Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Кара-Суу: Кыргыз-өзбек нике кыйса - 100 миң


Оштук кыргыз кызы Венера Абдраимова менен өзбек жигити Баатыр Жалиевдин үйлөнүү үлпөтү, 1996-жыл
Оштук кыргыз кызы Венера Абдраимова менен өзбек жигити Баатыр Жалиевдин үйлөнүү үлпөтү, 1996-жыл

Ош облусунун Кара-Суу районунда үйлөнүп, айылда кала турган жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилет. Район акими Байыш Жусуповдун айтымында, жергиликтүү жаш мугалимдердин жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, жаңы үйлөнгөн мугалим түгөйлөргө 20 миң сомдон, эгер мындай үй-бүлөлөр өзбек-кыргыз улутунан куралса, 100 миң сомдон сыйлык берилет.

Байыш Жусупов: Жакында жаш мугалимдерди слетунда жаш мугалимдер турмуш курса, турак-жай бөлүп, 20 миң сом сыйлык берели дедик. Эгер үй-бүлө кыргыз-өзбек улутунан куралса, 100 миң сом берели деп чечтик. Бул саамалык жаш мугалимдерди айылда кармап калуу, ошону менен катар улут аралык жарашуу жараянына салым кошуу максатында көтөрүлүүдө.

“Азаттык”: Акчалай сыйлыктарды бергенден кийин жаш бүлөлөрдүн айылда калаарын көзөмөлдөйсүздөрбү? Сыйлык үчүн баш кошуп, бирок кайра ажырашып кетишсе кандай болот?

Жусупов: Ар бир адамдын моралдык жоопкерчилиги бар да. Биз, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, аларга жер участкаларын бөлүп, коммуналдык тейлөөдөн жеңилдик карап, 10 миң сомдон акча бергени жатабыз. Ушунча шарт түзүп берип жаткандан кийин айылда калышат эле болсо керек.

Ажырашуу жагын алсак, менимче, бул ар бир адамдын ыйманына байланыштуу. 20 миң сом үчүн гана үйлөнө турган болсо, кудайга жакпаган иш болоорун билишсе керек. Мындай нерсеге кудайдан коркпогон адамдар эле барбаса, башкалар барбайт го.

“Азаттык”: Кош улуттун өкүлдөрүнө 100 миң сом каралганы былтыркы кандуу окуяны батыраак унутуу, ынтымакты чыңдоо иретинде жасалып жаткан турбайбы?

Жусупов: Ооба, улут аралык ынтымакты чыңдоо азыр башкы маселе. Азыркы кырдаалды эске алуу менен айыл өкмөттөрү ушундай чечим кабыл алды. Кудай буйурса, жаш мугалимдер бул саамалыкка абдан ыраазылык билдирип жатат. Иш жакшы маанай менен башталчудай.

“Азаттык”: Сиздердин демилгеден кийин үйлөнөбүз деген жаштар чыкчудайбы?

Жусупов: Эми, кудай буйруса, үйлөнөт, жаз айынан баштап кайрыла баштайт деген ойдобуз. Бизге кайсы учурда кайрылса да айткан убадабызды аткарабыз. Район боюнча 330дай мугалим бар, орточо үч миңге чейин алышат.

“Азаттык”: Бул жөрөлгө мындан ары салтка айланабы?

Жусупов: Бул экономикабызга байланыштуу. Быйыл тынчтык болсо, бардык максат аткарылат. 20 миң, 100 миң чек эмес, бара-бара керек болсо андан да көбөйтөбүз.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG