Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ош: үйлүү болгон күч кызматкерлери


Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев (оңдо) батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда. 15-март, 2016-жыл
Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев (оңдо) батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда. 15-март, 2016-жыл

Ошто 206 батир күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. Бул 206 батир 2010-жылдагы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак жайлардан арткан үйлөр.

Айрымдар батирлер көбүнчө муктаж эместерге таратылып кеткенин айтышса, кээлери үйлөрдүн 27-мартка белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында таратылып жатканын үгүт катары баалашты.

40 жылдык эмгек бааланып...

Укук коргоо тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенген Абдилализ Мамаев бүгүн менчик үйгө ээ болду. Анын ушунча жыл батирде эки уулу, неберелери менен тыгылып жашап, кыйынчылыкка карабай иштеген мээнетинин акыбети кайткандай:

- Албетте күч тармагында иштөө татаал, түйшүктүү экенин билсе да, коомдук тартипти, мамлекеттик коопсуздугун сактоону маанилүү деп санаган ата-энелер балдарын ушул тармакта окутуп, иштетет. Мен да ошолор сыяктуу эле укук коргоо тармагын тандап, иштеп келатам. Бул кесипте канчалык оош-кыйышы болсо да чыдап, иштеп келаткандыктан, акыр аягында мамлекет бизди баалап, үй берип атат. Өзүмдүн айлыгым менен мындай үй алышым, албетте, аябай кыйын нерсе, ошону үчүн ала албай келгем. Азыр үйлөрдү катардагы кызматкерлер, кызмат учурунда каза болуп калгандардын аялдары, үйгө муктаж жарандар биринчи кезекте алып жатат.

Күч түзүмдөрүнө деп аталган 206 батир 2010-жылкы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак жайлардан бөлүнүп берилди. Анын ичинен Ички иштер министрлигине 60, Коргоо министрлигине 33, Чек ара кызматына 33, УКМКга 30 жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 15, Жаза аткаруу кызматына 11, Маңзатка каршы күрөшүү мекемесине 10 жана Улуттук гвардиянын кызматкерлерине 14 батир бөлүштүрүлдү.

Мамлекеттин бул колдоосу күч кызматкерлерине берилген дем, кубат экенин Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков атайын үй берүү салтанатында билдирди:

- Үйлүү болуу ар бир адам үчүн чоң бакыт, өзгөчө окуя. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин билесиздер, көчүп конуп, батирден батирге барып, баш калкалап жүрөбүз. Ички иштер органдары үч жыл мурда 73 батир алдык эле, мына бүгүн 60 батир алып атабыз. Ушунун баарын президенттин бизге болгон колдоосу катары кабыл алабыз жана мындан ары да кудум ушундай жакшы колдоо болуп турат деп ишенебиз. Бул салтанаттуу күн милициянын демине дем, күчүнө күч кошот. Кылмышка каршы күрөшүүдө, элдердин бейпилдигин, тынчтыгын, коопсуздугун сактоодо бул ишеничти биз жогорку даражада актайбыз.

Саясат издөөгө негиз жок

Укук коргоо кызматкерлерине үйдү тапшыруу 27-марттагы Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында өтүп жатканы айрым түкшүмөлдөрдү жаратты. Кээлери аны бийликчил партияларга карата үгүт катары да кабылдап жиберишти. Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев муну четке какты:

- Бул президентибиз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен берилип жаткан үй. Бул буга чейин, 7-8 ай мурда чечилген маселе. Ошого мунун эртеңки Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна эч кандай тиешеси жок. Эгер биз муну шайлоого байланыштыргыбыз келсе, былтыр парламенттик шайлоонун алдында беришибиз керек эле. Ошону үчүн муну саясий үгүт иштери менен байланыштырбоого чакырат элем.

Жаңы батир ээлери калаадагы эң бийик 16 кабаттуу үйгө жана дагы бир нече көп кабаттуу үйгө жайгаштырылды. Бийликтердин айтымында, бул батирлер алгач кызматтык турак жай катары берилет. Кийинчерээк ар бир үй ээсинин менчигине толугу менен өтөт. Айтмамат Кадырбаев:

- Эгерде биз өзүбүздүн күч кызматтарыбызга татыктуу көз сала албасак, ушуларга татыктуу көңүл бура албасак, анда бөлөк өлкөнүн күч органдарын багууга туура келип калат. Ошону үчүн бул аракет түздөн-түз биздин күч кызматтарын колдоого арналган иш-чара. Аларды колдоо дагы да уланат. Президентибиздин демилгеси менен быйылкы жылы Ош шаарына дагы 223 батир атайын укук коргоо кызматкерлерине арналып салынат. Ал эми үйлөрдү бөлүштүрүүнү биз органдардын өздөрүнө тапшырдык, ага мэрия аралашкан жок. Тийиштүү мекемелердин жетекчилери, комиссиясы атайын муктаж кызматкерлерге үйдү берип жатат.

Үйсүздөр батирден куру калдыбы?

Деген менен күч кызматтарынын ичинде батирлерди бөлүштүрүүдө коррупция болду дегендер да четтен чыгат. Пенсияга чыкканына карабай, аталган тармакта иштеген Таштан Түкүев буларга токтолду:

- Мэрия үйдү тиги органдарга өткөрүп койду, туура, аларда айып жок. Бирок ошол эле күч кызматтарынын өздөрүнүн ичинде үй бөлүштүрүү тааныштык, коррупция менен коштолуп жатат. Ош шаарындагы күч кызматтарына мурда берилген үй да кудум ушундай бөлүнгөн. Бул жолкусу да реалдуу, акыйкат бөлүштүрүлгөн жок. Үйдү алгандар жалаң бир бөлүмдүн башчылары, жетекчилери, чоңдору. Эмне үчүн катардагы кызматкерлер үй алган жок, эмне үчүн жөнөкөй иштермандарга үй берилген жок? Майыптыгы бар, же көп жыл ушул тармакта иштесе да, үй турмак үтүгү жоктор калып кетип эле, катар-катар үйлөрү бар адамдар жаңы батирге кирип кетишти. Муктаждар үй албай калды.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы коогалаңдан кийин 1371 батир курган. Анын 633ү жабырлануучуларга, 326сы күч түзүмдөрүнө, 45и көрүүсү жана угуусу начарларга акысыз таратылган. Мекемелерге ипотека аркылуу сатыкка коюлган дагы 278 батир жакынкы күндөрү берилери айтылды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG