Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

Ибраев: Өкмөт “Кумтөр” боюнча позициясын такташы керек


Карыбек Ибраев
Карыбек Ибраев

Кумтөр долбоорунун айланасындагы акыркы окуялар өкмөттүн бул багыттагы так позициясы жоктугунан кабар берет. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде тоо кен тармагындагы эксперт, Кыргызстандагы кен казуу тармагында айкындык демилгелери тобунун жетекчиси, “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Карыбек Ибраев билдирди.

"Азаттык": Акыркы күндөрү “Кумтөр голд компанинин” айланасында окуялар тездик менен өнүгүүдө. Күч органдары компания каржылык мыйзам бузду деп шектенип, тинтүү жүргүзгөн соң ишкананын эки вице-президенти өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Бүгүн болсо Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Центерра Голдго” экологиялык нормалар боюнча расмий кат жолдоду. Түзүлгөн кырдаал эмнеден кабар берет?

Карыбек Ибраев: Кыргызстандагы кен казуу тармагында айкындык демилгелери тобунун жетекчиси катары эмгектенип, бул жааттагы өзгөрүүлөргө көз салып келебиз. Биз билгенден, "Кумтөр" боюнча квартал сайын отчет жарыялап, канча салык, кандай төлөмдөр төлөнгөнү боюнча расмий маалымат берилчү.

Анан өкмөт менен түзүлгөн келишим бар эмеспи. Ал жакта баары даана, так жазылган. Ошонун негизинде иш алпаруу керек болчу. Ошондуктан акыркы күндөрдөгү окуялар кандай негизде өнүгүп жатканын так айтуу кыйын болуп турат.

Эгер экологиялык талаптарга жооп бербесе, анда андай уруксатты бербеш керек. Бирок кенди иштетүүгө макул болуп, уруксат берген соң негизсиз кийлигишпеш керек.

"Азаттык": Кумтөр долбоорунун айланасындагы олку-солку жагдай акыркы беш жылдан бери уланып келет. Бул жолу өкмөт Кумтөрдү иштеткен компанияны текшерүүгө алып, мамлекеттик органдардын ар кыл билдирүүлөрдү таратышы бийликтин чечкиндүү чараларга баруу ниетинен кабар береби?

Карыбек Ибраев: Чынын айтсам, бул маселе боюнча өкмөттүн бирдиктүү, так позициясы жоктой сезилет. Буга чейин айтылгандай биргелешкен ишкана түзүлөбү же азыркы формада иш уланабы белгисиз. Ошондуктан алгач болуп өкмөт өзүнүн позициясын аныктап, андан соң кайсы бир кадамга барганы туура болот эле. Бүгүн болсо өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын кадамдары түшүнүксүз болуп турат.

"Азаттык": Ошол эле мезгилде Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Центерра Голд” компаниясына экологиялык талаптарды аткаруу боюнча кат жолдогонун айтып чыкты. Агенттик эгер талаптар аткарылбаса, Кумтөрдү иштетүү боюнча уруксат берилбей турганын эскертүүдө. Бул жааттагы мамлекеттик органдын эскертүүсү канчалык олуттуу?

Карыбек Ибраев: Мен билгенден жыл сайын Кумтөр Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашуу түзүп, уруксат алып келет. Ошого таянып иш жүргүзөт. Эгер экологиялык талаптарга жооп бербесе, анда андай уруксатты бербеш керек. Бирок кенди иштетүүгө макул болуп, уруксат берген соң негизсиз кийлигишпеш керек.

"Азаттык": Сиз буга чейин “Центерра Голд” компаниясынын Директорлор кеңешинде Кыргызстандын атынан мүчө болдуңуз. Тоо-кен тармагында эмгектенип келесиз. Кырдаалдан чыгуунун кандай жолун көрүп турасыз?

Өкмөт өз позициясын аныктап, андан соң кайсы бир кадамга барганы туура болот эле. Өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын кадамдары түшүнүксүз болуп турат.

Карыбек Ибраев: Албетте, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Чын-чынына келгенде, Кумтөр боюнча биздин өкмөттүн позициясы түшүнүксүз болуп калды. Премьер-министрлер улам-улам алмашып, ар бир өкмөт башчыга ар кандай жолду айттык. Биргелешкен ишкана түзөбүз, андан кийин Директорлор кеңешине өз өкүлдөрүбүздү коёбуз дедик. Бирок аягына чыкпай калып жатат. Ошондуктан мен жогоруда да белгилеп өткөндөй, өкмөт алгач өзүнүн позициясын аныктап алып, андан ары сүйлөшүүлөрдү улантышы керек.

"Азаттык": Учурда бир катар кен казган ишканалары менен кызматташып жатасыз. Алар соңку окуяларды кандай кабыл алышууда?

Карыбек Ибраев: Албетте, акыркы окуяларды көргөндөн кийин чочулоо менен кабыл алып жатышат. Пландалган иштерди аткарууда кандай болуп кетет деп, долбоорлорду ишке ашыруудан тартынып турушат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG