Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:02

Атайын баракчалар / Ош күндөлүгү

Оштун кайып кыздары: НУРИЛА

Нурила былтыркы коогада кордук көрүп, анын кесепетинен күйөөсүнөн да, балдарынан да айрылып, үй-жайсыз көчөдө калды. Бирок июн жаңжалында жапа тарткан башкалардан айырмаланып, буга окшогон зордукчулуктун курмандыктарына мамлекеттен эч кандай колдоо каралган эмес.

Жүктөө
Текст көлөмү - +
Нурила (аты өзгөртүлдү) атайын орто билимдүү, 1990-жылдары турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон. Ошто батирде жашашчу, үй алалы деп акча чогултуп жүрүшкөн. Бирок былтыркы согуш анын бардык тилектеринин таш-талканын чыгарып, жашы 40тан ашкан эненин коколой жалгыз башы калды.

Догдурлардан аялы зордукталганын билип алган күйөөсү сот аркылуу аны менен ажырашып, балдарын да өзүнө каратып алган. Бир жарым жылдан бери балдарын бек кучактап эркелеткенге зар келин ошондон бери ар кайсы батирде убактылуу баш калкалап, күн өткөрүп келатат.


Жантөрө Сатыбалдиев жакында президент Алмаз Атамбаевдин администрация башчысы болду. Ага чейин ал Ош менен Жалал-Абатты калыбына келтирүү үчүн мамлекеттин жана эл аралык донорлордун он миллиондогон доллар каражатын тескеген мамлекеттик дирекцияны жетектеген.

Дирекциянын баш кеңсеси Ош шаарынын эски мэриясынын үчүнчү кабатында жайгашкан. Коридордо жаңы түшкөн үйлөрдүн сүрөттөрү илинип коюлган, алдыларында англисче түшүндүрмөлөр жазылган.
 
Төрага болуп турганда "Азаттыктын" кабарчысын өтө сылык кабыл алган Сатыбалдиев бүгүнгө чейин бир жарым миң квартира пайдаланууга берилгенин кубануу менен айткан. Анын сөзү боюнча, батирлердин акыйкат бөлүштүрүлүшүн атайын комиссия көзөмөлдөйт экен:
 
- Чоң мекемелер аралык комиссия иштейт. Ага премьер министрдин социалдык иштер боюнча орун басары (Ибрагим Жунусов) төрагалык кылат. Комиссиянын парламенттеги беш фракциядан, бейөкмөт уюмдардан, жергиликтүү бийликтен, ошондой эле жапа чеккендердин коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, бардыгы болуп 20га жакын мүчөсү бар.
 
Төрага батирлер кимдерге берилээрин да тактап берген:
 
- Батирлер коогада ажал тапкандар менен дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөсүнө, биринчи топтогу майыптарга берилет. Мына, үй-бүлө мүчөсү жоголгон 24 жаран, каза болгондор 144 жаран, буларга кийин дагы 101 киши кошулду, үйү күйгөндөр, мурдагы жашаган жерине кайтып бара албагандар 73 жаран, ок тийип, жараат алгандар бар. Биз азыр куруп жаткан батирлердин саны 1576. Батирлер бардык зарыккандарга жетиштүү деп ойлойм.
 
Жергиликтүү бийликтер же Ош мэриясы берген тизмедегилерге батир жетиштүү болгон менен, анда Нурилага окшоп жаңжал мезгилинде сексуалдык зөөкүрдүктөн жапа тарткандар жок. Дирекциянын мурдагы башчысы бул маселени өзү чечпей тургандыгын бетке кармап, мамлекеттин колун карагандар толтура дегендей мааниде сүйлөгөн:


Жүктөө
​​
"Азаттыктын" "Оштун кайып кыздары" деген журналисттик иликтөөсү Лондондогу Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын 2011-жыл боюнча «Эң мыкты документалдык радио иликтөө» номинациясынын атайын сыйлыгына ээ болду.

