Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

"Кумтөр" менен өкмөттүн тиреши чыңалууда


Эрип бараткан мөңгу. Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү. 2012-жыл
Эрип бараткан мөңгу. Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү. 2012-жыл

“Кумтөр голд компани” ишканасы эки вице-президентинин Кыргызстандан чыгып кеткени кызуу талкууланууда. Башкы прокуратура алар тергөөгө келбесе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.

Ал арада Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги “Кумтөр Голд компани” мыйзамдагы жана келишимдеги талаптарды аткарбай жаткандыктан 20-майга чейин мөөнөт чектегенин, болбосо уруксат документтери берилбей турганын жарыялады.

“Кумтөр Голд Компанинин” каржы боюнча вице-президенти Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоого жооп берген вице-президенти Лесли Лоу Кыргызстандан 29-апрелде чыгып кеткени белгилүү болду. Каржылык мыйзам бузуу боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде андан бир күн мурун компаниянын Бишкектеги башкы кеңсеси тинтилген болчу.

Бирок 3-майда "Кумтөр Голд Компанинин" маалымат кызматынын жетекчиси Мирлан Кимсанов компаниянын эки вице-президенти тинтүүгө байланыштуу сыртка чыгып кетти деген чындыкка жатпасын, алардын чет өлкөгө баруусу мурда эле пландалганын билдирди:

- Кумтөр Голд Компанинин” вице-президенттери тинтүүгө байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетти деген маалымат туура эмес. Алар мурдатан эле эмгек өргүүсүнө чыгабыз деп учакка билет алып коюшкан. Андан сырткары компаниянын президенти Ден Дежарден да эс алууда болчу, тинтүүлөр болгондон кийин жумушка чыкты.

Башкы прокуратура тергөөгө аты аталган жетекчилер катышпаса, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча тийиштүү чаралар колдонуларын эскертти.

Башкы көзөмөлдөөчү органдагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, тергөөгө керектүү материалдар, документтер толук алынып бүткөндөн кийин “Кумтөр голд компани” ишканасында аудит жүргүзүлөт. Маалыматка караганда, “Кумтөрдөн” ири суммадагы акча мыйзамсыз чыгарылып кеткен жана дивиденд тең бөлүштүрүлгөн эмес.

Кумтөрдү иштеткен Торонтодогу “Центерра Голд” компаниясы каржылык мыйзам бузуу дооматын четке кагып, эл аралык сотко кайрыларын айтып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева “Центерра Голд” Кыргызстанды буга чейин деле эл аралык соттор менен коркутуп-опузалап келгенине токтолду. Анын пикиринде, тергөөгө алардан башка жетекчилери да чакырылышы керек:

- Ишканада 1992-93-жылдардан бери жетекчи кызматтарда жүргөн Андрей Сазанов деген вице-президенти бар. Анын эки жарандыгы бар, ал Орусиянын жана дагы башка бир өлкөнүн жараны. Мунун бир эле учурда эки башка жогорку кызматта иштегенге укугу жок эле. Болгон маалыматтын баарын ушул адам билет, тергөөдө Сазанов сөзсүз сурак бериши керек.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги 28-апрелде “Центерра Голд” компаниясынын жетекчисине кат жөнөткөнү маалым болду. Анда экологияны коргоо боюнча мыйзамдагы жана келишимдеги талап аткарылбай жатканы жазылган. Атап айтканда, айлана-чөйрөнү булгай турган тобокелчиликтерди иликтеп, анын жыйынтыгын берген эмес жана кенди рекультивациялоонун долбоорун сунуштай элек. Ошондой эле калдыктардын коопсуздугун сактоо, Петров көлүнүн жырылып кетишине бөгөт коюу боюнча да иштер жасала элек.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Центеррага” 20-майга чейин мөөнөт берилгенин, болбосо уруксат кагаздары берилбей турганын билдирди:

- 20-майга чейин калдыктардын коопсуздугу боюнча өзүнчө долбоор даярдайсыңар деген шарт менен уруксат бергенбиз. Анткени калдыктарда уулуу заттар болгондуктан, жаратылышка зыян келип жатат. Мындай талап мыйзамда бар, ошондуктан биз аларга дооматыбызды билдиргенбиз. Бирок алар ушул күнгө чейин бизге жооп бере элек.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков кыргыз өкмөтүнүн “Центерра” менен кезектеги кармашынан майнап чыгарынан күмөн санап жатат. Ал экологиялык доо боюнча, мөңгүнү сактоо жагынан Кыргызстан чабал болуп жатат деп эсептейт:

- Булар 7 миллиард куб мөңгүдөн 3 миллиард кубун жок кылышты. Мыйзамда мөңгүнүн жанында ишкана курууга тыюу салынат. Ал жерде уулуу калдыктар сакталып турат. Эгер же титирөө болуп ал жай бузулса ким жооп берет? Ушунун баары эле көрүнүп турат, мыйзам бузулганы анык. Жогорку Кеңеште да талкууланды, бирок кылмыш иш козголгон жок. Азыр эми акчаны мыйзамсыз чыгарып кетти деп кылмыш иш козгоп ызы-чуу кылып жатканына бир жагынан сүйүнүп, экинчи жагынан таң калып жатам. Бирок бул иштердин аягына чыгарына көзүм жетпей турат. Эгер андай эле чара көргүлөрү келсе, эн ириде экологиялык доодон башташы керек эле.

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдүн айланасындагы соңку окуялар боюнча эмгиче үн ката элек. Мындан улам эксперттик чөйрөдө Кыргызстан бир канча жылдан бери созулуп, атүгүл татаалдашып кеткен, аягына чыкпай жаткан маселени кантип, кайсы жагынан чечүүнү билбейт турат деген пикирлер басымдуулук кылууда.

XS
SM
MD
LG