Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Мамлекет үйсүздөрдүн көйгөйүн чечеби?


Бишкек шаары
Бишкек шаары

​Экономика министрлиги мугалим, дарыгер жана жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик ипотекалык компания түзүүнү сунуштоодо.

Ал ипотекалык насыя берүү механизмдерин иштеп чыгып, социалдык турак жайларды курууга каражат тартуу ишин аткарат. Анткен менен Кыргызстандагы айлык акы менен ипотекага үй алуу азырынча кол жеткис экенин адистер белгилеп келишет. Учурда банк аркылуу ипотекага үй алууну каалагандар үчүн ставка улуттук валютада 20% ал эми чет өлкөлүк валютада 17% тегерегин түзөт. Кыргызстанда болжол менен 500 миңге жакын адам турак жайга муктаж.

Бишкек шаарынын тургуну, эки баланын атасы Нурлан беш жылдан бери батирде жашайт. Эки жерде иштеп алган айлыгы чакан үй-бүлөнүн тамак-ашына, батирге жана күнүмдүк керектелчү нерселерге араң жетет. Андыктан ипотекага үй алуу азырынча кыял болуп жатканын айткан биздин маектеш, эми ишин таштап Орусияга кетүүгө камынууда.

- Биринчи кезекте үй-жай да. Азыр көптөгөн үй-бүлөлүү жаштардын үстүндө үйү жок, айла жок батирде жашап жатышпайбы. Там салганга же сатып алганга айлык жетпейт же сыртка чыгып иштеп келүү керек. Ипотеканын проценти кымбат. Бирок мен дагы ошондой жол менен үй алсамбы деп ойлонуп жаткам. Өзүм күзөт кызматында иштейм, айлыгым аз. Ишимди тапшырып берип атам. Бажы биримдигине кирди, кыргызстандык мигранттарга жеңилдик болот дегенин угуп, үй-жай куруу үчүн Орусия жакка барып келсемби деп ойлоп атам. Андан башка эмне кылабыз, ачык айтканда, Кыргызстандан таппай жатпайбызбы.

Жаңы конуштагы эки кабаттуу батир
Жаңы конуштагы эки кабаттуу батир

Кыргызстанда Нурланга окшоп батирден батирге көчкөн үй-бүлөлөр жүздөп саналат. Айлыктын аздыгы, турак-жайдын кымбаттыгы жана ипотеканын өтө эле жогору үстөк пайыз менен берилиши негизги көйгөй катары белгиленип келет. Экономика министрлиги мугалим, дарыгер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания түзүүнү сунуштап жатат. Компания айлыкка жашаган мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак жай салууга инвестиция тартып, ипотекалык насыянын механизмдерин иштеп чыгат. Аталган министрликтин өкүлү Айдаркан Дюсенбаевдин белгилешинче, атайын программанын алкагында батирдин 1 чарчы метрин 300-600 доллардан 5-15 жыл мөөнөт менен 10-12 үстөк пайызда берүү каралууда.

- Компания түзүүдөгү эң негизги максат – бул ипотекалык насыя берүү. Анын механизмин колдонуп, мамлекеттик кызматкерлерге шарт түзүү. Алгачкы төлөм 0 пайыздан 30 пайызга чейин. Эгер мамлекеттик программага катышкан жарандын айлыгы сатып ала турган үйдүн 30% жетсе, ал төлөй берет, болбосо субсидия механизми менен бюджеттен ссуда берилет.

Ушул тапта өлкөдө иштеп жаткан 23 банктын сегизинде гана ипотекалык насыя бар. Мындай жол менен үй алууну каалагандар үчүн ставка улуттук валютада 20% ал эми чет өлкөлүк валютада 17% тегерегинде.

Мурдагы премьер-минстр Жоомарт Оторбаев коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолуккан учурда ипотеканын үстөк пайызы бизнес-кредиттерден да жогору болуп жатканын парадокс деп атаган болчу.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Кыргызстанда орточо айлык 12-13 миң сомду түзөт. Бул каражатты ичпей-жебей бир топ жыл топтогондо гана үйлүү болуу “бактысына” ээ болорун адистер белгилеп келишет.

Туризм жана эл аралык уюмдар менен иш алып барган активист Максат Дамир уулу мунун бир канча себептерин атады:

- Биринчиден, Кыргызстанда ипотеканын баасы өтө эле кымбат. Номиналдык жана эффективдүү проценттик ставка деген болот. Бул да жогору. Экинчиден, ипотеканы алуу үчүн 40% өзүң төлөшүң керек. Мисалы, 50 миң долларлык үй алсаң, анын 20 миңин өзүң төлөйсүң. Эгер айлыктан тышкары кошумча бизнесиң болбосо, бул акчаны да топтош кыйынга турат. Үчүнчүдөн, документтерди топтоо машакаты арбын. Ошентип 10 жыл мөөнөт менен 50 миңге үй алсаң, ага 75 миң доллар кошуп берүү керек. Бул өтө эле чоң акча.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда соңку убактарда ипотекалык насыянын көлөмү азайган. Өткөн жылдын майында 391 млн. сомдой ипотекалык насыя берилсе, быйыл жаз айларында 200 млн. сомго да жеткен эмес.

XS
SM
MD
LG