Июндагы жаңжалда укук коргоочулар ондогон кыз-келиндин кордук көргөнүн болжолдогон. "Кылым шамы" уюму 60тан ашык зордуктоону каттаган, бул тизмеде курмандыктардын көбү - өзбектер.

Кыргыз улутундагы зордук көргөн кыз-келиндердин да өзүнчө тизмеси түзүлгөн.

Баш прокуратуранын маалыматы боюнча, жаңжал мезгилдеги төрт зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок алардын бири боюнча да иш аягына чыккандыгы тууралуу маалымат жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: kyrgyz каяктан: USA
09.12.2011 23:32
Jantoro Satybaldiev kyrgyz sayasatchylarynyn arasynda ozynyn prinsipaldyylygy, betke tike aytkandygy menen ayrmalanat. Janyl kotoryp jatkan masele kopchylyktyn, okmottyn konyl byryysynan chette kalgan masele. Byga Satybaldievdin tike tieshesi jok. Balkim jergiliktyy byilik organdary, okmottyk emes yuymdar okmotko, koomchylykka jetkirishse koshymcha charalar korylyshy anyk.

кимден: ош толойкон каяктан: питер
09.12.2011 21:50
айтмак турсун корунуп турат кыргызстан учун патриот адам жок чыксаг да жеп тынышат чыгара койбой

кимден: Аскер
09.12.2011 16:05
Мындай зоокурлукко кабылгандарга окмот каралашы керек.Абдан зеенинди кейите турган корунуш.Коомчулук эл дагы жардамыбызды аябашыбыз керек!

кимден: Тамара каяктан: Ош
09.12.2011 14:56
Тушунбодум? куйоосу сот аркылуу ажырашкан болсо,эмнеге балдары куйоосу менен калат? же бизде апасы зордукталган болсо, балдары атасы менен калыш керек деп жазылган Мыйзам барбы? Бул 40 чыккан аял эмне оз укугун талашканды билбейби? Кайрылбайбы сотко "балдарым мен менен калсын, мага жабырлануучу катары же уй же акчалай жардам бергиле" деп, азыр оозун ачып отура турган заман эмес. Аракет кылбаса эртен озу да жок болуп кетиши мумкун. Болор иш болуптур, тополондо эмнелер гана болбоду, канчалаган жаш кыз-келиндер зордолуп,олуп да кетишти. Тируу калганына Кудайга шугур кылып,белди бекем бууп туруп сот аркылуу балдарын алып, акчалай жардам, керек болсо уй да болдуруп алса болот. Омур бою ыйлап откондон пайда жок. Отконго окунбо дейт. Куйоосу акмак болгону менен, жакшы адамдар арабызда толтура,жардам беришет, балдары да озу менен болот, так что укугунарды коргоону, уйронгуло аялдар, колдотуп коз жаш токпой. Аялзаты кучтуу жан болот. Нуриланын ал куйоосу эртен эле башка катын алат дагы балдарды арсар кылат. Андан коро аталуу жетим арсар жетим болгончо,энелуу жетим эрке жетим болгону жакшы. Эркектик кичине намысы калган болсо балдарын,ошончо эле жакшы коруп,сенден жула качкан болсо, балдар чонойгуча жардам берип турат.
Нурила, сен чокпо, сот аркылуу балдарынды алып, ата соройдон алиментти килейтип ондуруп, жакшынакай ишке орношкун дагы балдарынды чонойт, акмак ээрин сенин башындагы кыйынчылыкты тушунбой таштап кеткен болсо, балдарын сени тушунот, алар да чонойуп атасынын кандай "сволочь" адам экенин тушунушот. Зато сен карыганда жалгыз калбайсын. Бешенене Кудай жазган болсо дагы бир жакшы адамга жолугуп,турмушка чыгып, бактылуу уй-було болосун. Адам жакшылыктан умут узбой алдыга карап жашашы керек. Ал эми сени тушунгон жакшы адам жолукпаса анда "к чёрту всех мужиков" деп туруп балдарын учун жаша. Жакшы досторду, санаалаштарды, кесиптештерди тап. Баары сонун болот. Азыр баргын дагы сотко арыз жазып, оз укугунду корго. 6 миллион адам жашаган Кыргызстанда сен жалгыз эмессин. Сенден да жаман кунго калгандар деле бутуна туруп кетип жатышат. САМОЕ ГЛАВНОЕ ВЕРЬ В СЕБЯ.
Пикирге жооп

кимден: Руслан каяктан: Иркутск
10.12.2011 19:24
Тамара сиз ээн тура айтып жатасыз,"бирок" деген жери бар.Качан бизде сот системасы адилетту чечет эле.Биздин соотор чонтогунду карайт.Сен жетимсинби же жесирсинби баары бир.Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дешет алар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.12.2011 14:50
ж. Сатыбалдиевди эле күнөөлөй берген туура эмес. бул өлкөдөгү аялдарга мамиледен болуп атат экинчи сорттой караган, биринчиден. экинчиден бул категория боюнча мыйзам же циркуляр керек. Роза Отунбаева президент кезинде ушул боюнча бир чечим кабыл албай кетти, эми келип жаткандар деле карашса болот. бул аялдарга өзгөчө мамиле жасала турган, алардын ким экенин жашыра турган система аркылуу аларга мамлекеттик колдоо киризилсе жакшы болот. ошон үчүн парламент бар да. жергиликтүү бийликтер, жөн эле кишилер, уюмдар ишенимдүү кризистик центрлер аркылуу да жардам бере алышат. аялдарды кордогон эпидемияны токтотушка эркек балдарды мектептен адамгерчиликке тарбиялашты да программага киризсек болмок. аялдар эле чырылдап, эркектер болсо аларды түшүнбөйт, себеби түшүндүргөн эч ким жок. мектептен башташ керек.

кимден: Алмаз каяктан: Бишкек
09.12.2011 13:19
Мен ойлойм аялдарды зордуктаган эркектер эркек эмес алар аялдар.Эркек болсо эркектер менен кармашып эркектерге чыксын.Эмне учун аялдардан оч алат.Бул байкуш аялда эмне куноо,жолдошу да эркек эмес,кыйын экен ошол мезгилде аялын коргоп албайбы?Эми ара жолго таштап койгон болбойт мындай нерсе Кудайга да жакпайт.Таштап койгондун ордуна бул аялга жардам бериш керек. Жолдошу эркек болгондон кийин аялын коргоо керек.Ошол аялдын ордуна жолдошунун апасы ушул акыбалга туш келсе эмне кылмак.Чондорго ишенбеш керек бирин бири чукулап отурушат.

кимден: Temirbek каяктан: London
09.12.2011 05:51
Бул байкуш келин эмнеге куноолу , тиги куйоосу дагы тушунугу жок акмак экенда поддержка кылып, жардам корсотуп, аягандын одуна кубалап салган, атандын кору ошол куйоосу ушул аялынын ордуна жаралса корот эле....

кимден: Чили-Сайский каяктан: Маскүйөө
09.12.2011 00:27
Мен түшүнбөйм,Акаевтин маалында Осмонакун Ибраимов,Роза апчемдин маалында Эмил Каптагаев,Азыр болсо Атамбаевтин тушунда ушул Жантөрө Сатыбалдиев.Өзүңөр карагыла булардын рожасы эле айтып турбайбы.:-Жакшы адам эмеееееес деп,качан биз кадр тандап үйрөнөбүз.Же жаштардын арасында ушулардан жакшыраааак адам табылбай калганбы.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.12.2011 00:54
tuura aitasyn, baiagy - bajagy, baikashkanyn taiagy....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине