Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Жумгалдагы окуучунун өлүмү териштирилүүдө


Нарындагы мектептердин бири
Нарындагы мектептердин бири

Нарын облустук милициясы Жумгалда окуучунун өлүмүнө калайман мушташ себеп болгон деген маалыматты төгүндөп жатат.

Аталган мекемеден «Азаттыкка» кабарлашкандай, 19-сентябрда Жумгалдын Көк-Ой айылындагы орто мектепте 11-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун мектепке ак көйнөк кийип келбегени үчүн төшкө чаап жиберген. Тийген соккудан ал ошол жерден мерт кеткен.

Ал эми жергиликтүү тургундар мектеп рэкетчилиги айылда мурдатан эле болуп келгенин жана мушташтын негизги себеби салыктын айынан болгонун айтып жатышат.

Окуя ишемби күнү түшкө маал болгон. Айрым маалымат каражаттары 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын балдарын мектептин жертөлөсүнө алып кирип "салык" салганын, анда Таалайбек уулу Жайылбек 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти жүрөк тушуна катуу урганын, ал ошол соккудан үзүлгөнүн жазып чыгышкан болчу.

Бирок мерт болгон баланы түртүп жиберген деп айыпталып жаткан Жайылбектин атасы Таалайбек менен сүйлөшкөнүбүздө ал баласын мындайчы мүнөздөдү:

- Балам мектептин активисти. Күндөгүдөй эле сабакка жибергем. Азыр эч нерсе деп айта албайм. Анткени каза болгон баланы экспертизага жиберишти. Бардыгын милиция тактап жатат.

Окуя боюнча мектептин директору Гүлнара Атантаева менен байланышканыбызда учурда ооруп жатканын, эч нерсе айта албасын билдирди.

Ал эми айыл тургуну Айбек Мамытбеков мектеп рэкетчилиги айылда мурда эле болуп келгенин белгиледи. Бул мурунтан эле чечилбей келаткан маселе экендигин айтып, ата энелер менен иштешпеген мектеп жетекчилигин күнөөлөдү.

- "Эмнеге ак көйнөк кийип келбейсиң" деп, балдар жертөлөгө киргизмек эле. Бул жерде ачык эле көрүнүп жатпайбы. Негизи чоңу кичинесине "салык" салмай биздин айылда мурдатан эле болуп келген. Буга каршы мугалимдер, мектеп жетекчилиги жапырт күрөшүүсү керек болчу. Ата-энелер менен иштешпейт. Муну азыр тыйбаса мындай окуялар дагы да боло бериши мүмкүн.

Милиция 11-класстын окуучусу мектеп парламентине маданият министри болуп шайланганын айтып, буга чейин ал одоно тартип бузууга барбаганын ырастоодо. Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султангазиева "Азаттыкка" мындай деди.

- 11-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун ак көйнөк кийип келбейсиң деп түртүп жиберген. Ал окуучу ошол жерден бир мүнөт өтпөй каза болгон. Окуя болгон жерге облустук ички иштер бөлүмүнүн жана прокуратуранын кызматкерлери текшерүүгө барган. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен дагы маалыматтар айтылат.

Мерт болгон Жекшенбек уулу Эркинбектин атасы мындан бир жыл мурда оорудан улам каза болгон. Апасы жети баланы жалгыз тарбиялап келатат. Учурда окуучунун өлүмүнө байланыштуу эч кимге кылмыш иши козголо элек.

Айрым адистер мектеп рэкетчилиги күндөн күнгө күчөп баратканын белгилешет. Жакында эле Бишкекте да 10-11-классынын окуучулары мушташып, үчөө бычак жеп, ооруканага жаткан эле.

XS
SM
MD
LG