Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Жел-Айдар кантип Ленинге айланган?


Тарых илимдеринин доктору Бектемир Жумабаев Кыргызстанда Путин чокусунун пайда болушуна байланыштуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргызстандын Ала-Тоосунда бир чокуга Орусиянын премьери Владимир Путиндин ысымы берилгенин тарыхчы катары кандай кабыл алдыңыз?

Б. Жумабаев: Буга чейин биз бир чокуга Борис Ельциндин атын бербедик беле. Эми чынында чокулар көп. Бирок ар кимге эле: майды арзандаткан президенттин, газды арзандаткан президенттин атын чокуга бере берсек кыргыздын чокусу калбайт го.

Чындыгында Кыргызстанда эмгеги сиңген, кыргыз-орус, дагы башка мамилелерге эмгеги өткөн адамдардын атын чокуга берүү керек. Кыргызстандын деле өзүнүн мыкты жарандары, азаматтары бар. Ошолорго деле берсек болот. Эми бүгүн мамиле түздүк деп эле чокуга ысымын бергенин мен анчалык деле жактырган жокмун.

“Азаттык”: Балким бул элдин меймандостугун, айкөлдүгүн билдиреттир? Кыргызстан баары бир Орусияга көз каранды, анын колдоосу керек, ошон үчүн бир чокуну берип коюу туура эле болоттур?

Б. Жумабаев: Ооба, мүмкүн туура эле болоттур. Мисалы Ельциндин мезгилинде кыргыз-славян университетке анын атын бердик, орус менен дос болобуз деп. Эртең Путин деле кетет, анан башкасына да бериш керек болот. Кыргыздын айкөлдүгү чексиз, бирок айкөлдүктөн улам ушундай итке минип отурбайбызбы. Жерибизди да берсек, чек араны да берсек, эми чокуну да берсек, өзбүбүзгө бир нерсе калыш керекпи? Ошондуктан мен айкөлдүктү анча деле жактыра бербейм.

“Азаттык”: Сизде маалымат барбы, ошол чокулардын түпкү аталыштары болгонбу, же бул аты жок чокуларбы?

Б. Жумабаев: Мен мисалы Чоң-Алайдан болом. Ал жакта Ленин чокусу деген бар. Ал Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бири. Ошол чокунун өз аты Жел-Айдар эле экен. Ушул сыяктуу эле кыргыздын ар бир чокусунун өзүнүн аты бар. Ошол жергиликтүү элден сураса эле чыгат, кыргыздар баарын эле ага чейин атап койгон.
Газды арзандаткан президенттин атын чокуга бере берсек кыргыздын чокусу калбайт го.


Баарына эле ат берип атабыз, эми өздөрүнүн түпкү ат калса эле жакшы болмок. Мисалы Памир Алай тоолорунда Жел-Айдар деген чоку турат. Өзүнүн аты деле сонун ат. Убагында ага Ленин чокусу деп ат берген экенбиз, ал кезде эң улуу нерселердин баарын Ленинге берген экенбиз да. Мына бүгүн Путинге берсек, эртең Медведевге бергенге туура келет. Анан газды арзандатса Каримовго да бериш керек болот. Бул жерде кыргыздын жерин, атын берүүдө соодалашуу болбошу керек да.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстанда деле атын чокуга ыйгарууга татыктуу инсандар бар деп айттыңыз. Мисалы кимди атай аласыз?

Б. Жумабаев: Мисалы биз азыр Исхак Раззаковго Кыргыз эл баатыры деген наам берип жатабыз. Ага мындай наамдын такыр кереги жок. Анын ысымы бул наамдан да жогору турат. Ага ушундай өлбөс-өчпөс бийик нерселерди берсек жакшы болмок. Эң бийик чокуга И. Раззаковдун аты ыйгарылса болмок.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG