Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Нарын дарыясын булгаган касапкана


Нарын дарыясынын жээги
Нарын дарыясынын жээги

Нарын шаарынын тургундары дарыянын жээгине салынган касапканада союлган малдын кан-жини бир жылдан бери дарыяга кошулуп жаткандыгын айтышууда.

Касапкана ээси канды төкчү септиктин түтүктөрү жарылып калганына байланыштуу ушундай жагдай түзүлүп калды деп ишендирүүдө.

Нарын дарыясынын так жээгинде жайгашкан бул касапкананын иштей баштаганына бир жылдай болгон. Короосунун алдында коюн союуга жетелеп келген кардарлардын башы таң эрте башталып, аягы көз байланганга чейин үзүлбөйт. Бул жерде күнүгө 100-150 кой-эчкиге чейин мууздалат..

Касапкананын короосунун алдында кажы-кужу иш жүргөнү менен кызыктын баарын артынан көрүүгө болот. Жоондугу билектей болгон түтүкчөдөн малдын кан-жини тынбай агып дарыянын үстү кызыл канга боёлуп турат. Анда-санда койдун ичеги- карыны, боор-өпкөсү да дарыядан калкып чыга түшөт. Бул - касапкананын бир күндүк эле көрүнүшү. Анын ээси Туратбек Сулаймановго жолукканыбызда мындай деди:

- Негизи касапканада беш метрлик кудуктар бар. Анан ага кеткен түтүк жарылып, убактылуу түтүкчө чыгарып койгонбуз. Кырсык болуп кетти да, бул бүгүн эле ушундай болбосо, Нарын сууга тамчы кан кошулбайт. Кардарлар көп болгондуктан алардын суранычы менен гана убактылуу иштетип атабыз. Эки күндөн кийин бардыгын ордуна алып келебиз.

Ал эми бул касапканага кошуна жашаган Таалай Мамашов Нарын дарыясына кандын төгүлүп жатканы көнүмүш экенин айтууда. Ал касапкана ачылгандан бери эле ушундай көрүнүш болуп жатканын белгилеп, жайкысын малдын канына келген чымын-чиркейдин көптүгүнөн үйгө кире албай калган учурлар көп болот деди:

- Огородго кичине картошка, сабиз айдагам. Дарыядан насос менен суу алабыз. Анан сугарганда канга боёлуп, аябай тоскоол болот. Жайкысын чымын-чиркейди айтпай эле кой. Жагымсыз, сасык жыт үйдүн ичине чейин урат. Кой сойдургандар шыйрактарын алып кетишпейт экен. Айлананын баары ит, короонун тегерек-чертинде шыйрактар жатат.

Бул касапкананын санитардык абалын текшерүүгө Нарын облустук санитардык-эпидемиялык станциядан бир күн мурда келишкен экен. Бирок касапкананын ээси жок болгондугуна байланыштуу эч кандай аракеттер болбогонун аталган станциянын дарыгери Анипа Борукчиева ырастады:

- Биз барганда септиги, тазалоочу жайлары бүт курулуптур, бирок Нарын сууга аккан түтүкчөсү жок экен. Дарыянын жээгинде ичегилердин үзүндүлөрү жатат. Бирок биз алып барып төгүп атканын көргөн жокпуз. Бул боюнча экология кызматкерлери жооп бериши керек. Биз андан кийин барган жокпуз.

Ал эми Нарын облустук экологиялык-техникалык инспекциянын экология боюнча адиси Абдыбек Төрөбаевге кайрылганыбызда ал жоопкерчиликти ветеринар адистерине жүктөдү.

- Касапканаларды көзөмөл кылуучу ветеринардык жана фитосанитардык башкармалык бар. Алар тиешелүү уруксат кагаздарын берип, касапкананын ишмердүүлүгү менен иштеши керек. Ал эми Нарын дарыясына куйган кан-жин 10-15 метрден кийин суунун агымы менен тазаланып кетет. Албетте, мунун экологияга терс таасири тийүүдө. Биз ал касапканага барып айып салганбыз.

Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Тазабек Мамыров өзүмбилемдик менен талапка жооп бербей турган касапканалардын ишмердүүлүгүн токтотууга аракеттер болгонун айтты:

- Биз Нарын суусун жээгинде жайгашкан касапканага бир канча жолу текшерип барып, бир канча жолу көрсөтмө берип убактылуу жапканбыз. Бирок, тилекке каршы, кайра эле суранып ачып алат. Эми документтери бүтүп калды. Ал касапкананы күн сайын текшерип бара албайбыз. Биз текшерип барганда, чынында аны көргөн эмеспиз. Мына бул чуңкурга түшүп атат деп көрсөткөн, ал чуңкурдан тазаланып, анан сууга кошулат. Биздин бөлүм ошол жерден союлган малдын саламаттыгын гана текшеребиз, ал эми дарыяга кошулуп жаткан кан-жиндер экология боюнча экотехинспекция жооп бериши керек.

Ошентип көзөмөл жүргүзө турган тиешелүү мекемелер бири-бирине түртүп, жоопкерчиликтен качып жаткандай түр көрсөттү. Нарында мал союла турган чакан беш касапкана бар. Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык бөлүмүнүн билдиришинче, алардын бирөөнүн гана документтери жайында. Калганы аке-жакелеп, тааныш-билиштер менен ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандар.

XS
SM
MD
LG