, Кудай турат, мен аны эки жылдан бери көрө элекмин. Күйөөм турмак мени деле, коогалаң учурунда, андан кийин да коркутушкан. Ал эмес азыр да мени коркутуп атышат. Керек болсо көчөдө да, иштеген жеримде да эркин жүрө албай атам. “Саткындын аялысың, чыккынчысың” деп жемелешет. Иштеген жерлер өзбектердики болсо мени айдап жиберишет.

Мухаммадсали Исмаилов жана аны менен кошо эки адам ушул айдын башында Оштун Имам-Ата кварталынан камакка алынган. Шаардык соттун өкүмү менен Исмаилов өзү үй камагына чыгарылган болчу. Алар 2010-жылы июнь коогасында өзүнүн улутташы, өзбек тектүү жаранды өлтүргөн деп шектелүүдө. Сот отуруму качан башталат азырынча белгисиз.

Өзбек тилинде жарык көрчү өкмөттүк «Уш садоси» гезити 2001-жылдан бери чыгып келет. 8-беттик гезит, аптасына 2 жолу басылып турат. Мухаммадсали Исмаилов мында редактордун милдетин аткарганына 7-8 жылдай убакыт болду. Ага чейин типограф, кабарчы болуп иштеп келген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG