Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:12

Эркиндик / Сөз эркиндиги

КТРК Байкоочу кеңешин таратуу маселеси козголууда

Парламент комитети КТРК Байкоочу кеңеши тууралуу Убактылуу өкмөт декретинин мыйзамдуулугу шек туудурарын жарыялап чыкты.

Коомдук (мурдагы Улуттук) телеканалдын имараты.
Текст көлөмү - +
Ал ортодо медиа уюмдар бул аракетти коомдук каналга парламенттик көзөмөл орнотуу катары баалаган билдирүү таратты.

Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият, маалымат жана диний саясат боюнча комитети бул маселени 15-февралда кечке чейин талкуулап, бир чечимге келе албай, акыры убактылуу өкмөттүн байкоочу кеңеш тууралуу декретинин мыйзамдуулугун талдап берүү үчүн аны конституциялык мыйзамдар комитетине жолдоду.

Байкоочу кеңеш тууралуу декретти кайра кароо демилгесинин ээси - “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева Байкоочу кеңеш боюнча мыйзамдарга шайкеш келбеген жагдайлар болгондугун айтат:

- Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 30-апрелдеги декретине ылайык, жарандык коом өкүлдөрү, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн сунушу менен Коомдук телеканалдын он беш кишиден турган байкоочу кеңеши президент тарабынан үч жылга бекитилген экен. Ал эми КТРКнын байкоочу кеңеш тууралуу мыйзамында кеңештеги он беш мүчөнүн бешөө президенттин, бешөө парламенттин жана калган беши жарандык коом өкүлдөрүнүн сунушу менен беш жылга дайындалууга тийиш. Мына ушул убактылуу өкмөт чыгарган декрет менен мыйзамдагы карама-каршылыкты жойууну гана көздөп жатабыз.

Ал ортодо байкоочу кенештин мүчөсү Шамарал Майчиев байкоочу кеңеш мыйзам чегинде куралганын айтып, мындай демилге козголушун алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырат:

- Көз карандысыз байкоочу кеңешти шайлашыбыз керек деп жатышат. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин биз кимден көз каранды болгонубуз белгисиз. Буга чейин көп иштерди жасап, көп чечимдерди кабыл алдык. Бул чечеимдерибиз эч кимден көз каранды болбогонун далилдеп бере алабыз. Шашылыш түрдө байкоочу кеңешти таркатып, жаңы кеңеш куроо демилгесин алдыда келе жаткан президенттик шайлоого байланыштырат элем. Себеби кайсы бир саясий күчтөргө көзөмөлдөнө турган, алардын камчысын чаба турган байкоочу кеңеш керек болушу толук ыктымал.

Бирок бул көз карашты депутат Жолдошева четке кагып, болгону мыйзам жолуна түшүү аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Байкоочу кеңеш былтыркы Апрел окуясынан кийин убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлүп, жалаң медиа жана жарандык коом уюмдары сунуш кылган өкүлдөрдөн куралган. Парламент болсо минтип ага өз өкүлдөрү кирбей калды деген жүйөө менен байкоочу кенешти кайра кароо демилгесин козгоодо. Маселе эми комитет кароосунан өткөн соң парламент отурумуна сунушталары айтылууда.

Президентин парламенттеги өкүлү Аида Салянова болсо байкоочу кеңешти жоюу жол-жоболору эч жерде жазылбаганын, бул маселени кылдат иликтеп чыгуу керектигин айтса, КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев байкоочу кеңешти таратуунун зарылдыгы жоктугун билдирүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Дилмурат
17.02.2011 15:10
Бул байкоочу кенешти козомолдой турган дагы бир супер байкоочу кенеш жетпей турат. Ушул кичинекей ктрби, отрби иши кылса башкарууга ушунча кишинин зарылдыгы бар беле? Чыгымдарды кара, чыгымы го мейли, эгер пайдалуу иштеп берсе кана? Элим, ыймандуу кадр жетекчи болмоюнча спутниктен байкасан дагы жамандар оз ишин кыла берет. Кептин баары ыйманда достор. Баарын таратып жоготуш керек байкоочу кенешпи башкасынбы? Ошолорго кеткен чыгымды телеканалдын куну туну чуркап жургон кызматкерлерине же болбосо телевидениенин ишмердуулугуно жумшасак натыйжа жакшы болбойт беле? Бул кетиште байкоочу кенещти байкап турган дагы бир байкоочу кенеш тузуп алабыз. Ташиедин бир туугандарынан 3, Текебаеден 3, Отунбаевадан 3 ............3..............3 :):):):):):):) ошондо мен да кирип калам байкоочу кенештин курамына

кимден: Назира каяктан: Бишкек
17.02.2011 13:07
ОТРК деген аты эле болбосо, баардык ички сырткы саясаты, президенттин кийлигишуусу бардыгы супер гос канал андыктан атын гана озгортуунун кажети жок

кимден: Исан каяктан: бишкек
17.02.2011 12:34
Байкоочу кенеш убактылуу өкмөттүн Арзыматы экендиги элге белгилуу. Качанга чейин эфирден бир жактуу продукцияларды ала беребиз.Чеги болуш керек.Впрямь беспредел

кимден: Кискис каяктан: Бишкек
17.02.2011 12:05
Негизи коомдук канал үчүн Байкоочу кеңеш керек. Менимче аны түзүү - жакшы идея болгон. Бирок Байкоочу кеңеш акыйкат иштеп жаткан жок. Себеби, ОТРКнын гендиректорун шайлоо процессинде башында Илим Карыпбеков алдыда эле, анан кантип эле акыркы турда Кубат Оторбаев отуруп калды. Мында Байкоочу кеңешке кимдир-бирөөлөр жактан басым болгон. Демек, Байкоочу Кеңештин мыйзамдуулугун текшерүү кажет. Ошол эле учурда көпчүлүк калтырган пикирлердеги "президенттик шайлоого карата Ата-Журт бир саясатты көздөп жатат" деген соз да чындыкка коошуп кетет. Деги, качан Кыргызстанда чындык болот? Кандайдыр бир саясатты коздомок бери турсун, Ата-Журтка соз суйлогонду ким коюптур. Жалан Бакиевдин батинке сурткучторунон куралган партия буга чейин элди жыргатпай, эми жыргатмак беле. Мындай көрүнүштүн баары кызылдай эле келип элдин кыжырына тийип жатпайбы?!!!!!

кимден: Nazar каяктан: Bishkek
17.02.2011 10:14
КТРК парламентке же президенттик аппараттын курмандыгына айланбоосу керек. Алар өздөрүнүн кишилерин коюп алышса, Кыргызстандагы сөз эркиндиги ошолордун айткандары боюнча болуп калат. Ал эми биздин парламенттин азыркы абалы башкаларга айтпаса да маалым. Өздөрүнүн тиешеси бар же жок экендигине карабай эле каерде майлуу-сүттүү жер болсо, ошол жерди башкача бурмалаганга аракет жасап жатышкандай. КТРКнын азыркы саясаты жакшы эле. Айрым нерселер көрсөтүлбөй жатса да, көпчүлүк эл өздөрүнүн ой-тилектерин айтууга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Эми КТРК азыркысынан тайбай, колдон келишинче дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын алдыңкыларынын деңгээлине чыгуусу керек. Бул деген теледе иштегендердин билим деңгээлин, иш тажрыйбасын, техникасын алдыңкы телевидениекиндей кылуу.

кимден: кыргызбай каяктан: Бишкек
16.02.2011 20:32
Ата-журттун мүчөлөрүн 10-15 мамлекеттик кызматтан четтетиш керек болчу.эми алардын айтканын жасайсыңар, Бакиев куугунтакталганына жыл болду ,кана кимди кармап кимисин кылмыш жоопкерчилигине тарттыңар ?А.Бекназаров Д.Үсөновду "Бул киши Ж.Бакиевдин кайда экенин билет экен,бизге таап берем дегендиктен бошоттук "-деп элди алдаган эле,кыргыз жетекчилери элди келесоо ойлойт окшойт, бизге Грузияныкндай жетекчилер келмейинче оңолбойбуз ,баш ийип кулдук кылганыбыз орусся болсо,өзү өнүгө албай аткан орустар бизди кантип өнүктүрөт ?

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
16.02.2011 19:31
Акаев Бакиевдердин убагына караганда азыр КТРК кыйла озгорду, тактап айтканда маалымат беруу жагынан аз болсо да озгоруулор бар, бирок ким келсе да бийликтегилерге соз айта албайт, аларга сын айтса эле директор ордунан кетет да ал белгилуу. КТРКда ото чон акча айланат, директорлукка келген киши кеткиси келбейт. Жогоруда айткандарга кошулам, байкоочу кенешти таратуу менен шайлоого карата Ата_Журт оз кишилерин койгулары келип жатат. КТРКда айрымдары азыркы Оторбаевди колдосо, анын саясатына жургузгон ишине нааразы болгондордун саны коп экен. Бирок акыр аягы КТРК кайра эле бийликтин созун суйлоп баштагандыгы сезилуудо, мисалы элге анча кызыгы жок болсо деле бугун жанылыктардан Отунбаева жонундо 4 материал беришти. Андан коро аймактагы кабарчыларга шарт тузуп, кучтуу кабарчыларды коюп элдин турмушун чагылдырса кызыктуурак болот беле, корсон баягы эле жыйындар чондор тегерек столдор, качан КТРК коз каранды боло алат? Качан кучтуу жетекчи келет, аны бир кудай билет.

кимден: Курал каяктан: Бишкек
16.02.2011 10:04
Мен тушунгон жокмун, биздин мамлекет президенттикпи же парламенттикпи, кимиси азыр чон.менин билишимче июнь айында эл парламенттик мамлекетке добуш берген болчу. Роза эжекебиз бийликти бергиси келбей атат ко..... Эки ажобуздан сабак албай калган го... Парламенттин айтканы айткан дегени деген болуу керек ушунча парламенттик мамлекетти тандап алгандан сон...

кимден: Бакир каяктан: Баткен
16.02.2011 10:00
Жылдызкан Жолдошева убагында Бакиевдердин созун созун суйлогон аял эле, азыр деле ошол мазумуунда суйлоп жатканы куйдурот. ОТРК жакшы иштеп калды, байкоочу кенештин мучолору коз карандысыз, аларды алмаштыруунун саясый оюну журуп жатат го. Алдыда президенттик шайлоо, ОТРКны колго алайлы деп жатышат го Атажуртчулар. ОТРКнын жетекчиси К. Оторбаевдин ишине ийгилик каалайбыз.

кимден: Zamir каяктан: Zaman
16.02.2011 09:53
Бул билдируу чыгабы жокпу айтып коюш керек,КТРде эч кандай озгоруу байкалбайт.Бул корунуп турат.Оторбаевдин ишти жондой албаганы десем болот.Андан коро Кыяз Молдокасымов менен катя Урумканованын учурунда жакшы болчу.Эми коробуз да.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)