Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Эфирден кеткен экстремисттик видеонун чыры


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абадда облустук телеканалдын кызматкери “Хизб-ут Тахрир” уюмунун идеяларын жайылтууга шектелип, соттолуп жатат.

Өткөн жылдын октябрь айында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына Ноокен районунун тургундарынын атынан арыз түшкөн.

Арызда 2014-жылдын 18-октябрында облустук телеканалда "Хизб-ут Тахрир" диний экстремисттик уюмуна тиешелүү тасма көрсөтүлгөнү жазылган. Бул тууралуу облус прокурорунун орун басары Нурлан Дарбанов буларды айтты:

- Телеканалдын эфиринен кыргыз тарыхы жөнүндө 25 мүнөттүк тасма көрсөтүлгөн. Анда улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөр айтылып, соңунда тасма Кыргызстандагы “Хизб-ут Тахрир” уюму тарабынан даярдалганы жазылган. Көрүүчүлөрдүн арызынын негизинде УКМКнын облустук башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улуттук, рассалык диний же регион аралык кастыкты козуткан) деген беренесинин негизинде бир кызматкерине кылмыш иши козголгон. Облустук ички иштер бөлүмүндө тергөө иштери жүргүзүлүп, 27-январда ал шаардык сотко өткөрүлүп берилген. Азыр ал материал соттун кароосунда жатат.

Облустагы телеканалда болгон окуя боюнча телеканалдын видеотехниги Бурханбек Матовдун үстүнөн кылмыш иши козголгон. Андан соң ал жетекчилик тарабынан жумушунан четтетилген. Тергөө иштерин жүргүзгөн облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Маралбек Мырзамамытов видео материал өзүмбилемдик менен эфирге коюлганын билдирди:

- 18-октябрь күнү Бурханбек Матов эфирди көзөмөлдөөчү техник болгон. 25 мүнөттүк ошол видеону директордун орун басарына көрсөткөндө ал макулдук бербей койгон. Ал редактор менен телефон аркылуу гана кеңешип, материалды толук түшүнбөй, эфирден кетирип жиберген. Бул иш азыр соттун кароосунда. Биз телеканал жетекчисинин да тартиптик жоопкерчилигин кароо боюнча Маданият министрлигине кат жолдогонбуз. Азырынча жооп келе элек.

Айыпталып жаткан кызматкер өз күнөөсүн моюнуна албастыгын билдирип, "Азаттыкка" маек берүүдөн баш тартты. Ал эми телеканалдын директору Куттумидин Базаркулов видеотехник кызматтан кеткенин гана билдирип, ашыкча комментарий берүүнү каалаган жок.

"Ислам таалими" коомдук борборунун директору Дилмурат ажы Орозов да ошол күнү эфирден кеткен тасманы көргөн. Бул багытта ал милицияга да көрсөтмө бергенин айтууда. Жогорудагы тасма улут аралык кастыкты козутууга багытталганын билдирип, бардык журналисттерди жоопкерчиликке чакырды.

- Бул видео мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына таптакыр каршы келип, диний экстремисттик партиянын идеяларын колдоого чакырык болуп жатпайбы. Мамлекеттик каналдын эфиринен ушул тариздеги видеонун кеткени туура эмес. Эгерде катачылыктын айынан кетсе, алардын шалаакылыгы каралышы керек, ал эми кандайдыр бир кызыкчылык бар болсо, анда бул башка маселе.

Медиа-эксперт Жалил Сапаровдун айтымында, журналисттер арасында дин тууралуу толук түшүнүктүн жоктугу ушул сыяктуу окуяларга кириптер кылууда. Ал көпчүлүк учурда материалдар бир тараптуу жасаларын кошумчалады:

- Биздин журналисттерде азыр диний түшүнүктүн тайкылыгы сезилип жатат. Экинчиден, кайсы бир окуяны чагылдырууда эки тараптын пикирин берген эл аралык стандарт сакталбайт. Журналист мындан тышкары ар тармактан түшүнүгү бар, билимдүү болуусу шарт. Айрым журналисттер кайсы бир улутка, этникалык топко тиешелүү маселени кантип жазууну, буларга кандай аяр мамиле жасоону билбейт. Ошондой эле бизде улуттук экстремизм деген бар, ММК өкүлдөрү аны да жакшы түшүнбөй жатышат.

Эгерде телеканалдын кызматкерине коюлуп жаткан жаткан фактылар сот тарабынан далиденсе, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Шаардык сот алгачкы отурумун келерки аптада баштары айтылууда.

XS
SM
MD
LG