Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Мигранттар үчүн жол кире кымбаттады


20-июлдан тарта Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузду деп катталган Кыргызстандын 200 миң чамалуу жараны 1-ноябрга чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгып, жаңы миграциялык карта менен кайра кире алышат.

Мындай жеңилдик олуттуу эмес мыйзам бузгандардын “кара тизмесине” кирип калчу тобокелге бел байлаган топтогу жарандарга берилген. Москвадагы кыргызстандык мигранттардын мындай кубанычтуу маанайын күн сайын баасы көкөлөп өскөн авиабилет бузууда.

Эки-үч жылдан бери Москвада иштеген Гүлбайра Арын кызын эжеси менен жетелешип, арзан билет издеп жүргөн жеринен кездештирдик. “Билет баасы ушинтип көтөрүлө берсе, акча топтоп Кыргызстанга чыгып келүүгө жетишпей калабыз го”, - дейт эже-сиңди.

- Мен патентке биринчи айда төлөп, экинчи айда ашыкча акча топтой албай төлөбөй калгам. Эми августта Орусиядан чыгып, кайра киришим керек. Бул үч айда Кыргызстанга барып келгенге эч кимдин деле шарты жок. Эжем экөөбүз 25 миң рублдай маяна алабыз. Айына тамак-аш, батир, жол кире чыгашалары бар. Бир жыл бою тырышып иштеп, билет арзан учурунда эле барып келебиз. Азыр болсо 10-15 күн эрте алсаң - эң арзаны 8800 рубль, бир жуманын ичинде алам десең 10 миңдин тегереги болуп жатат.

Айгүл Темирбекова телефондон алдын ала сүйлөшкөн билети кассага келгиче эки миң рублга кымбаттап кеткенин айтат.

- Эки-үч саат мурун чалсам 9,5 миң рубль дешкен. Жумуштан бошонуп келсек, ал билет 11,5 миң болуп калыптыр. Анан айла жок 10,5 миң турганын алдык. Барбай койсок болбойт. Күндөн-күнгө кымбаттап жатат, 15 миңге чыгып жатат дешет. Эмнеге андай болуп жатканын билбейм...

Москванын көчөлөрүнүн биринде балмуздак сатып турган кыргызстандык Айшакан эже Кыргызстанга барып-келгенге каражат жоктугун айтып турду:

- Барып-келүүгө акча керек. Минтип иш жоктугунан көчөдө турабыз. Документти мен өзүм эч жасаткан эмесмин. Азырынча Кыргызстанга барып келгенге шарт жок. Тапканыбызды айылга, балдарга жөнөтөбүз.

Ортомчу болуп авиабилет саткан Азамат Абдылгазиев билет бааларын толугу менен авиакомпаниялар аныктарын айтат. Кышка салыштырмалуу жайында ары-бери каттагандар көп болгондуктан, билеттердин баасы да бир топ эсе жогору. Январь-февралда Кыргызстанга билет 4 миң рубль болсо, азыр орточо эсеп менен 9 миң рубль турат.

- Жайында кардарлардын суроо-талабы көп болгондуктан билеттер да кымбат. Авиаишканалардын рейстеринде орундар калбай калат. Кышында учактарда 10-15 орун, кээде жарымы бош учса, жайында андай болбойт.

Мурун Кыргызстандын Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинде иштеген Бакыт Исаев бул маселе боюнча антимонополдук кызмат атайын талдоо жүргүзүшү керектигин айтат.

- Мыйзам боюнча талдоо жүргүзүлүш керек. Рыноктун табигый мыйзамдарынын негизинде билет кымбатташы мүмкүн. Авиакеросин кымбаттап, кошумча салык киргизилип, баанын экономикалык структурасы көтөрүлсө - башка маселе. Ал эми себепсиз көтөрүлгөн болсо, антимонополдук комитет тактап, иш алып барышы зарыл.

Адистин айтымында, билет бааларын Орусиянын авиакомпаниялары көтөрүп жиберген учурда деле Кыргызстандын антимонополдук агенттиги орусиялык кесиптештерине кайрылып, чоо-жайын суроого мүмкүн. Бул агенттиктер ортосундагы келишимдерде дагы каралган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги эки өлкөнүн ортосунда жүргүзүлгөн тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусияда миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык мигранттарга берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирүүгө чакырат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG